35-статья. Ипотека
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года № 150
1. Ипотека - бул менчик укугунда же кыймылсыз мүлккө болгон дагы башка буюмдук укукта же күрөөнүн жүйөсүнүн курамында кыймылсыз мүлктү камтыган күрөө, анын ичинде мүлктүк комплекс катары ишкана күрөөсүн күрөөгө койгон акчалай же акчалай формада туюнтулган милдеттенмени камсыз кылуу ыкмасы. Айыл чарба багытындагы жерлердин ипотекасынын өзгөчөлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Ипотека жөнүндө келишим келишимдерди түзүү тууралу Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин жалпы эрежелерин, "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле ушул Мыйзамдын жоболорун сактоо менен түзүлөт.
Ипотека чектелген кыймылсыз мүлк күрөө берүүчүнүн ээлигинде жана пайдалануусунда калат. Ипотеканын жүйөсүн күрөө кармоочунун ээлигине өткөрүп берүү, мындай күрөө күрөөлүк болуп саналат дегенди билдирбейт, бирок ал кыймылсыз мүлк укуктарын каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш.
3. Ипотекага менчик укугу же кыймылсыз мүлктүн дагы башка буюмдук укугуна төмөндөгүдөй жүйө болушу мүмкүн:
1) жер участкалары, анын ичинде айыл чарба багытындагы жерлер;
2) имараттар, курулмалар;
3) турак үйлөр, көп квартиралуу үйдөгү квартиралар жана (же) бир же бир нече өзүнчө бөлмөдөн турган турак үйлөрдүн жана квартиралардын бөлүктөрү;
4) дачалар, чарбак үйлөр, гараждар, керектөө багытындагы дагы башка курулмалар;
5) мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун (туунду коомдордун) карамагындагы гидроэлектр станцияларынын жана суу сактагычтардын имараттарын жана курулмаларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кыймылсыз мүлккө таандык болгон башка мүлк.
4. Ушул Мыйзамдын эрежелери курулуп бүтпөгөн кыймылсыз мүлктүн, анын ичинде имараттардын жана курулмалардын ипотекасына карата да колдонулат.
5. Эгерде келишимде башкасы каралбаса, ипотеканын жүйөсү болгон башкы буюм бир бүтүн нерсе катары бардык шаймандары менен күрөөгө коюлган катары эсептелет.
6. Касиеттерин жана багытын өзгөртпөстөн ошол боюнча бөлүүгө мүмкүн болбогон мүлктүн бөлүгү (бөлүнбөс буюм) ипотекага өзалдынча жүйө боло албайт.
7. Кыймылсыз мүлк ипотекасы жөнүндө эрежелер ылайыгына жараша жер участкасын пайдалануу укугунун, ушундай мүлктү ижаралоо тууралу келишим боюнча ижарачынын укуктарынын күрөөсүнө карата колдонулат, анткени мыйзамда башкасы белгиленген эмес жана мамилелердин маани-маңызына карама-каршы келбейт.
Жер участкаларынын, ишканалардын жана башка кыймылсыз мүлктүн күрөөсү алардын жүгүртүлүшүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен чек коюлбаганынан келип чыгышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 26 июля 2023 года № 150 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
26.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үйлөр, гараждар, керектөө багытындагы дагы башка курулмалар;
5) кошулду: мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордун (туунду коомдордун) карамагындагы гидроэлектр станцияларынын жана суу сактагычтардын имараттарын жана курулмаларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын алынып салынды: мыйзамдары менен кошулду: мыйзамдарында кыймылсыз мүлккө таандык алынып салынды: кылынган гидроэлектр станциялары менен суу сактагычтардын имараттарынан жана курулмаларынан тышкаркы дагы кошулду: болгон башка мүлк.
4. Ушул Мыйзамдын эрежелери курулуп бүтпөгөн кыймылсыз … мыйзамдары менен чек коюлбаганынан келип чыгышы мүмкүн.
кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июлундагы № 150 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндөЗакон · 11.01.2001 · № 4 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-35" title="35-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>