Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу»мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-11-25.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары
2009-жылдын 27-апрели № 137
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу
2009-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2005-жыл, 18-ян-
варь, № 4-5) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын жалпы тексти боюнча ар кандай жөндөмө түрүндөгү "ушул
Мыйзам" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "ушул Регламент" деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 4-главанын атын жана 10-берененин 1-бөлүгүн кошпогондо Мыйзам-
дын жалпы тексти боюнча ар кандай жөндөмө түрүндөгү "убактылуу комисси-
ялар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "комиссиялар" деген сөз ме-
нен алмаштырылсын.
3. 15-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарандардын укугуна жана кызыкчылыгына зыян келтириши мүмкүн бол-
гон мыйзамдарды же башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар Жогорку
Кењештин комитеттери тарабынан табылган учурларда, эгер алар тез арада
четтетилбесе, бул мыйзам бузууларды милдеттүү түрдө четтетүү жөнүндө
чечим кабыл алынат.".
4. 20-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөө мезгили
Жогорку Кењештин чечими менен аныкталат.".
5. 24-статьянын 2-бөлүгүндөгү "аз" деген сөз "мурда" деген сөз ме-
нен алмаштырылсын.
6. 33-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жарыш сөздө жана мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча сүйлөгөн-
дөргө 5 мүнөткө чейин, жыйналышты алып баруу тартиби үчүн, добуш берүү
жүйөөсү, талапкерлер боюнча, билдирүүлөр, суроолор, сунуштар, маалымат-
тар, маалымкаттар үчүн 2 мүнөткө чейин убакыт берилет.".
7. 37-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) Жогорку Кењештин Регламенти;".
8. 40-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењештин комитеттери түзүлгөндөн кийин төрагалык кылуучу
фракциянын лидери менен макулдашуу боюнча депутаттардын кењешүүсү жана
комитеттердин мүчөлөрүн аныктоо үчүн жыйналышка тыныгуу жарыялайт".
9. 65-статьянын 1 жана 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жашыруун добуш берүү бюллетендерди пайдалануу менен же добуштарды
эсептөөнүн электрондук система аркылуу жүргүзүлөт.
Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берилген учурда бар-
дык депутаттык фракциялардын өкүлчүлүгүн эске алуу менен 7 депутаттан
кем эмес сандагы эсептөө комиссиясы шайланат."
10. 80-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жогорку Кењештин комитеттери жана комиссиялары өздөрүнө тиешелүү
маселелер боюнча, ошондой эле депутаттык фракциялар парламенттик угуу-
ларды өткөрүүнү демилге кылышат жана өткөрө алышат.".
11. 98-статьядагы "тиешелүү" деген сөз "тийиштүү" деген сөз менен
алмаштырылсын.
12. 103-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мыйзамдар Жогорку Кењеш тарабынан толугу менен эки же үч окууда
кабыл алынат. Мыйзам долбоорлорун кароо Жогорку Кењештин күн тартибине
ылайык жүргүзүлөт. Мыйзам долбоору боюнча окуулардын ортосундагы убакыт
аралыгы Жогорку Кењеш тарабынан аныкталат.".
13. 105-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эгерде мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынбаса, кайра кароо
үчүн тиешелүү комитетке кайтарылып берилбесе же окуулардын биринде да
кабыл алынбаса, анда ал четке кагылды деп эсептелет.".
14. 129-статьядагы "же эл аралык келишимге кошулуу" деген сөздөр
"же эл аралык келишимге кошулууну" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
15. 132-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"132-статья.
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайта-
рылган Мыйзам төмөнкүдөй корутунду берүү үчүн тиешелүү комитетке жөнө-
түлөт:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук
берилсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлерине макулдук
берилбесин;
- мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Респуб-
ликасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен макулдашылган редакциясында кабыл
алынсын.
Жогорку Кењеш тарабынан "Кыргыз Республикасынын Президентинин кар-
шы пикирлерине макулдук берилбесин" деген чечим кабыл алынган учурда,
мыйзам Жогорку Кењешке келип түшкөн күндөн тартып үч айдын эрте эмес
убакта кайра каралууга жатат.
16. 18-глава төмөнкүдөй мазмундагы 133-статья менен толукталсын:
"133-статья.
Эгер мыйзам кайра кароодо мурда кабыл алынган редакциясында үчтөн
экиден кем эмес көпчүлүк добуш менен жактырылса, ал эми Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясынын 65-беренесинин 4-пунктунда көрсөтүлгөн мый-
замдар Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын төрттөн үчүнөн кем
эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынса, мыйзам келип түшкөн 14 күндүн
аралыгында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлууга
тийиш.";
133-статья тийиштүү түрдө 134-статья деп эсептелсин.
17. 144-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пункту алып салынсын.
18. 30-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"30-глава.
Республикалык бюджетти жана анын аткарылышы
тууралуу отчетту бекитүү"
19. 236-статья алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон