Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2023-жылдын 7-июлу № 340 Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 140 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусун ыйгаруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык, ошондой эле аймактын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга, өлкөнүн калкынын ден соолугун коргоого жана чыңдоого багытталган профилактикалык медицина чөйрөсүндө илимий-практикалык жана билим берүү ишин өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмеси Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту болуп кайра аталсын.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 140 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтун Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында кайра каттоо жол-жоболорун жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун илимий-изилдөө иштерин жана инновациялык долбоорлорун каржылоого катышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 21-июлундагы № 58 (3507) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун уставы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине…Устав · 07.07.2023 · № 340
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 600 "О Программе Правительства Кыргызской Республики по охране здоровья населения и развитию системы здравоохранения на…Постановление · 20.12.2018 · № 600
- "ПРОГРАММА Правительства Кыргызской Республики по охране здоровья населения и развитию системы здравоохранения на 2019-2030 годы "Здоровый человек - процветающая страна" к…Программа · 20.12.2018 · № 600
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук…Постановление · 27.03.2024 · № 140
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 802 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.12.2024 · № 802
- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин" Уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы…Устав · 22.05.2014 · № 267
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-майындагы № 267 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин уставын бекитүү…Постановление · 22.05.2014 · № 267
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 386 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк…Указ · 07.12.2022 · № 386
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-мартындагы № 140 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук…Постановление · 27.03.2024 · № 140
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык…Постановление · 24.10.2023 · № 563 · Күчүн жоготкон