Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 31.10.2025 редакциясы · I бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 октября 2025 года № 247
Ушул Мыйзамдын максаттарында төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат: жарнама - жарнаманы керектөөчүнүн жарнамалоо объектисине карата кызыкчылыгын калыптандырууга жана колдоого багытталган, ошондой эле аны рынокто сатууга жана/же илгерилетүүгө шарт түзүүчү, ар кандай каражаттардын жардамы менен кандай болбосун формада таратылуучу, жарнамалоо объектиси тууралуу маалымат. Юридикалык жана жеке жактардын имараттарындагы көрнөктөр, иш тартиби жана керектөөчүлөрдү тейлөөнүн эрежелери жөнүндөгү маалыматтык көрнөктөр; юридикалык же жеке жактын турган жеринин, анын телефондорунун номерлеринин жана юридикалык же жеке жактар жөнүндөгү башка кабарлардын өзгөрүшү жөнүндөгү кулактандыруулар же маалымдоолор; ошол аймактагы иштин өзгөчөлүктөрү жөнүндө эскертүүчү тактачалар, товарларды, идеяларды жана саамалыктарды жарнамалоону камтыбаган бөлөк маалыматтык кабарлар жарнама болуп эсептелбейт; жарнамалоо объектиси - жеке жана/же юридикалык жак, товар, кызмат көрсөтүү, интеллектуалдык иштин жыйынтыктары, укуктар, менчик ээсинин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктары, конкурстар, лотереялар, оюндар, тобокелчиликке негизделген оюндар, мелдештер, коммерциялык/спорттук иш-чаралар; оккульттук-мистикалык кызмат көрсөтүүлөр - ар кандай методдорду колдонуу менен магиялык таасир этүү жолу аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтар;
психологиялык кызмат көрсөтүүлөр - практикалык психолог тарабынан өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик иш. Психологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
талаптагыдай эмес жарнама - мазмунуна, таратылуучу убактысына, ордуна жана ыкмасына карата жарнама жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардын бузулушуна жол берилген жазгырмалуу, анык эмес, этикага жат, көз көрүнөө жалган жана башка жарнама; каршы жарнама - талаптагыдай эмес жарнаманы, андан улам келип чыккан кесепеттерди жоюу максатында таратылган төгүндөө; жарнама берүүчү - жарнаманы чыгаруу, жайгаштыруу, кийин таратуу үчүн жарнамалык маалыматтын булагы болуп саналган жеке жана юридикалык жактар; жарнама чыгаруучу - жарнамалык маалыматты таратуу үчүн толук же жарым-жартылай даяр түргө келтирүүнү жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар; жарнама таратуучу - мүлктү, анын ичинде радио берүүнүн, теле берүүнүн техникалык каражаттарын, ошондой эле байланыш каналдарын, обого чыгуу убактысын берүү жана (же) пайдалануу жолу менен же маалыматтык технологиялар менен жарнамалык маалыматты жайгаштырууну жана (же) таратууну жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар; жарнаманы керектөөчүлөр - жарнама маалымдалган же маалымдалышы мүмкүн болгон жеке жана юридикалык жактар; жарнама акциялары - керектөөчүлөрдүн көңүлүн буруу максатында жарнамалоонун ар түрдүү тариздерин, каражаттарын жана ыкмаларын пайдалануу менен жарнамалана турган продукцияларды бекер таратып берүү же сатуу менен коштолгон акциялар; түз жарнама - жеке адамга же юридикалык жакка, товарларга, товардык белгилерге, жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө, идеяларга же демилгелерге кызыгууну жаратуу же колдоо жана аларды сатып өткөрүүгө өбөлгө түзүү максатында айрым товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана адамдарды ачык жарнамалоо; Кыйыр (купуя) жарнама - жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн буруу жана/же коомдук пикир жаратуу же тийиштүү товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө, идеяларга жана демилгелерге, сатып алуучулук жүрүм-турумга жана/же жапырт же жеке аң-сезимге кыйыр таасир этүүчү, бардык формаларда жана ар кандай каражаттар менен атайылап жасалуучу, түз жарнамадан башка бардык аракеттер, алар калыс жана объективдүү пикирди түзүү менен төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт:
- спорттук, маданий жана музыкалык иш-чараларда демөөрчүлүк колдоо көрсөтүүнү;
- товарларды, тамеки тартууну, тамеки буюмдарын, алардын маркаларын жана өндүрүүчүлөрдү кеңири таанытуу үчүн белгилүү артисттерди тартуу менен көркөм тасмаларды жаратууну;
- жарнамалык жарыяларда айрым товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдаланышкан көрүнүктүү саясый жана коомдук ишмерлерди, адамдарды эске салууну;
- теле-оюн зооктордо жана тасмаларда кыйыр таасир этүүчү жарнама маалыматтарды жайгаштырууну;
- массалык-маданий иш-чараларды. ачык акцияларды жана конкурстарды уюштурууну;
- купондорду, талондорду басып чыгаруу аркылуу бааны арзандатууну колдонуу менен айрым товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана демилгелерди сатып өткөрүү деңгээлин стимулдаштырууну жана жогорулатууну;
- азык-түлүк жана тамеки буюмдар түрүндө азык-түлүк эмес товарларды жасоону жана сатууну;
- радио-, телеберүүлөрдө, макалаларда, кулактандырууларда жана жарнамалык маалыматтарда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аталыштарын (аттарын), алардын логотиптерин, товардык белгилерин пайдаланууну же демонстрациялоону;
мамлекеттик жарнама - алардын кызыкчылыктарын жылдырууга, алардын милдеттерин, функцияларын, долбоорлорун, программаларын жана алар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды таанытууга жана башка максаттарга багытталган, жарандарды төмөнкүлөргө ниеттендирүүдөн көрүнгөн республикалык жана жергиликтүү мамлекеттик институттардын жарнамасы:
- мамлекет алдында милдеттенмелерди аткарууга;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоого;
- республикалык, жергиликтүү, ведомстволук бюджеттердин долбоорлорун коомдук талкуулоого;
- согуш шарттарында мамлекетти коргоого;
- өзгөчө кырдаалдар шарттарында мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам көрсөтүүгө;
- коопсуздук маселелерине тиешелүү белгиленген ченемдерди жана эрежелерди сактоого;
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка кызматташууга;
жарнама аянты - жарнаманы жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, ободогу убакыт, Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигиндеги сайт, басма аянты жана башка каражаттар; социалдык жарнама - коомдук кызыкчылыктарды алга жылдыруучу жана социалдык пайдалуу максаттарга жетишүүгө багытталган, төмөнкүлөрдө көрүнгөн жарнама:
- жүрүм-турум маданиятын калыптандырууда;
- калктын айрым социалдык жактан алсыз топторуна карата коомдо сабырдуу мамиле жасоону калыптандырууда;
- адамдын жана жарандын укуктарын сактоодо, басмырлоонун жана зомбулуктун бардык формаларын түп тамырынан бери жоготууда, аларды четке кагууну коомдук аң-сезимде калыптандырууда;
- калкты ден соолукка пайдалуу тамак-аш продуктуларын пайдаланууга түрткү берүүдө;
- коомду гендердик теңчиликти бузууга багытталган маалыматтардан, пропагандадан жана үгүттөөдөн коргоодо;
- кылмыштуулуктун жана коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүдө;
- оорулардын алдын алууда жана дарылоодо;
- баңги заттардын жана баңги каражаттарынын таралышын алдын алууда;
- калкты жеке жана коомдук коопсуздуктун талаптарын сактоосуна ниеттендирүүдө;
- табигый, техногендик, биологиялык-социалдык, социалдык, чыр чатактуу мүнөздөгү коркунучтар жөнүндө жарандардын кабардар болуусун жогорулатууда;
- курчап турган чөйрөнү коргоодо;
- табигый, тарыхый, маданий, искусство жана илимий эстеликтерди сактоодо;
- өлкөдө маданий жана улуттук көп түрдүүлүктү сактоодо;
- энеликти, аталыкты жана балалыкты колдоодо, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү үчүн баланын ата-энесинин бирдей жоопкерчилигин түшүнүүгө көндүрүүдө, өлкөдөгү демографиялык кырдаалды жакшыртууда;
- меценаттык жана кайрымдуулук маданиятын өнүктүрүүдө жана колдоодо.
мониторинг - коомдук жерлерде, басылмаларда, радиодо, телекөрсөтүүдө жана Интернет тармагында жайгаштырылуучу жарнама материалдарына байкоо жүргүзүү, аларды чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуу тутуму. Мониторинг фото- жана көрмөбайкоо аркылуу жүргүзүлөт, текшерүү болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузууларды табууга багытталган.
(КР 1999-жылдын 30-ноябрындагы № 134, 2006-жылдын 8-августундагы № 159, 2009-жылдын 17-июлундагы № 228, 2009-жылдын 18-декабрындагы № 310, 2013-жылдын 26-апрелиндеги № 62, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2018-жылдын 26-мартындагы № 31, 2019-жылдын 22-июлундагы № 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130, 2024-жылдын 18-июлундагы № 131, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 31.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 октября 2025 года № 247 «О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О рекламе»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2024 года № 131 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе""Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 130 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июля 2019 года № 98 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2018 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам охраны и защиты от семейного насилия"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 апреля 2013 года № 62 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О рекламе""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 декабря 2009 года № 310 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О рекламе""Редакцияларды салыштыруу
Дагы 3 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
31.10.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен магиялык таасир этүү жолу аркылуу көрсөтүлүүчү кызматтар;
кошулду: психологиялык кызмат көрсөтүүлөр - практикалык психолог тарабынан өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик иш. Психологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
талаптагыдай эмес жарнама - мазмунуна, таратылуучу убактысына, ордуна … № 98, 2023-жылдын 3-июлундагы № 130, 2024-жылдын 18-июлундагы № алынып салынды: 131 кошулду: 131, 2025-жылдын 31-октябрындагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 18-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик…Постановление · 18.01.2016 · № 13 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 22.07.2019 · № 98
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/162/st-2" title="2-берене - Жарнак жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>