Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө», «Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-08.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 8-апрели №147 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө", "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу";
- "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө";
- "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө";
- "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу".
2. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек ишке орноштуруу жана миграция министри аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 66-2-берененин экинчи абзацындагы "кырктан элүүгө чейинки" деген сөздөр "жүздөн жүз элүүгө чейин", "жүздөн жүз элүүгө чейинки" деген сөздөр "төрт жүздөн беш жүзгө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 75-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "75-берене. Чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат берүүнүн тартибин бузуу"; биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартууга уруксат берүүнүн тартибин бузуу -".
3. 75-1-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "75-1-берене. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу"; 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Иш берүүчүнүн Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчтү тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу -".
4. 76-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "76-берене. Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен сыртта ишке орношуусуна уруксат берүү тартибин бузуу"; биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын жарандарынын анын чегинен сыртта ишке орношуусуна уруксат берүү тартибин бузушу -".
5. 77-беренеде:
биринчи абзацтагы "лицензиясыз" жана "лицензияда" деген сөздөр "уруксатсыз" жана "уруксатта" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацы "жарандарга ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөрдөн мурда "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген уруксаттан ажыратуу менен," деген сөздөр менен толукталсын.
6. 367-берененин экинчи абзацындагы "бирден эки өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 389-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына - жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөр "жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына - элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтө" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 389-1-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 389-2-беренеде:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.". 2-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "бирден үчкө чейинки" деген сөздөр "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 391-1-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Эл аралык ташууларды ишке ашыруучу транспорттук же башка уюмдун кызматкеринин жасаган ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле иштери - ондон жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан жеке иштери боюнча өткөн адам адамдардын транспорт каражатына мыйзамсыз түшүп алышын болтурбоо боюнча чара көрбөсө жана анын натыйжасында бир же бир нече эреже бузуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтсө же мыйзамсыз өтүүгө аракет кылышса, - бештен онго чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 66-2-статья. Баланы асырап алуу, аны камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багып алуучу үй-бүлөгө берүү боюнча мыйзамсыз аракеттер Баланы уул кылып (кыз кылып) багып алуу, аны камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) берүү же багып алуучу үй-бүлөгө берүү боюнча мыйзамсыз деп саналган аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, - жарандарга ондон жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, кызмат адамдарына - кырктан элүүгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, юридикалык жактарга - жүздөн жүз элүүгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет. | 66-2-статья. Уулду (кызды) асыроо, аны камкордукка алуу же багып алган үй-бүлөгө өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уулду (кызды) асыроо, аны камкордукка алуу же багып алган үй-бүлөгө өткөрүп берүү боюнча мыйзамсыз болуп саналган аракеттер, - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - [элүүдөн жүзгө чейин], юридикалык жактарга - [төрт жүздөн беш жүзгө] чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга жатат. |
| 75-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жумушчу күчүн ишке тартууга (жумушка кабыл алууга) лицензия берүүнүн тартибин бузуу Юридикалык жактардын чет өлкөлүк жарандардын жумушчу күчүн ишке тартууга (жумушка кабыл алууга) лицензия берүүнүн тартибин бузушу, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отуз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. | 75-статья. [Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатты берүү тартибин бузуу] ["Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга уруксатты берүү тартибин бузуу -] кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отузга чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. |
