6-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 апреля 2009 года № 138
Жогорку Кењештин Төрагасы:
1) Жогорку Кењештин жыйналыштарын алып барат;
2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоо-
го жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
3) Жогорку Кењеш кабыл алган актыларга кол коет;
4) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде Жо-
горку Кењештин агынан чыгат, Жогорку Кењештин Президент, Өкмөт, мамле- кеттик бийликтин аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара байланышын камсыз кылат;
5) Жогорку Кењештин Аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө
ашырат жана контролдук кылат, тийиштүү тескемелерди чыгарат;
6) Жогорку Кењештин документтеринин жүгүртүлүшү жөнүндө жобону бе-
китет;
7) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн же Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн бири- нен кем эмесинин сунушу боюнча Жогорку Кењештин кезексиз сессияларын чакырат;
8) Жогорку Кењештин Төрагасынын орун басарларынын жана Жогорку Ке-
њештин комитеттеринин төрагаларынын кызматтык милдеттерин аткарышын контролдойт;
9) Жогорку Кењештин жооптуу кызмат адамдарынын иш сапарлары жөнүн-
дө тескеме чыгарат, иш сапарында аткарган иштери тууралу отчету беки- тет, же ушул милдетти өзүнүн каалоосу боюнча Төраганын орунбасарларынын бирөөсүнө жүктөйт;
10) Жогорку Кењештин тапшырмаларын аткарат;
11) Жогорку Кењешке сунуш кылынган мыйзам долбоорлорун жана мате-
риалдарды аларды кароонун жүрүшүнө байланышкан маселелерге ылайык коми- теттерге, депутаттык фракцияларга жиберет;
12) Жогорку Кењештин Аппаратынын жетекчисин жана анын орун басар-
ларын, Жогорку Кењештин Иш башкармалыгынын Иш башкаруучунун жана анын орунбасарларын кызматка дайындайт жана бошотот;
13) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык төмөн-
дөгүлөрдү кызматка дайындайт жана бошотот: Аппараттын жетекчисинин сунуштамасы боюнча Жогорку Кењештин Аппа- ратынын, Жогорку Кењештин Иш башкармасынын башкаруучусунун сунуштамасы боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана алардын орунбасарларын; Аппараттын жетекчисинин сунуштамасы боюнча тийиштүү комитеттердин төрагалары менен макулдашуу аркылуу комитеттердин бөлүмдөрүнүн жетекчи- лерин жана алардын орунбасарларын; тийиштүү депутаттык фракциялардын лидерлеринин сунуштамасы боюнча
- депутаттык фракциялардын бөлүмүнүн (секторунун) жетекчилерин.
14) Жогорку Кењешке бөлүнүп берилген каражаттарды Жогорку Кењештин
бекитилген бюджетине жана чыгымдарынын сметасына ылайык тескейт;
15) Жогорку Кењештин жана анын органдарынын ар-намысын жана ка-
дыр-баркын сактоо, коргоо боюнча чараларды көрөт;
16) Жогорку Кењештин коопсуздугун камсыз кылат;
17) Жогорку Кењештин иш тартибин жана ырааттамасын сактоону камсыз
кылат;
18) Жогорку Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорлорун иш-
теп чыгуу, Жогорку Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралууга жаткан маселелердин календарын түзүү үчүн координациялык кењешме өткө- рөт;
19) имарат-жайларды, курулмаларды, жабдууларды, транспортту, ошон-
дой эле Жогорку Кењешке тиешелүү болгон аймакты пайдалануу маселесин чечет;
20) кабыл алынган Жогорку Кењештин токтомдорунун аткарылышына кон-
тролду жүзөгө ашырат;
21) Жогорку Кењештин чыгымдарынын сметасынын долбоорун иштеп чы-
гууну камсыз кылат жана бюджеттик жыл аяктаганга 3 ай калгандан кечик- тирбестен аны Жогорку Кењештин кароосуна коет;
22) бюджеттик жыл аяктагандан кийин бир жарым айдан кечиктирбестен
Жогорку Кењештин өткөн жылдагы чыгымдары жана алардын Жогорку Кењештин чыгымдарынын бекитилген сметасына туура келиши же андан четтегендиги тууралу Жогорку Кењештин кароосуна жазуу жүзүндө кењ кесири отчет бе- рет;
23) эгерде киргизилип жаткан мыйзам долбоорлоруна коюлуучу ушул
Мыйзамдын талаптары аткарылбаса Жогорку Кењешке киргизилген мыйзам дол- боорлору боюнча Жогорку Кењештин комитеттеринин корутундусунун (чечими- нин) негизинде мыйзам чыгаруу демилгесинин укугун субъекттерге кайтарып берет;
24) Жогорку Кењеште каттоодон өткөн депутаттык фракцияларга ушул
Мыйзамда көрсөтүлгөн иш милдеттерин жүзөгө ашырышына көмөк көрсөтүү максатында бөлмөлөр, керектүү жабдуу шайман берет аларга ишенимин акта- ган администрациялык техникалык кызматкерлерди бекитет;
25) Жогорку Кењештин ишин уюштуруу боюнча дагы башка ыйгарым укук-
тарды жүзөгө ашырат. Жогорку Кењештин Төрагасынын тескемеси депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган Жогорку Кењештин чечими боюнча өз- гөртүлүшү толукталышы, жокко чыгарылышы мүмкүн. Жогорку Кењештин Төрагасы Жогорку Кењешке жоопкер жана ар жылы өз иши жана Жогорку Кењештин Аппаратынын ишинин уюштурулушу тууралу Жогор- ку Кењешке отчет берет. Төрага ушул регламенттин жоболоруна ылайык маселелерди талкуулоого катышуу үчүн депутаттык фракцияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзөт. Жогорку Кењештин Төрагасы Жогорку Кењештин жыйналышынын учурунда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана ушул Регламентти жетекчилик- ке алат. Жогорку Кењештин жыйналышынан тышкары учурда өзү мүчө болгон фракциянын ишине катышууга жана фракциялык тартипке баш ийүүгө милдет- түү. (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 апреля 2009 года № 138 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>