22-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Жогорку Кењештин жыйналыштары ойду ачык-айкын айтуу менен жүргүзүлөт жана массалык маалымат каражаттарында, телекөрсөтүү менен радио аркылуу берилип, анын чечимдери "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысында", басма сөз массалык маалымат каражаттарында жары- яланат жана Жогорку Кењештин расмий сайтына жайгаштырылат. Телекөрсөтүү жана радио боюнча берилүүчү кабарлардын убактысы жана көлөмү Жогорку Кењеш тарабынан аныкталат. Жогорку Кењештин чечими менен анын жыйналыштарына мамлекеттик ор- гандардын, коомдук бирикмелердин, илимий мекемелердин өкүлдөрү, экс- перттер жана башка адистер Жогорку Кењеш тарабынан каралып жаткан мый- зам долбоорлору жана башка маселелер боюнча зарыл болгон маалыматтар менен корутундуларды берүү үчүн чакырылышы мүмкүн. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү Жогорку Кењеште аккредитацияланган учурда Жо- горку Кењештин жыйналыштарына катыша алышат. Эгерде жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө сунуш Жогорку Кењештин жый- налышында төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Кењештин комитети жана депу- таттык бирикмеси (фракциясы, депутаттык тобу) тарабынан киргизилсе, Жо- горку Кењеш мындай чечим кабыл ала алат. Жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим добуш берүүгө катышкан Жогор- ку Кењештин депутаттарынын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Жогорку Кењештин жабык жыйналыштарында айтылган маалыматтар жайылтылбо- ого тийиш. Жогорку Кењеш мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгуучу өзүнүн бас- ма сөз массалык маалымат каражаттарына ээ.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-22" title="22-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>