| 75-1-статья. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарды жумушчу күчүнө тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандарды жумушчу күчүнө тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу, - иш берүүчүнүн кызмат адамына (ыйгарым укуктуу адамга) жыйырмадан элүүгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө, юридикалык жактарга - эки жүздөн үч жүзгө чейинки эмгек акынын өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. | 75-1-статья. [Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу] [Жумуш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу -] иш берүүчүнүн кызмат адамдарына (ыйгарым укуктуу адам) жумуш берүүчүгө - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан элүүгө чейин, юридикалык жактарга - эки жүздөн үч жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. |
| 76-статья. Жумушчу күчүн экспорттоого лицензия берүүнүн тартибин бузуу Юридикалык жактар жумушчу күчүн экспорттоого лицензия берүүнүн тартибин бузушу, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. | 76-статья. [Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга уруксат берүү тартибин бузуу] [Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары ишке орноштурууга уруксат берүү тартибин бузуу -] кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн отуздан элүүгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. |
| 77-статья. Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз иш Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө лицензиясыз же лицензияда каралган шарттарды бузуу менен ишке орноштуруу боюнча иштин жүзөгө ашырылышы, - жарандарга ондон жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - үч жүздөн жети жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. | 77-статья. Жарандарды ишке орноштуруу боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын жарандарын уруксатсыз же [уруксатта] каралган шарттарды бузуу менен чет өлкөдө ишке орноштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруу - [Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген уруксаттан ажыратуу менен] жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейин, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн үч жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. |
| 367-статья. Жашы жетпегендерди жосунсуз иштерге тартуу Жашы жетпегендерди кайырчылыкка, спирт ичимдиктерин ичүүгө, баңги же психиканы бузуучу зат болбогону менен, интеллектуалдык-эрктүүлүк сапаттарына таасир берүүчү заттарды же каражаттарды колдонууга тартуу - эсептешүү көрсөткүчүнүн бирден эки өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. | 367-статья. Жашы жете электин социалдык жосунсуз иштерге тартуу Жашы жетпегендерди кайырчылыкка, спирт ичимдиктерин ичүүгө, баңги же психиканы бузуучу зат болбогону менен, интеллектуалдык-эрктүүлүк сапаттарына таасир берүүчү заттарды же каражаттарды колдонууга тартуу - эсептешүү көрсөткүчүнүн [ондон жыйырмага чейин] администрациялык айып салууга алып келет. |
| 389-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу Адамдар жана (же) транспорт каражаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартибинин бузулушу же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мамлекеттик чек арадан өткөрүү пунктуна чейин жана кайра кайтуу багытында ушундай адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын жүрүү тартибин бузушу, - жарандарга - онго чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. | 389-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын режимин бузуу Адамдар жана (же) транспорт каражаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тартибинин бузулушу же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан мамлекеттик чек арадан өткөрүү пунктуна чейин жана кайра кайтуу багытында ушундай адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын жүрүү тартибин бузушу, - жарандарга - [жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө, кызмат адамдарына элүүгө чейинки эсептик көрсөткүчтө] администрациялык айып салууга алып келет. |
| 389-1-статья. Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек ара режимин бузуу Чек ара зонасына кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде барып келүү эрежелерин адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын бузушу, - эскертүүгө же бирден бешке чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. | 389-1-статья. Чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде чек ара режимин бузуу Чек ара зонасына кирүү (өтүү), убактылуу болуу, жашоо, чек ара зонасында жана чек ара тилкесинде барып келүү эрежелерин адамдардын жана (же) транспорт каражаттарынын бузушу, - [ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.] |
| 389-2-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу, - эскертүүгө же бирден үчкө чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул эле аракеттер чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалганда, - Кыргыз Республикасынын аймагынан администрациялык чыгарып салуу менен же анысы жок бирден үчкө чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. | 389-2-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу, - [ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет.] Ушул эле аракеттер чет элдик жарандар же жарандыгы жок адамдар тарабынан жасалганда, - Кыргыз Республикасынын аймагынан администрациялык чыгарып салуу менен же анысы жок [ондон жыйырмага чейинки] эсептик көрсөткүчтө администрациялык айып салууга алып келет. |
