48-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 9-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Жогорку Кенештин чечимдери анын жыйналыштарында ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат. Жогорку Кењештин жыйналыштарында добуш берүү добуштарды эсептөөчү электрондук тутумду пайдалануу, аталган электрондук тутумду пайдалан- бастан, бюллетендерди пайдалануу менен жүзөгө ашырылат. Электрондук тутумду пайдалануу менен добуш берүү сандык, рейтинг- дик, альтернативалуу жана сапаттык түрдө болушу мүмкүн. Сандык добуш берүү - "макул", "каршы" же "калыс" деген жооптордун вариантын тандоо. Добуштарды эсептөө жана добуштардын натыйжаларын берүү ар бир добуш берүүнүн варианты боюнча жүргүзүлөт. Рейтингдик добуш берүү - ар бир депутаттын катышуусу мүмкүн болгон ар бир маселе боюнча ырааттуу сандык добуш берүүнүн катары Мында ар бир добуш берүү боюнча добуш берүүнүн натыйжаларын сунуш кылуу бардык масе- лелер боюнча добуш берүү аяктаганда гана жүргүзүлөт. Альтернативалуу добуш берүү - добуш берүүгө коюлган маселенин ва- рианттарынын бири үчүн гана ар бир депутаттын добуш берүүсү. Добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн натыйжаларын чыгаруу добуш берүүгө коюлган маселенин бардык варианттары боюнча бир мезгилде жүргүзүлөт. Сапаттык добуш берүү - "канааттандырарлык", "канааттандырарлык эмес" деген эки варианттын бири боюнча добушка коюлган маселеге сапат- тык баа берүү аркылуу альтернативалуу добуш берүү. Электрондук тутумду пайдалануу менен ачык добуш берүү режиминде атын атап добуш берүү натыйжалары камсыз кылынат. Экранда добуш берүүнүн ар бир этабынын ("макул", "каршы", "калыс") жана добуш берүүгө катышкандардын жалпы эсеби көрсөтүлүп турат, добуш берүүнүн натыйжалары менен тизмелер тиешелүү формада түзүлөт жана көрсүтөлөт, депутаттардын койгон талабына жараша аларга билдирилет. Электрондук тутумду пайдалануу менен жашыруун добуш берүү режимин- де добуш берүү аяктамайынча добуш берүүнүн ар бир этабынын натыйжалары экрандан көрсөтүлбөйт Добуш берүү аяктагандан кийин ар бир этаптын на- тыйжалары жана добуш берүүгө катышкандардын жалпы саны экрандан көрсөтүлөт, бирок аты аталган тизме компьютердин эсинде сакталып кал- байт.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-48" title="48-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>