КР Өкмөтүнүн токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формаларын, жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формаларын (сүрөттөмөлөрүн жана үлгүлөрүн) жана аларды толтуруу тартибин, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формаларын бекитүү жөнүндө
Жарандык абалдын актыларын каттоонун автоматташтырылган маалыматтык системаларын киргизүү, калкка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу арыздардын бланктарынын формалары 1-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарынын формалары, 2-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын формалары (сүрөттөмөлөрү жана үлгүлөрү), 3-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо фактыларын ырастаган документтердин бланктарынын формалары, 4-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын жазуу бланктарын толтуруу тартиби, 5-тиркемеге ылайык;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын толтуруу тартиби, 6-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин алкагында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарынын жаңы формаларын легалдаштыруу жол-жоболорун жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 436 “Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу, аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын, атын, атасынын атын өзгөртүү тууралуу гербдүү күбөлүктөрдүн үлгүлөрүн бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр С.Ш.Жээнбеков
Тиркемелер
Тиркеме 1
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-сентябрындагы № 436 "Төрөлүү, никеге туруу, никени бузуу, бала (кыз) асырап алуу, аталыкты аныктоо, өлгөндүгү жөнүндө, фамилиясын…Постановление · 15.09.2005 · № 436 · Күчүн жоготкон
- Жарандык абалдын актылары жөнүндөЗакон · 12.04.2005 · № 60 · Күчүн жоготкон