| 391-1-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды мыйзамсыз ташуу же Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз чыгып кетиши Эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу транспорттук же дагы башка уюм тарабынан бир же бир нече укук бузуучунун Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылышына алып келүүчү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүшүнө же мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылышына алып келген адамдардын транспорт каражатына мыйзамсыз түшүп алышын жана аны мыйзамсыз чыгып кетишине пайдаланышын четтетүү боюнча чараларды көрбөй коюшу, - юридикалык жактарга эки жүздөн беш жүзгө чейинки эсептешүү көрсөткүчүндө администрациялык айып салууга алып келет. | 391-1-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу адамдарды мыйзамсыз ташуу же Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз чыгып кетиши Адамдардын Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүү үчүн транспорт каражаттарына мыйзамсыз түшүп алышын жана пайдаланышын болтурбоо милдеттерине кирген эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу транспорттук же дагы башка уюм тарабынан чараларды көрбөө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын бир же бир нече укук бузуучулар мыйзамсыз чыгып кетишсе же мыйзамсыз чыгып кетүү аракетин жасашса, - юридикалык жакка эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүздөн беш жүзгө чейин өлчөмдө администрациялык айып салууга алып келет. [Эл аралык ташууну жүзөгө ашыруучу транспорттук кызматкердин же дагы башка уюм тарабынан ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер - ондон жыйырмага чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын жеке иштер менен өткөн адамдын бир же бир нече укук бузуучунун Кыргыз Республикасынан мыйзамсыз чыгып кетүүгө аракет кылышына алып келүүчү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынан мыйзамсыз өтүшүнө же мыйзамсыз өтүп кетүүгө аракет кылышына алып келген адамдардын транспорт каражатына мыйзамсыз түшүп алышын четтетүү боюнча чараларды көрбөй коюшу, - бештен онго чейинки эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.] |
КР эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри
А.Абытов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 124-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо" деген сөздөр алып салынсын, "үч" деген сөз "беш" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 124-статья. Адамдарды сатуу (1) адамдарды сатуу - эксплуатациялоо же болбосо башка пайда табуу максатында адамды жалдоо, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, алуу, өткөрүп берүү, сатып алуу-сатуу же мажбурлоо, шантаж, алдамчылык, алдоо, уурдоо жолу менен жүзөгө ашырылган анын макулдугу менен же макулдугусуз жасалган башка мыйзамсыз бүтүм,- [беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөөгө, же болбосо] мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз үч жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. | 124-статья. Адамдарды сатуу (1) Адамдарды сатуу - эксплуатациялоо же болбосо башка пайда табуу максатында адамды жалдоо, ташып жеткирүү, жаап-жашыруу, алуу, өткөрүп берүү, сатып алуу-сатуу же мажбурлоо, шантаж, алдамчылык, алдоо, уурдоо жолу менен жүзөгө ашырылган анын макулдугу менен же макулдугусуз жасалган башка мыйзамсыз бүтүм,- мүлкүн конфискациялоо менен же ансыз БЕШ жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. |
КР эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри
А.Абытов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 158-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 45-беренин 4-бөлүгү "мамлекеттик мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндөгү" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын жараны болгон уулду (кызды) асырап алуу жөнүндөгү" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 45-статья. Прокурордун процесске катышуусу 4. Прокурор үйдөн чыгарып салуу, ишине кайра коюу жөнүндөгү, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү, мамлекеттик мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндөгү иштерде, ошондой эле башка учурларда өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында чыгып сүйлөйт. Иш карала турган жер жана убактысы жөнүндө кабардар болгон прокурордун келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болуп саналбайт. | 45-статья. Прокурордун процесске катышуусу 4. Прокурор үйдөн чыгарып салуу, ишине кайра коюу жөнүндөгү, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү, мамлекеттик мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндөгү иштерде, [Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган уулду (кызды) асырап алууда], ошондой эле башка учурларда өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында чыгып сүйлөйт. Иш карала турган жер жана убактысы жөнүндө кабардар болгон прокурордун келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болуп саналбайт. |
КР эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри
А.Абытов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 7, 496-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"адамдарды сатууга каршы күрөшүү - адамдарды сатууну болтурбоого, аныктоого, токтотууга, анын кесепеттерин минималдаштырууга багытталган иштердин комплекси жана адамдарды сатуудан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү; адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо - адамдарды сатуудан жапа чеккен адамдын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган иштер; адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү - адамдарды сатуудан жапа чеккен адамдарды медициналык, психологиялык, социалдык, укуктук, маалыматтык жана башка жактан колдоону камтыган иштер;"; тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "адамдарды сатуу - адамды эксплуатациялоо же башка пайда табуу максатында анын макулдугу менен же макулдугусуз, мажбурлоо, коркутуу, алдоо, уурдоо жолу менен ишке ашырылган жалдоо, ташып жеткирүү, жашыруу, алуу, өткөрүп берүү, сатуу-сатып алуу же башка мыйзамсыз бүтүм;".
