52-статья. Укуктардын күрөөсү
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 5-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 30 марта 2009 года № 97
1. Күрөө берүүчүгө тиешелүү болгон акчалай карыз күрөөнүн жүйөсү болуп саналган учурда, күрөө берүүчү мыйзамдарда каралган учурларды эске албаганда, күрөөсү карызга берилгени тууралу өз дебиторуна кабар берүүгө милдеттүү эмес. Карызы күрөөгө коюлган дебитор, эгерде күрөө берүүчү же күрөө кармоочу күрөөнүн коюлгандыгы тууралу дебиторго билдирбесе, аны күрөө берүүчүгө төлөп берүү жолу менен же күрөө берүүчү дайындаган жакка берүү аркылуу жаба алат. Мындай билдирүүдөн кийин дебиторго тапшырылгандан кийин күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө таандык болгон күрөөгө коюлган карыз боюнча дебитордун аркасынан тикелей түшө алат, күрөөгө коюлган карыз күрөө кармоочуга же күрөө кармоочу тарабынан дайындалган жакка ордун төлөп берүү жолу менен гана жабылышы мүмкүн.
Эгерде күрөө келишиминде башкасы көрсөтүлбөсө, мүлк комплекси катары ишкана күрөөсү ишканага таандык бардык укуктардын күрөөсүн өзүнө кошо камтыйт.
2. Эгерде күрөөнүн жүйөсү күрөө берүүчүнүн алдындагы үчүнчү бир жактын акчалай карыздан тышкаркы келишимдик милдеттенмеси болсо, анда мындай келишимдик милдеттенме күрөө берүүчү менен макулдашууга ылайык милдетин алган тарап аркылуу канагаттандырылат. Мындай учурда күрөө кармоочу келишим боюнча нарктын кандайы болсо да күрөө берүүчүнүн карамагына өтсө, канагаттануу ала алат.
Күрөө кармоочу келишимдик милдеттенме боюнча милдетти алган тараптан тикелей өзү мажбурлап төлөм алуу билдирүүсүнүн көчүрмөсүн ошол милдет алган тарапка жибергенден кийин гана канагатты ала алат, ал үчүн аталган билдирүүдө бул ишти - күрөө берүүчү алдындагы милдет алган тараптан келишимдик милдеттенмени мажбурлап алуу укугун ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүп жатканы көрсөтүлүшү керек. (КР 2009-жылдын 30-мартындагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
52-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-52" title="52-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>