15-статья
Күчүн жоготкон · 25.11.2011 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 апреля 2009 года № 137
Жарандардын укугуна жана кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн бол- гон мыйзамдарды же башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар Жогорку Кењештин комитеттери тарабынан табылган учурларда, эгер алар тез арада четтетилбесе, бул мыйзам бузууларды милдеттүү түрдө четтетүү жөнүндө чечим кабыл алынат. Чечимде бузулган мыйзам же дагы башка ченемдик укуктук акты, бузу- улардын мүнөзү көрсөтүлүүгө жана аны четтетүү боюнча айкын сунуштар камтылууга тийиш. Комитеттин жана Жогорку Кењештин комиссияларынын чечими мыйзамды же ченемдик укуктук актысын бузууга жол берген органга же кызмат адамы- на, болбосо баш ийүү жагынан жогору турган органга же жол берилген бу- зууларды четтетүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамына жиберилет. Комитеттин жана Жогорку Кењештин комиссияларынын чечими токтоосуз каралууга тийиш. Аны кароонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү комитетке жүйөлүү жооп берилет. Эгерде мыйзамдардын же ченемдик укуктук актынын бузууларын четте- түү боюнча Жогорку Кењештин комитеттеринин жана комиссияларынын чечим- дери мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же алар- дын кызмат адамы тарабынан аткарылбаса же талапка ылайык аткарылбаса, Жогорку Кењештин комитеттери жана комиссиялары жогору турган мамлекет- тик органга тартип бузууларды четтетүү жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык кызмат адамын жоопкерчиликке тартуу тууралу сунуштама киргизет. Эгерде жогору турган орган да мыйзамдарды же ченемдик-укуктук ак- тыларды четтетүү боюнча тийиштүү чара кабыл албаса, Жогорку Кењештин комитеттери жана комиссиялары парламенттик угууну өткөзүүгө укугу бар, парламенттик угууда мыйзамдарды же укуктук-ченемдик актыларды бузууга жол берген адамдарга Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына су- нуштама жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн. Бул учурда жогору турган орган же кызмат адамы бир айдын ичинде тиешелүү комитетке жана Жогорку Кењештин комиссияларына кабыл алынган чечим жөнүндө билдирет. (КР 2008-жылдын 25-январындагы N 1, 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 137, Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 25.11.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 апреля 2009 года № 137 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 января 2008 года № 1 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1603/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>