49-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 января 2008 года № 1
Жогорку Кењештин жыйналышында ачык добуш берүү добуштарды эсептөөнүн электрондук тутумун пайдалануу менен же Жогорку Кењештин че- чими боюнча электрондук тутумду пайдаланбастан эле жүргүзүлөт. Электрондук тутумду пайдаланбастан добуш берүү жүргүзүүдө добуш- тарды эсептөө Жогорку Кењеш тарабынан шайланган эсептөө комиссиясына тапшырылат. Ачык добуш берүү башталардын алдында төрагалык кылуучу сунуштардын санын айтат, алар добушка коюлат, алардын жол-жоболоштурулушун жана до- бушка кандай ырааттуулукта коюларын тактап, чечимди добуш берүүнүн кан- дай түрү менен (депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес до- бушу, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу жыйналышка катышып отурган депутаттардын көпчүлүк добуш жана дагы башка көпчүлүк добуш ме- нен белгиленген) кабыл алса болорун эске салат. Депутаттык фракциялардын лидерлеринин талабы боюнча кандай маселе болбосун добуш берүү башталганга чейин 15 мүнөткө созулган бир тыныгуу жарыяланат. Төрагалык кылуучу добуш берүүнүн башталгандыгы тууралу жарыя кыл- гандан кийин жыйналышты алып баруу тартиби боюнча билдирүүлөрдөн тышка- ры добуш берүүнү үзгүлтүккө учуратууга эч кимдин укугу жок. Добуштар эсептелип чыккандан кийин төрагалык кылуучу кабыл алынган чечим тууралу жарыя кылат ("макул" - оњ же "каршы" - терс). Эгерде добуш берүүнүн натыйжаларын аныктаганда техникалык (добуш- тарды эсептөө тутумунун иштешине байланыштуу) же жол-жобо жагынан ката- лар аныкталса, анда кайталап добуш берүү өткөрүлүүгө тийиш, антпесе до- буш берүү анык эмес деп эсептелет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-январындагы N 1 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
49-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-49" title="49-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>