Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун уставы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун уставы
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 340 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун уставы (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту (мындан ары - КССУИ) медицина, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо жаатындагы илимий-изилдөө, билим берүү (дипломдон кийинки медициналык билим берүү, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү), практикалык, профилактикалык жана өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруучу үчүнчү деңгээлдеги мамлекеттик илимий-практикалык саламаттык сактоо мекемеси болуп саналат.
2. КССУИ мамлекеттик мекеменин уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
3. КССУИ уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. КССУИ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, саламаттык сактоо илимий уюмдарынын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ушул Уставды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин (мындан ары - Саламаттык сактоо министрлиги), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин (мындан ары - Билим берүү жана илим министрлиги) буйруктарын, саламаттык сактоо жаатындагы улуттук жана мамлекеттик программаларды жетекчиликке алат.
5. КССУИ иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурда жана тартипте аккредитацияланууга, лицензияланууга жана сертификацияланууга тийиш.
6. КССУИ финансылык-чарбалык жана укуктук өз алдынчалыкка, обочолонгон мүлккө ээ, өз алдынча балансы, финансы-кредиттик мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү жана штампы жана фирмалык бланктары, эмблемасы жана товардык белгиси бар.
7. КССУИ өзүнүн милдеттерин жана функцияларын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу боюнча мүлктү оперативдүү башкаруу укугунда пайдаланат, ага карата жарандык мыйзамдарда белгиленген чектерде ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат.
8. КССУИ мыйзамдарда каралган жарандык бүтүмдөрдү түзөт, сотто доогер жана жоопкер катары чыгат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарга жана милдеттерге ээ.
9. Мамлекеттик мекеменин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту";
- расмий тилде - "Национальный институт общественного здоровья при Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики";
- англис тилинде - "National Institute of Public Health under the Ministry of Health of the Kyrgyz Republic".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде - "КРССМ КССУИ";
- расмий тилде - "НИОЗ МЗКР";
- англис тилинде - "NIPH MOHKR".
10. КССУИ юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Байтик Баатыр көч., 34.
2. КССУИ максаты жана милдети
11. КССУИ максаты болуп калктын жана мамлекеттин муктаждыктарына багытталган медицина, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо жаатында илимий изилдөө, билим берүү (дипломдон кийинки медициналык билим берүү, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү), практикалык, профилактикалык жана өндүрүштүк ишти жүзөгө ашыруу жолу менен ден соолукту коргоо, чыңдоо жана оорулардын алдын алуу боюнча саясатты жана практиканы илимий жактан негиздөө саналат.
12. КССУИ милдети болуп төмөнкүлөр саналат:
- коомдун саламаттыгы жана саламаттык сактоо, айлана-чөйрөнүн медицинасы, эмгек медицинасы, инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулар маселелери жаатында илимий-изилдөө ишин жүргүзүү;
- билим берүү ишин жүзөгө ашыруу, окуу-практикалык программаларды иштеп чыгуу жана медицина, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо адистерин окутууга тартуу;
- инфекциялык контролдоо системаларын, медициналык калдыктарды башкарууну, лабораториялык диагностиканы өркүндөтүүнү, инфекциялык жана инфекциялык эмес ооруларды эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү, моделдөөнү, коомдун саламаттыгын сактоо жаатында чакырыктарды болжолдоону координациялоо боюнча илимий-практикалык жана билим берүү ишин жүргүзүү;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндө тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун бирдиктүү улуттук системасынын алкагында негизги тобокелдиктерди (кырсыктарды) аныктоо боюнча чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- саламаттык сактоонун инновациялык технологияларын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- жеке жана популяциялык деңгээлде профилактикалык кызматтарды көрсөтүү;
- практикалык саламаттык сактоо үчүн мамлекеттик ден соолук саясатын калыптандырууда илимий-изилдөөлөрдүн натыйжаларын жана иштелмелерди ишке киргизүү боюнча координациялык жана интеграциялык ишти жүргүзүү;
- ден соолукту сактоого жана чыңдоого, узак жашоого, сергек жашоо мүнөзүн жайылтууга, ооруну профилактикалоого багытталган иш-чараларды ишке ашыруу;
- ченемдик укуктук актыларды, стандарттарды, техникалык регламенттерди, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо программаларын иштеп чыгуу жана талдоо;
- илимий жана практикалык ишти өнүктүрүү үчүн КССУИ бөлүмдөрүнүн (лабораториялардын) материалдык-техникалык базасын өркүндөтүү;
- гигиена, эпидемиология, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо, эмгек медицинасы, медицина социологиясы, лабораториялык иш, микробиология жана вирусология жана башка адистиктер боюнча саламаттык сактоонун илимий жана практикалык кадрларын даярдоо үчүн дипломдон кийинки медициналык билим берүү, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү боюнча инновациялык программаларды ишке ашыруу;
- изилдөөлөрдү жүргүзүүдө эл аралык биоэтикалык ченемдерди жана принциптерди сактоо жана жайылтуу;
- илимий-жарыялоо ишин жүргүзүү.
