Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Бишкек шаары
2009-жылдын 30-марты № 97
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
2009-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кенеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 10-статьяда:
4-пунктунун:
- 2 жана 3-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) күрөө менен камсыздалган милдеттенменин баяндамасы, ал милдет-
тенменин максималдуу суммасы менен чагылдырылышы мүмкүн;
3) аны идентификациялоо үчүн күрөө предметинин жетиштүү жалпы ба-
яндамасы;";
- 5-пунктча алын салынсын;
6-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. 27-статьяда "өткөрүп берүүдө тараптар өз ара макулдашкан күрөө-
гө коюлган мүлктүн акчалай наркын салыштыруу жолу менен, ал эми мындай
макулдашуу жок болсо, күрөөлүктү" деген сөздөр алып салынсын.
3. 30-статьяда:
1-пункту "катары" деген сөздөн кийин "кыймылдуу жана" деген сөздөр
менен толукталсын;
2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. 34-статьяда:
1-пунктунун үчүнчү сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жүгүртүүдөгү товарлардын күрөөсү жөнүндө келишимде күрөөнүн пред-
мети болгон жүгүртүүдөгү товарлардын жалпы баяндамасы болууга тийиш";
2-пунктунун биринчи сүйлөмүндөгү ", товардын сан-эсебине, өлчөмүнө
же көлөмүнө ылайык аныкталуучу" деген сөздөр алып салынсын.
5. 52-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы алып салынсын.
6. 69-статьянын экинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2-берене.
"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењешинин Жарчысы, 2007-ж, № 7, 8, 9, 702-ст.) күчүн жоготту деп
эсептелсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
Шилтеме берет (1)
- Күрөө жөнүндөЗакон · 12.03.2005 · № 49
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 06.08.2007 · № 133 · Күчүн жоготкон