2. 3-берененин бешинчи абзацы "даяр экендигине карабастан" деген сөздөрдөн кийин "укуктарын толук сактоо менен" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Расмий тилдеги тексттин 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацында "и на этой" деген сөздөрдөн кийин "- на" деген сөз алып салынсын.
4. 7-берененин 1-бөлүгүнүн бешинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин.
5. 9-берененин 9-бөлүгү "даярдоо үчүн" деген сөздөрдөн кийин "кесиптик" деген сөз менен толукталсын, "колдонулуп жаткан гуманитардык" деген сөздөрдөн кийин "жалпы билим берүүчү" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 21-беренеде:
1-бөлүгү "туугандары" деген сөздөн кийин "же мыйзамдуу өкүлдөрү" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүгү "анын жеке өтүнүчү" деген сөздөрдөн кийин "же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча" деген сөздөр менен толукталсын; 4-бөлүгү "жабыр тарткан адамдын" деген сөздөрдөн кийин "же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 23-берененин 1-бөлүгүндөгү "милдеттүү" деген сөз "укуктуу" деген сөзгө алмаштырылсын, "адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү" деген сөздөрдөн кийин "жана адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 27-беренеде:
2-бөлүгүндөгү "камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарына" деген сөздөр "балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча органдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүктөгү "камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу" деген сөздөр "аны жайгаштыруунун түрүн тандоо" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президнети
"Адамдарды сатуунун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөндөгүдөй маанилерде колдонулат: тартуу - кандайдыр бир жумуштарды аткаруу үчүн адамдарды жалдоо, топтоо, аларды кандайдыр бир ишке тартуу, анын ичинде укукка каршы ишке, кандайдыр бир уюмдун, анын ичинде мыйзамда тыюу салынган уюмдун курамына киргизүү; даректүү мамлекет - аймагында адамдарды сатуунун курмандыктарынын күч-кубатын пайдалануу же аларды мажбурлап эмгекке тартуу жүзөгө ашырылган мамлекет; окуя болгон мамлекет - аймагынан сатуунун курмандыктарынан болгон адамдарды алып чыгуу жүзөгө ашырылган, же жарандары адамдарды сатуунун курмандыктары болгон, болбосо аймагында адамдарды сатууну жүзөгө ашырган юридикалык жак иштеген жана (же) катталган, болбосо адамдарды сатууну жаап-жашыруу үчүн кызмат кылган мамлекет; транзит мамлекети - аймагы аркылуу адамдарды сатуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылуучу мамлекет; адамдарды сатуунун курмандыктары - тартууга, ташып жеткирүүгө, өткөрүп берүүгө, сатууга же адамдарды сатуу менен байланышкан дагы башка иш-аракеттерге ошол адамдын макулдугу бар - жогуна карабастан, адамдарды сатуудан жапа чеккен адам; мажбурлоо эмгеги - жазалоо коркунучу менен адам аткарууга ыктыярдуу макул болбогон кандай иш болбосун аткартуу же кызмат көрсөттүрүү; кулчулук - адамдын менчик укугуна таандык айрым же бардык укуктары жүзөгө ашырылуучу ал-акыбалы же абалы; адамдарды сатуу - адамды эзип иштетүү, болбосо пайда табуу максатында мажбурлоо, айлакерлик, алдамчылык, уурдоо жолу менен жүзөгө ашырылган ишке тартуу, ташуу, жашыруу, кабыл алуу, өткөрүп берүү, сатуу же өзүнүн макулдугу менен же макулдугусуз жасалган дагы башка мыйзамсыз бүтүм; | 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылуучу түшүнүктөр төмөндөгүдөй маанилерде колдонулат: [адамдарды сатууга каршы күрөшүү - адамдарды сатууну болтурбоого, аныктоого, токтотууга, анын кесепеттерин минималдаштырууга багытталган иштердин комплекси жана адамдарды сатуудан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү;] тартуу - кандайдыр бир жумуштарды аткаруу үчүн адамдарды жалдоо, топтоо, аларды кандайдыр бир ишке тартуу, анын ичинде укукка каршы ишке, кандайдыр бир уюмдун, анын ичинде мыйзамда тыюу салынган уюмдун курамына киргизүү; даректүү мамлекет - аймагында адамдарды сатуунун курмандыктарынын күч-кубатын пайдалануу же аларды мажбурлап эмгекке тартуу жүзөгө ашырылган мамлекет; окуя болгон мамлекет - аймагынан сатуунун курмандыктарынан болгон адамдарды алып чыгуу жүзөгө ашырылган, же жарандары адамдарды сатуунун курмандыктары болгон, болбосо аймагында адамдарды сатууну жүзөгө ашырган юридикалык жак иштеген жана (же) катталган, болбосо адамдарды сатууну жаап-жашыруу үчүн