3. КССУИ функциясы
13. КССУИ коюлган милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- медицина, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо, инфекциялык жана инфекциялык эмес проблемалар жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт жана мамлекеттин бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгууга катышат;
- медицина, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо багыттары боюнча илимий изилдөөлөр чөйрөсүндө улуттук артыкчылыктарды аныктоого катышат жана аларды ишке ашырууну координациялайт;
- изилдөөдө илимий жана этикалык ченемдерди сактоо менен коомдук саламаттыктын жана саламаттык сактоонун улуттук жана эл аралык саясатын эске алуу менен илимий долбоорлордун программаларын макулдашууну координациялайт;
- саламаттык сактоонун практикалык ишинде жогорку кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде илимий изилдөөлөрдү интеграциялайт;
- тобокелдиктерди баалоонун жана башкаруунун бирдиктүү улуттук системасынын алкагында негизги тобокелчиликтерди (жакырчылыкты) аныктоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке киргизет;
- саламаттык сактоонун мамлекеттик саясатын иштеп чыгууда изилдөөлөрдүн натыйжаларын жайылтуу жана пайдалануу механизмдерин иштеп чыгат;
- коомдук саламаттыктын жана саламаттык сактоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди пландоону, ошондой эле биологиялык, химиялык, радиациялык коопсуздукту илимий болжолдоону жана моделдөөнү жүзөгө ашырат;
- иштелип чыккан профилактикалык иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында өлкөнүн аймактарында эпидемиологиялык жана гигиеналык жагдай боюнча географиялык маалыматтык системаларды түзөт;
- айлана-чөйрөнүн факторлорунун таасирине байланыштуу калктын ден соолугунун абалына мониторинг жана баалоо жүргүзөт, анын ичинде себептүү иликтөө байланыштарын жана тобокелдик факторлорун эске алуу менен проблемалуу кырдаалдарды аныктоону жүзөгө ашырат;
- инфекциялык жана инфекциялык эмес патологияларды профилактикалоонун илимий негизделген иш-чараларын иштеп чыгуу жана кабыл алуу үчүн региондордун демографиялык, социалдык-экономикалык жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугунун көрсөткүчтөрүнө баалоо жана талдоо жүргүзөт;
- гигиена жана санитария боюнча ченемдик укуктук актыларды, техникалык жөнгө салуу стандарттарын иштеп чыгууга катышат, гигиеналык, микробиологиялык, вирусологиялык жана башка изилдөө методдорун өркүндөтөт;
- айлана-чөйрөнүн гигиенасы, климат, калктын ден соолугун коргоонун жана чыңдоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча эл аралык жана сектор аралык кызматташтыкты өнүктүрөт;
- саламаттык сактоо системасынын жана башка кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, коомдук уюмдардын адистери үчүн окутуучу тренингдерди (семинарларды) даярдайт жана өткөрөт;
- ден соолукту чыңдоонун, сапаттуу жашоонун, сергек жашоо мүнөзүн жана жарандык коомду жана жергиликтүү коомчулукту тартуу менен ооруларды профилактикалоонун зарыл шарты катары калктын жана медициналык кызматкерлердин арасында жеке жана коомдук саламаттыкка карата жооптуу мамилени калыптандыруу боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке киргизет;
- диагностикалык иммунобиологиялык препараттарды жана тест-системаларды сыноолордон өткөрөт;
- квалификацияны текшерүү программаларын иштеп чыгат жана саламаттык сактоо уюмдарынын лабораториялык-диагностикалык ишине баалоо жүргүзөт;
- эксперттик комиссиялардын ишине катышат жана коомдук саламаттык сактоо, экология жана айлана-чөйрө, эмгек медицинасы, эпидемиология, инфекциялык жана инфекциялык эмес ооруларды лабораториялык диагностикалоо проблемалары боюнча эксперттик ишти жүргүзөт;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бакыбаттыгын камсыз кылуу үчүн коомдук саламаттыктын жана саламаттык сактоонун артыкчылыктуу проблемалары боюнча программаларды (долбоорлорду) аныктайт жана ишке ашырат;
