240-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 42-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Ушул Регламенттин 239-статьясынын 9-пунктунда каралган негиз боюн- ча Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу Жогорку Кењештин Төрагасынын тиешелүү сунуштамасынын жана Жогорку Кењештин тиешелүү комиссиясынын корутундусунун негизинде Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын чечими менен жүзө- гө ашырылат. Депутат Жогорку Кењештин жыйналышында бир сессиянын ичинде себеп- сиз 30 же андан көп күн жок болгондо Жогорку Кењештин Төрагасы аталган факты белгилүү болгон күндөн тартып 7 күндөн кечиктирбестен Жогорку Ке- њеш тарабынан түзүлгөн комитетке жана тиешелүү депутаттык фракцияга де- путаттын ишин кароо жана баа берүү үчүн сунуш киргизет. Комитет 14 календарлык күндүн ичинде депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуштун негиздүүлүгүн текшерет, су- нушка негиз болгон фактыларды, тийиштүү документтерди карап чыгат жана өзүнүн жыйналышында маселеси чечилип жаткан депутаттын өзүн, ошондой эле депутаттык фракциялардын өкүлдөрүн жана башка адамдарды угат. Комитет мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутат тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушу жө- нүндө сунушка негиз болгон иш жүзүндөгү шарттардын бар экендиги же жок экендиги жөнүндө корутунду кабыл алат. Депутат тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотушу жөнүндө сунушка негиз болгон иш жүзүндөгү шарттардын бар экендиги же жок экендиги жөнүндө комитеттин тиешелүү корутундусу күн тартибине кезексиз тартипте кароо үчүн киргизилет. Депутаттын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу же андан баш тартуу жөнүндөгү токтом депутаттардын жалпы санынын көпчү- лүк добушу менен жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
240-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн…Постановление · 04.03.2010 · № 7
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн…Постановление · 12.03.2010 · № 9
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 12-ноябрындагы № 269 "Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын катын кароо жөнүндө" токтомуПостановление · 12.11.2009 · № 269
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-240" title="240-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>