Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин „Алдын алуучу медицина“ илимий-өндүрүштүк бирикмесине „улуттук“ статусун ыйгаруу жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2022-жылдын 7-декабры ПЖ № 386
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусун ыйгаруу жөнүндө
Өлкөнүн аймагынын санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган алдын алуучу медицина чөйрөсүндөгү илимий-практикалык жана билим берүү ишин өнүктүрүү жана калктын ден соолугун коргоо жана чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин "Алдын алуучу медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесине "улуттук" статусу ыйгарылсын жана мындан ары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу "Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук…Постановление · 07.07.2023 · № 340
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-декабрындагы № 802 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 26.12.2024 · № 802
- КР Министрлер Кабинетинин 07.07.23 ж. №340 токтомуПостановление · 07.07.2023 · № 340
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021