- медицина, коомдук саламаттык жана саламаттыкты сактоо, социалдык медицина, экономика жана саламаттыкты сактоону башкаруу ж.б. жаатында дипломдон кийинки медициналык билим берүүнүн, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн, кошумча кесиптик билим берүүнүн кесиптик программаларын иштеп чыгат;
- ординатура, магистратура, кошумча кесиптик билим берүү курстары аркылуу жана күндүзгү жана сырттан окуган аспирантура, докторантура, изденүүчүлүк, PhD, DSc анын ичинде коммерциялык негизде илим аркылуу практикалык саламаттык сактоо үчүн жогорку квалификациялуу кадрларды даярдайт;
- илимий-практикалык съезддерди, конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды жана башкаларды уюштурат;
- КССУИ компетенциясына кирген профилактикалык медицина, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо жаатында саламаттык сактоо уюмдарына методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди жүргүзөт.
4. КССУИ укуктары жана милдеттери
14. КССУИ төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- КССУИ тарабынан бекитилген жоболордун негизинде иштеген түзүмдүк бөлүмдөрдү жана филиалдарды түзүүгө;
- өлкөнүн саламаттык сактоо артыкчылыктарына ылайык өз ишин пландоого жана өнүгүү келечектерин аныктоого;
- мыйзамда белгиленген тартипте келишимдерди түзүү менен Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдүн башка илимий уюмдары менен байланыштарды өнүктүрүүгө;
- илимий эмгектерди басып чыгарууга, илимий-техникалык базаларды түзүүгө, илимий конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
- изилдөөлөрдүн жана мамлекеттик заказдын алкагында жеке маалыматтар менен иштөө жана аларды башка уюмдардан алууга;
- КССУИ компетенциясына байланыштуу белгилүү бир милдеттерди чечүү же иштелмелерди жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте туруктуу же убактылуу илимий-изилдөө коллективдерин, анын ичинде чет өлкөлүк өнөктөштөр менен уюштурууга;
- КССУИ медициналык жана илимий кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлоруна катышууга;
- дипломдон кийинки медициналык билим берүү, ЖОЖдон кийинки медициналык билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү, анын ичинде келишимдик негизде билим берүүчүлүк-методикалык ишти жүзөгө ашырууга;
- дипломдон кийинки медициналык билим берүүнүн, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүүнүн, кошумча кесиптик билим берүүнүн негизги программалары боюнча билим берүү ишин жүргүзүүгө;
- илимий кадрларды даярдоону жүзөгө ашырууга: сырттан жана күндүзгү аспирантура, докторантура, илимий кызматкерлер үчүн изденүүчүлүк;
- илимдин доктору (кандидаты) илимий даражасын изденип алуу үчүн кеңешти белгиленген тартипте түзүүгө жана анын ишин камсыз кылууга;
- медицина, коомдук саламаттык жана саламаттык сактоо жаатындагы мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышууга;
- келишим боюнча акы төлөнүүчү негизде мамлекеттик, коомдук жана жеке уюмдарга консультациялык жана эксперттик жардам көрсөтүүгө;
- ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарынан КССУИ компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- КССУИ иштеп чыккан технологияларды республикада жана чет өлкөлөрдө ишке киргизүүгө;
- КССУИ ишин камсыз кылуу үчүн чет өлкөдөн алдынкы техниканы, технологиянын жана жабдуулардын үлгүлөрүн сатып алууга жана саламаттык сактоо практикасына ишке киргизүүгө;
- адистерди келишимдик негизде ишке тартууга;
- илимий иштин багыттарын аныктоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган басып чыгаруу ишин жүргүзүүгө;
- Саламаттык сактоо министрлигине капиталдык курулуш, реконструкциялоо, ошондой эле негизги фонддордун капиталдык жана учурдагы оңдоо маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү, инфраструктураны күтүү, илимий долбоорлорду колдоо, кадрларды даярдоо, КССУИ кызматкерлерин социалдык жактан коргоо үчүн алынган кирешелерди пайдаланууга;