кызмат кылган мамлекет; транзит мамлекети - аймагы аркылуу адамдарды сатуу боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылуучу мамлекет; адамдарды сатуунун курмандыктары - тартууга, ташып жеткирүүгө, өткөрүп берүүгө, сатууга же адамдарды сатуу менен байланышкан дагы башка иш-аракеттерге ошол адамдын макулдугу бар - жогуна карабастан, адамдарды сатуудан жапа чеккен адам; [адамдарды сатуунун курмандыктарын коргоо - адамдарды сатуудан жапа чеккен адамдын бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө багытталган иштер; адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү - адамдарды сатуудан жапа чеккен адамдарды медициналык, психологиялык, социалдык, укуктук, маалыматтык жана башка жактан колдоону камтыган иштер; мажбурлоо эмгеги - жазалоо коркунучу менен адам аткарууга ыктыярдуу макул болбогон кандай иш болбосун аткартуу же кызмат көрсөттүрүү; кулчулук - адамдын менчик укугуна таандык айрым же бардык укуктары жүзөгө ашырылуучу ал-акыбалы же абалы; адамдарды сатуу - адамды эксплуатациялоо же башка пайда табуу максатында анын макулдугу менен же макулдугусуз, мажбурлоо, коркутуу, алдоо, уурдоо жолу менен ишке ашырылган жалдоо, ташып жеткирүү, жашыруу, алуу, өткөрүп берүү, сатуу-сатып алуу же башка мыйзамсыз бүтүм; |
| 3-статья. Ушул Мыйзамдын негизги принциптери Ушул Мыйзам төмөндөгүдөй принциптерге негизденет: - адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин конституциялык принциптерин кепилдикке алууга; - адамдарды сатууну коомдук коркунучтуу жосун деп таанууга; - адамдарды сатуунун бардык курмандыктарынын укугун коргоого; - адамдарды мыйзамсыз алып кетүүдөн жана сатуудан жабыр тарткан бул адамдардын жүрүм-турумуна же адамдарды сатуучуларга каршы далилдерди берүүгө даяр экендигине карабастан аларды коргоого жана жардам берүүгө; | 3-статья. Ушул Мыйзамдын негизги принциптери Ушул Мыйзам төмөндөгүдөй принциптерге негизденет: - адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин конституциялык принциптерин кепилдикке алууга; - адамдарды сатууну коомдук коркунучтуу жосун деп таанууга; - адамдарды сатуунун бардык курмандыктарынын укугун коргоого; - адамдарды мыйзамсыз алып кетүүдөн жана сатуудан жабыр тарткан бул адамдардын жүрүм-турумуна же адамдарды сатуучуларга каршы дапилдерди берүүгө даяр экендигине карабастан [укуктарын толук сактоо менен] аларды коргоого жана жардам берүүгө; |
| 5-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздери 2. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөндөгүлөргө негизденет: - адамдын жана жарандын эркиндигин, өмүрүн жана ден соолугун коргоонун артыкчылыгына; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ишти социалдык, миграциялык жана экономикалык саясаттын башка багыттары менен координациялоого; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына көз карандысыз жана иштиктүү көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырууга; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу механизмди түзүүгө жана ишке ашырууга; | 5-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздери 2. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат төмөндөгүлөргө негизденет: - адамдын жана жарандын эркиндигин, өмүрүн жана ден соолугун коргоонун артыкчылыгына; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ишти социалдык, миграциялык жана экономикалык саясаттын башка багыттары менен координациялоого; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына көз карандысыз жана иштиктүү көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырууга; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу механизмди түзүүгө жана ишке ашырууга; |
| 7-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет: - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жана аны ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, алардын сакталышына контролдук жүргүзүү; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө улуттук программаларды иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу; [- адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча эл аралык минималдуу стандарттарды сактабаган мамлекеттерге ишке орношуу үчүн кетип жаткан жарандарга өзгөчө тартиптерди киргизүү;] - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана анын иштөөсүн камсыз кылуу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эларалык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу. | 