42-статья. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоо жана
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
иммунопрофилактикалоо жаатындагы мамлекеттик саясат
1. Диагностикалоо жана иммунопрофилактикалоо жаатындагы мамлекет-
тик саясат жаныбарлардын инфекциялык ооруларын өз учурунда диагностика- лоого, чыгышынын алдын алууга, таралышын чектөөгө жана жоюуга багыттал- ган.
2. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоо жана имму-
нопрофилактикалоо жаатында мамлекет төмөнкүлөрдү кепилдикке алат:
- юридикалык жактар, жекече ишкерлер жана жарандар - жаныбарлардын
ээлери үчүн диагностикалык изилдөөлөрдүн жана профилактикалык эмдөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн;
- ветеринария маселелерин тейлеген республикалык органдын сунушта-
масы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү жаны- барлардын ооруларынын, диагностикалык изилдөөлөрдүн, буларга каршы, ал- дын алуу үчүн акысыз жүргүзүлүүчү эмдөөлөрдүн тизмегине киргизилген (мындар ары - Тизмек) диагностикалык изилдөөлөрдү, өтө коркунучтуу ин- фекциялык ооруларга каршы алдын алуучу эмдөөлөрдү акысыз жүргүзүүнү;
- жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоо жана имму-
нопрфилактикалоо жаатында улуттук максаттуу программаларды иштеп чыгуу- ну жана ишке ашырууну;
- диагностикалоону жана иммунопрофилактиканы ишке ашыруу үчүн на-
тыйжалуу диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дармектерди пайда- ланууну;
- ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-
мектердин сапатын, натыйжалуулугун жана коопсуздугуна мамлекеттик конт- роль жүргүзүүнү;
- вакцинадан кийин оору күчөп кеткен учурда жаныбарлардын ээлерин
социалдык жактан коргоону;
- ветеринариялык диагностикалык жана иммунобиологиялык дары-дар-
мектерди жасаган ата мекендик өндүрүүчүлөр колдоо көрсөтүүнү.
3. Жаныбарлардын инфекциялык ооруларын диагностикалоо жана имму-
нопрфилактикалоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын Кыр- гыз Республикасынын Өкмөтү, ветеринария маселесин тейлеген аткаруу бий- лик органы жака жер-жерлердеги аткаруу бийлик органдары камсыз кылышат.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-42" title="42-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>