33-статья. Жаныбарлардан, өсүмдүктөрдөн алынган азыктарды жана
Күчүн жоготкон · 30.12.2014 редакциясы · 3-БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 декабря 2014 года № 175.
жаныбарларды базарларда сатууну уюштурууга карата ветеринардык-санитардык талаптар
1. Дүњ, чекене азык-түлүк соодасын ишке ашырууда жана жаныбарлар-
дан, өсүмдүктөрдөн алынган азыктарды жана жаныбарларды базарларда сату- уда жаныбарлардын, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулар- дын чыгышынын жана таралышынын алдын алуу жана тамак-аштан ууланууларды болтурбоо максатында ветеринариялык эрежелер сакталууга тийиш.
2. Жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган сапаттуу жана коопсуз
(зыянсыз) азыктарды жана дени таза жаныбарларды сатууга жол берилет, ал азыктарды ветеринардык-санитардык экспертизалоонун жана жаныбарларды кароонун (текшерүүнүн) натыйжалары менен ырасталышы жана тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган ветеринардык-санитардык корутундулар менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
3. Ветеринариялык эрежелердин аткарылышына контроль жүргүзүү,
азыктарга ветеринардык-санитардык экспертизаны жана жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган сатып өткөрүлүүчү азыктардын коопсуздугун камсыз кылуучу дагы башка иш-чараларды жүргүзүү үчүн базарларда адистештирил- ген мамлекеттик ветеринардык-санитардык лабораториялар түзүлүүгө тийиш. Мындай лабораторияларды куруу базарларды долбоорлоодо каралышы керек. Лабораториясы жок базарларды ачууга тыюу салынат. Лабораториянын иштери мамлекеттик ветеринарияны башкаруунун республикалык органы тарабынан бекитилүүчү ал жөнүндөгү жобого ылайык ишке ашырылат.
VI глава Жаныбарлардын өтө корконучтуу, анын ичинде адам жана жаныбарлар үчүн жалпы оорулардын пайда болушунан жана таралышынан жана тамак-аштан уулануудан коргоону камсыз кылуу
Берененин тексти 30.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1658/st-33" title="33-статья - Ветеринария жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>