- тармактар аралык илимий-техникалык комплекстердин, кеңештердин, ассоциациялардын (бирликтердин), анын ичинде эл аралык, коомдук курамына кирүүгө жана алардын ишине катышууга;
- Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында КССУИ расмий сайтында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн пландары жана ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштерди жүргүзүүгө.
15. КССУИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- медицинанын, коомдук саламаттыктын жана саламаттык сактоонун, инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын артыкчылыктуу илимий проблемалары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, илимий эмгектерди жарыялоого;
- дипломдон кийинки медициналык билим берүү, ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү, кошумча кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу, ошондой эле медицина жана саламаттык сактоо жаатында илимий жана практикалык кадрларды даярдоого;
- аналитикалык отчетторду жана маалымкаттарды түзүүгө, илимди, билим берүүнү жана практикалык саламаттык сактоону өнүктүрүү жана интеграциялоо боюнча сунуштамаларды берүүгө, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмаларын аткарууга;
- бюджеттик каражаттардын кыймылынын казыналык жол-жоболорунун регламентин сактоого жана мамлекеттик бюджеттин каражаттары боюнча отчеттуулукту берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүүгө;
- бекитилген отчеттуулуктун бардык түрлөрүн белгиленген тартипте берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык финансылык каражаттарды өз багыты боюнча пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иштерди жүзөгө ашырууга.
5. КССУИ түзүмү
16. КССУИ түзүмү КССУИ окумуштуулар кеңешинин чечими менен Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча КССУИ директору тарабынан бекитилет.
6. КССУИ башкаруу
17. КССУИ ишин жетектөөнү директор жүзөгө ашырат.
18. КССУИ директору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин сунушу боюнча жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар, жашы 70тен ашпаган адистердин ичинен кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Тиешелүү профилдеги илимдин доктору окумуштуулук даражасы бар адис жок учурда тиешелүү профилдеги илимдин кандидатын дайындоого жол берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомунун редакциясына ылайык)
19. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
20. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
21. КССУИ директору жок болгон учурда, анын милдеттерин аткаруу директордун илим боюнча орун басарына жүктөлөт.
22. КССУИ директору:
- өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйруктарын, эмгек тартибинин ички эрежелерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат;
- КССУИ жеке башкаруу принциптери боюнча башкарат жана КССУИ максаттарын, милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу, финансылык тартипти сактоо, бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзүү, КССУИ оперативдүү башкаруусунда турган мүлктүн жана башка материалдык баалуулуктардын сакталышы, мекеменин кызматкерлеринин укуктарын сактоо, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды коргоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана КССУИ локалдык ченемдик укуктук актыларына ылайык кызматкерлерди кабыл алат жана бошотот, алардын кызматтык милдеттерин аныктайт, КССУИ илимий кызматкерлеринин кызмат орундарын ээлөө үчүн конкурс боюнча тандайт жана мекеменин кызматкерлерин аттестациялайт;
- КССУИ мыкты кызматкерлерин сыйлайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик таасир этүү чараларын колдонот;
- финансылык ресурстарды тескейт;
- банк мекемелеринде улуттук жана чет өлкөлүк валютада эсептешүү жана башка эсептерди ачат;
- өзүнүн компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат.
