Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
Күчүндө · 23.01.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөндөгүдөй маанилерде колдонулат: тартуу - кандайдыр бир жумуштарды аткаруу үчүн адамдарды жалдоо, топтоо, аларды кандайдыр бир ишке тартуу, анын ичинде укукка каршы ишке, кандайдыр бир уюмдун, анын ичинде мыйзамда тыюу салынган уюмдун курамына киргизүү; (абзац КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (абзац КР 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) адамдарды сатуунун курмандыктары - тартууга, ташып жеткирүүгө, өткөрүп берүүгө, сатууга же адамдарды сатуу менен байланышкан дагы башка иш-аракеттерге ошол адамдын макулдугу бар - жогуна карабастан, адамдарды сатуудан жапа чеккен адам; адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоо - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген критерийлердин негизинде адамдарды сатуунун курмандыктарына адамдарды кошуу эрежелери; адамдарды сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизми - бул адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам берүүгө жана аларды коргоого багытталган мамлекеттик органдардын, коммерциялык эмес уюмдардын, ошондой эле адистештирилген мекемелердин иш-аракеттеринин жыйындысы; мажбурлоочу же милдеттүү эмгек (мажбурлоо эмгеги) - Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана эмгек мыйзамдарында аныкталган учурлардан тышкары, аткаруу үчүн ал адам өз кызматын ыктыярдуу сунуштабаган, кандайдыр бир жазалоо коркунучу алдында адамдан талап кылынган кандай болбосун иш (кызмат көрсөтүү) же кызмат; кулчулук - адамдын менчик укугуна таандык айрым же бардык укуктары жүзөгө ашырылуучу ал-акыбалы же абалы; адамдарды сатуу - анын макулдугу менен же макулдугусуз коркутуу, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн колдонуу, шантаж, уурдоо, алдамчылык, алдоо, бийликти же абалдын алсыздыгын кыянаттык менен пайдалануу жолу менен, же болбосо эксплуатациялоо максатында аны контролдоочу адамдын макулдугун алуу үчүн төлөм же пайда сунуштоо жолу менен азгырма жалдоо, ташуу, жашыруу, алуу, кабыл алуу же адамды өткөрүп берүү; адамдарды сатуучу адам - өзалдынча же адамдардын тобунда адамдарды сатууга байланышкан кандай иш болбосун жасаган жеке же юридикалык жак, ошондой эле өзүнүн иш-аракеттери менен адамдарды сатууга көмөктөшкөн, ага тете кызматтык ыйгарым укуктарынан улам милдеттүү жасоого тийиш болсо да буга тоскоолдук кылбаган же каршы турбаган кызмат адамы; башпаанек - ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн жана адамдарды сатуунун курмандыктарынын убактылуу жашап турушуна арналган, адамдарды сатууга каршы иш-аракет боюнча ишти жүзөгө ашыруучу атайын мекеме; борбор - ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн жана адамдарды сатуунун курмандыктарына консультациялык, юридикалык, социалдык жактан жардам берүүгө арналган, адамдарды сатууга каршы иш-аракет боюнча ишти жүзөгө ашыруучу атайын мекеме; эзип иштетүү - адамды кылмыш ишине тартуу; адамды сойкулукка же сексуалдык иштин дагы башка түрлөрүнө, зордогон эмгекке же кызмат көрсөтүүлөргө, кулчулукка же кулчулукка окшош каада-салттарга мажбурлоо, коммерциялык максаттарга асырап алуу, куралдуу жаңжалдарга пайдалануу; адамдарды сатууга каршы күрөшүү - адамдарды сатууну алдын алууга, табууга, болтурбоого, адамдарды сатуунун кесепеттерин минималдаштырууга жана адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси; адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралар; адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү - адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдарды медициналык, психологиялык, социалдык, укуктук, маалыматтык жана башка жактан колдоого алууну камтыган иш-чаралар. Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр, атап айтканда, "адамдарды сатуунун курмандыктары" жана "адамдарды сатуучу" кандай гана негизде болбосун басмырлоочу болуп саналбагандай түрдө чечмеленет жана колдонулат. Бул түшүнүктөрдү чечмелөө жана колдонуу эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине ылайык жүзөгө ашырылат. (КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 218, 2018-жылдын 11-январындагы N 2, 2023-жылдын 24-январындагы № 8 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- ЗАКОН Кыргызской Республики от 24 января 2023 года № 8 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"
- Закон КР от 11 января 2018 года № 2 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 ноября 2011 года № 218 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О предупреждении и борьбе с торговлей людьми" "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-апрелиндеги № 240 "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 25.04.2017 · № 240 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №171 ""Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 25.03.2010 · № 171 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 8-апрелиндеги №147 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз…Постановление · 08.04.2011 · № 147 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 24.01.2023 · № 8
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1650/st-1" title="1-статья - Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>