7-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктарына төмөндөгүлөр кирет: - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жана аны ишке ашыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу, алардын сакталышына контролдук жүргүзүү; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө улуттук программаларды иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке ашыруу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун бирдиктүү тутумун түзүү жана анын иштөөсүн камсыз кылуу; - адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө эларалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу жана эларалык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу. |
| 9-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин компетенциясы 9. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги адамдарды сатуунун алдын алуучу жана ага каршы күрөш жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу расмий адамдарды даярдоо үчүн билим берүү программаларын иштеп чыгат, колдонулуп жаткан гуманитардык программаларга адамдарды сатууга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдардын негизин, адамдарды сатуунун алдын алуу жана күрөшүү принциптерин, азыркы кездеги кулчулукка сатуу маселелерин чагылдырган бөлүмдөрдү киргизет. | 9-статья. Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин компетенциясы 9. Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги адамдарды сатуунун алдын алуучу жана ага каршы күрөш жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу расмий адамдарды даярдоо үчүн кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгат, колдонулуп жаткан гуманитардык [жалпы билим берүүчү] программаларга адамдарды сатууга каршы күрөшүү жөнүндө мыйзамдардын негизин, адамдарды сатуунун алдын алуу жана күрөшүү принциптерин, азыркы кездеги кулчулукка сатуу маселелерин чагылдырган бөлүмдөрдү киргизет. |
| 21-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктары убактылуу жашап туруучу башпаанек 1. Адамдарды сатуунун курмандыктары убактылуу жашап туруучу башпаанек (мындан ары - башпаанек) адамдарды сатуунун курмандыктары жашап турушуна жана жеке гигиенасына цивилизациялуу шарттарды түзүп берүү, башпаанекте жашап турган адамдарга тамак-аш жана дары-дармек каражаттарын берүү, кечиктирилгис медициналык, психиатриялык, социалдык, юридикалык жана башка жардамдарды көрсөтүү, алардын коопсуздугун коргоо, ошондой эле туугандары менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү максаттарында мамлекеттик, муниципалдык орган жана коомдук бирикме түзүлөт. 3. Башпаанек өзүн адамдарды сатуунун курмандыгы болдум деп тапкан адамдын жүрүм-турумуна же адамдарды сатууга каршы көрсөтмөлөрдү берүүгө анын даяр экендигине карабастан он күндүк мөөнөткө анын жеке өтүнүчү боюнча берилет. 4. Ушул статьянын үчүнчү пунктунда белгиленген башпаанек берүүнүн (мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын, тергөө органынын же соттун сунушу боюнча же адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдын жүйөлөштүрүлгөн өтүнмөсү боюнча иш өндүрүшүн жүргүзүүнүн бардык мезгилине узартылышы мүмкүн. | 21-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктары убактылуу жашап туруучу башпаанек 1. Адамдарды сатуунун курмандыктары убактылуу жашап туруучу башпаанек (мындан ары - башпаанек) адамдарды сатуунун курмандыктары жашап турушуна жана жеке гигиенасына цивилизациялуу шарттарды түзүп берүү, башпаанекте жашап турган адамдарга тамак-аш жана дары-дармек каражаттарын берүү, кечиктирилгис медициналык, психиатриялык, социалдык, юридикалык жана башка жардамдарды көрсөтүү, алардын коопсуздугун коргоо, ошондой эле туугандары [же мыйзамдуу өкүлдөрү] менен байланыш түзүүгө көмөк көрсөтүү максаттарында мамлекеттик, муниципалдык орган жана коомдук бирикме түзүлөт. 3. Башпаанек өзүн адамдарды сатуунун курмандыгы болдум деп тапкан адамдын жүрүм-турумуна же адамдарды сатууга каршы көрсөтмөлөрдү берүүгө анын даяр экендигине карабастан он күндүк мөөнөткө анын жеке өтүнүчү же [анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча] берилет. 4. Ушул статьянын үчүнчү пунктунда белгиленген башпаанек берүүнүн (мөөнөтү ыйгарым укуктуу органдын, тергөө органынын же соттун сунушу боюнча же адамдарды сатуудан жабыр тарткан адамдын же анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жүйөлөштүрүлгөн өтүнмөсү боюнча иш өндүрүшүн жүргүзүүнүн бардык мезгилине узартылышы мүмкүн. |
