51-статья. Күрөө берүүчү тарабынан күрөөгө коюлган жер участкасына имараттарды же курулмаларды куруу
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 4-глава
Күрөө келишими боюнча күрөөгө коюлган жер участкасына күрөө берүүчү күрөө кармоочунун макулдугу менен тиешелүү кошумча жазуу жүзүндөгү макулдашууну түзүү жолу менен күрөө келишиминде башкасы каралбаса, күрөө кармоочунун укуктары жайылтылбаган имараттарды жана курулмаларды курууга укуктуу. Эгерде күрөө берүүчү тарабынан күрөөгө берилген жер участкасында имараттардын же курулумалардын курулушу күрөө кармоочуга күрөө аркылуу берилген ошол жер участкасынын камсыз кылынышын начарлатууга кириптер кылса, же начарлата турган болсо, күрөө кармоочу күрөө келишиминин шарттарын өзгөртүүнү, анын ичинде эгерде бул зарыл болсо, күрөөнү ошол курулуп жаткан имаратка же курулмага жайылтуу жолу менен күрөө келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу.
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
51-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Положение о порядке купли-продажи земельных участков сельскохозяйственного назначения (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 13 августа 2001 года N 427)Положение · 13.08.2001 · № 427 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-51" title="51-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>