23. КССУИ директорунун орун басарлары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен макулдашуу боюнча директор тарабынан дайындалат, алар ыйгарым укуктарын кызматтык нускамаларга ылайык жүзөгө ашырат.
24. КССУИ ырааттуулугун сактоо жана инновациялык өнүгүүсүн камсыз кылуу, тажрыйбаны жана билимди жамаатка өткөрүп берүү, илимий-практикалык жана билим берүү ишин координациялоо максатында КССУИ илимий жетекчисинин кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
Илимий жетекчи КССУИ окумуштуулар кеңеши тарабынан шайланат. Илимий жетекчинин кызмат ордун ээлеген адам илимдин тиешелүү тармагында жана КССУИ жетекчинин кызмат ордунда иш тажрыйбасы болууга тийиш. КССУИ илимий жетекчисин шайлоонун тартиби, укуктары жана милдеттери, анын ишинин башка маселелери окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынуучу жана директор тарабынан бекитилүүчү Жобо менен аныкталат.
25. КССУИ Саламаттык сактоо министрлигинин түзүмүндө турат.
26. КССУИ медициналык ишин жөнгө салууну, координациялоону жана контролдоону Саламаттыкты сактоо министрлиги, ал эми илимий жана билим берүү ишин - Билим берүү жана илим министрлиги жүзөгө ашырат.
7. КССУИ окумуштуулар кеңеши
27. Окумуштуулар кеңеши КССУИ сунуштама берүүчү коомдук-кесиптик органы болуп саналат. Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү үч жылдык мөөнөткө КССУИ директорунун сунушу боюнча, жогорку медициналык, фармацевтикалык жана биологиялык билими бар илимий кызматкерлердин жана адистердин, административдик-башкаруучулук персоналынын жалпы чогулушунда жашыруун добуш берүү менен шайланат.
КССУИ окумуштуулар кеңешинин курамына КССУИде иштебеген алдынкы окумуштуулар жана адистер, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү кире алат.
28. Окумуштуулар кеңеши жыйналышка анын курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, чечим кабыл алууга укуктуу болот.
Окумуштуулар кеңешинин чечимдери, эгерде алар үчүн добуш берүүгө катышкан окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет.
29. Окумуштуулар кеңешинин төрагасы КССУИ директору болуп саналат.
8. КССУИ каржылоо булактары
30. КССУИ каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт:
- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын;
- тең төлөөдөн алынган каражаттардын;
- атайын каражаттардын;
- эл аралык уюмдардын гранттарынын;
- жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу чегерүүлөрүнүн жана салымдарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын.
31. КССУИ илимий-изилдөө иштерин бюджеттик каржылоо төмөнкүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
- КССУИде жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдү колдоо каражаттары катары базалык каржылоо;
- илимий-техникалык программалардын артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий изилдөөлөрдү жана иштелмелерди максаттуу каржылоо.
32. Гранттык, эл аралык уюмдардын, жеке компаниялардын жана башка уюмдардын системасы боюнча айрым изилдөөлөрдү контракттык негизде каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген принциптерде жүзөгө ашырылат.
33. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык макулдашуулардын негизинде түзүлүүчү жана ишке ашырылуучу илимий изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды каржылоо кызыкдар тараптардын ортосунда келишимдик негизде үлүштүк катышуу тартибинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
34. КССУИ иши ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9. КССУИ ишин токтотуу жана кайра уюштуруу
35. КССУИ иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюуда токтотулушу мүмкүн. КССУИ кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен ишке ашырылат.
36. КССУИ документтери "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук…Постановление · 07.07.2023 · № 340
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 563 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саламаттык…Постановление · 24.10.2023 · № 563 · Күчүн жоготкон