| 23-статья. Коомдук бирикмелер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу 1. Ушул Мыйзамдын 19 жана 20-статьяларында каралган башпаанектерди жана борборлорду түзгөн учурда ыйгарым укуктуу орган коомдук бирикмелерди жана адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндө иштеген өкмөттүк эмес уюмдарды кызматташууга тартууга милдеттүү. | 23-статья. Коомдук бирикмелер жана өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташуу 1. Ушул Мыйзамдын 20-22-статьяларында каралган башпаанектерди жана борборлорду түзгөн учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү [жана адамдарды сатуунун курмандыктарына жардам көрсөтүү] чөйрөсүндө иштеген коомдук уюмдарды жана өкмөттүк эмес уюмдарды кызматташууга тартууга [укуктуу.] |
| 27-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдарга жардам көрсөтүү 2. Эгерде адамдарды сатуунун курмандыктары болгон бала жөнүндө маалымат аларга келип түшсө, ыйгарым укуктуу орган, башпаанек жана борборлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо максатында камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу маселелерин тейлеген Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлик органдарына дароо билдирүүгө милдеттүү. 5. Эгерде адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдар ата-энесинин көзөмөлсүз калса, же өз үй-бүлөсү кайда экенин билбесе, баланын үй-бүлөсүн издеп табуу, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камкорчулук жана көзөмөлчүлүк кылуу боюнча чаралар көрүлөт. | 27-статья. Адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдарга жардам көрсөтүү 2. Эгерде адамдарды сатуунун курмандыктары болгон бала жөнүндө маалымат аларга келип түшсө, ыйгарым укуктуу орган, башпаанек жана борборлор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баланын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо максатында [балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча органдарга] дароо билдирүүгө милдеттүү. 5. Эгерде адамдарды сатуунун курмандыктары болгон балдар ата-энесинин көзөмөлсүз калса, же өз үй-бүлөсү кайда экенин билбесе, баланын үй-бүлөсүн издеп табуу, болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык [аны жайгаштыруунун түрүн тандоо] боюнча чаралар көрүлөт. |
КР эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри
А.Абытов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (13)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 831-V "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр…Постановление · 30.06.2011 · № 831-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 832-V "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу"…Постановление · 30.06.2011 · № 832-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 834-V "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 30.06.2011 · № 834-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1220-V "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу"…Постановление · 21.10.2011 · № 1220-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1221-V "Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу"…Постановление · 21.10.2011 · № 1221-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 21-октябрындагы № 1222-V "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 21.10.2011 · № 1222-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 833-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 30.06.2011 · № 833-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 1010-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 16.09.2011 · № 1010-V
- КР Жогорку кенешинин 2011-жылдын 13-октябрындагы №1151-V "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 13.10.2011 · № 1151-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-октябры № 1223-V "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 21.10.2011 · № 1223-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-октябры № 1225-V "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр…Постановление · 21.10.2011 · № 1225-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 21-октябры № 1224-V "Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр…Постановление · 21.10.2011 · № 1224-V
Шилтеме берет (5)
- Адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүүЗакон · 17.03.2005 · № 55
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон