27-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдарга жардам көрсөтүү
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8
1. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдарга жардам көрсөткөн учурда баланын артыкчылыктуу таламдарына жана баланын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясына ылайык бардык чаралар көрүлүүгө тийиш.
2. Эгерде адамдарды сатуунун курмандыктары болгон бала жөнүндө маалымат аларга келип түшсө, ыйгарым укуктуу орган, башпаанек жана борборлор Кыргыз Республикасынын балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык баланын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо максатында балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча органдарга дароо билдирүүгө милдеттүү.
3. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдарды башпаанекке жайгаштырган учурда алар өзүнөн улуулардан бөлөк жайгаштырылууга тийиш.
4. Башпаанекке жайгаштырылган адамдарды сатуунун курмандыктарынан болгон балдар "Билим берүү жөнүндө" Мыйзамга ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарына баруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз болушат.
5. Эгерде адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдар ата-энесинин көзөмөлсүз калса, же өз үй-бүлөсү кайда экенин билбесе, баланын үй-бүлөсүн издеп табуу, болбосо Кыргыз Республикасынын балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу боюнча чаралар көрүлөт.
(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"
- Закон КР от 18 ноября 2011 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-27" title="27-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>