53-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Четке кагылган мыйзам долбоорлорун кошпогондо, Жогорку Кењештин жыйналышынын учурунда каралып жаткан маселеге бир жолу кайрылууга жол берилет. Каралып жаткан маселеге кайрылуу бул маселе боюнча мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгарууну билдирет. Каралган маселеге кайрылуу жөнүндө добуш берүү аны жокко чыгарган чечимди кабыл алуу тартибинде жүргүзүлөт. Алгачкы добуш берүүнүн натыйжалары жыйналыштын протоколуна киргизилет жана Жогорку Кењештин токтому менен жол-жоболоштурулбайт. Жол-жобо маселелери боюнча чечим жыйналышка катышып отурган депу- таттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Төмөнкүлөр жол-жобо масе- лерине кирет:
1) жыйналыштагы танапис, жыйналыштын жылдырылышы же жабылышы
жөнүндө;
2) чыгып сүйлөөчүлөр үчүн кошумча убакыт берүү жөнүндө;
3) жыйналышка чакырылгандарга сөз берүү жөнүндө;
4) жыйналыштын күн тартибинин маселеси боюнча жарыш сөздү кийинки-
ге калтыруу жөнүндө;
5) жыйналыштын күн тартибинин маселелерине өтүү (кайрылуу)
жөнүндө;
6) маселени тиешелүү комитеттин кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө;
7) жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө;
8) ушул Мыйзамдын 22-статьясынын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн
адамдарды жыйналышка чакыруу жөнүндө;
9) чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
10) добуштарды кайрадан эсептөө жөнүндө;
11) депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүү жөнүндө.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-53" title="53-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>