36-статья. Ипотека күрөөлүгү тууралуу негизги жоболор
Күчүндө · 24.04.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2022 года № 76
1. Ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча жана ипотека жөнүндө келишим боюнча күрөө кармоочунун укуктары ипотека күрөөлүгү менен ырасталышы мүмкүн.
2. Ипотека күрөөлүгү ипотекалык кредиттин эсебинен алынып жаткан кыймылсыз турак-жайдын менчик ээси тарабынан түзүлөт. Башка учурларда ипотека күрөөлүгү тууралуу шарттар жараксыз.
3. Ипотека күрөөлүгү ипотека менен камсыз кылынган милдеттенме аяктаганга чейин кандай гана болбосун учурда күрөө берүүчү тарабынан түзүлүшү мүмкүн. Ипотека күрөөлүгү боюнча күрөө кармоочунун укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш. Эгерде ипотека күрөөлүгү белгиленген тартипте каттоодон өтпөсө, ал жарамсыз.
4. Ипотека күрөөсүн түзгөн жак же болбосо анын ээси өз ара макулдашуу боюнча ипотека күрөөлүгүндө мурда белгиленген шарттарды өзгөртүүгө укуктуу. Мындай макулдашууну түзүүдө ипотека күрөөлүгүнүн мазмунуна, анда ипотека күрөөлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналаары көрсөтүлгөн мындай макулдашуунун түп нускасын тиркөө жолу менен өзгөртүү киргизүү же болбосо ипотека күрөөлүгүн жокко чыгарып, ошол эле учурда тийиштүү өзгөртүүлөрдү эске алуу менен түзүлгөн жаны ипотека күрөөлүгүн берүү каралат. Ипотека күрөөлүгүнүн мазмунун өзгөртүү мындай өзгөртүүлөр мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ипотека күрөөлүгүнүн ээси аны лицензияланган депозитарийге эсепке алуу үчүн өткөрүп берүүгө укуктуу. Ипотека күрөөлүгүн депозиттик эсепке алуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2016-жылдын 2-августундагы № 163, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.04.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2022 года № 76 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 августа 2016 года № 163 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О залоге"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…күрөөлүгүн депозиттик эсепке алуу эрежелери Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2016-жылдын 2-августундагы № алынып салынды: 163 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 163, 2022-жылдын 2-августундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1644/st-36" title="36-статья - Күрөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>