34-статья. Карантиндик иш-чаралар
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
1. Жаныбарлардын өтө коркунучтуу ылањдарынын очоктору пайда болгон
учурда алардын таралуу коркунучун болтурбоо максатында тиешелүү аймак- тардын мамлекеттик башкы ветеринариялык инспекторунун сунуштамасы боюн- ча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик админист- рациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен ка- рантин белгиленет.
2. Областтардын, райондордун, шаарлардын, калктуу конуштардын,
чарбалык иштин объекттеринин аймагына жана Кыргыз Республикасынын мам- лекеттик чегарасы аркылуу өткөрүү пункттарында карантин жарыялоо же алып салуу тартиби, карантиндин шарттары жана чектөөчү ветеринардык-са- нитардык иш-чараларды жүргүзүү, жаныбарлардын өтө коркунучтуу жугуштуу ылањдары пайда болгондо карантин белгиленгендеги ошол ылањдардын тизме- ги, жаныбарларды бөлүп кетүү (союу), жаныбарлардан алынган азыктарды алып коюу Кыргыз Республикасынын ветеринариялык эрежелери жана дагы башка ченемдик-укуктук актылары менен аныкталат.
3. Юридикалык жактар, жеке ишкерлер, жарандар оорунун таралышын
болтурбоо максатында жаныбарларды бөлүп кетүүнүн (союунун) же жаныбар- лардан алынган азыктарды алып коюунун натыйжасында аларга келтирилген зыяндын ордун толтуртууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте укуктуу.
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-34" title="34-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>