Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
91-статья. Врачтык жашыруун сыр
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 сентября 2021 года № 119
Жарандын медициналык жардам сурап кайрылганы, ден соолугунун абалы, анын оорусунун диагнозу жана ал жөнүндө маалымат, медициналык жактан кароодо жана дарылоодо алынган дагы башка маалыматтар врачтык жашыруун сырды түзөт. Жаранга өзү берген маалыматтардын купуялуулугуна кепилдик тастыкталышы зарыл. Ушул статьянын үчүнчү жана төртүнчү бөлүктөрүндө белгиленгенден тышкаркы учурларда окутуу, кесиптик, кызматтык жана башка милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды жарыя кылууга жол берилбейт. Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды башка жарандарга, анын ичинде кызмат адамдарына пациентти кароо жана дарылоо кызыкчылыгы, илимий изилдөө жүргүзүү, илимий адабиятта жарыялоо, бул маалыматтарды окуу процессинде, дагы башка максаттарда пайдалануу үчүн берүүгө уруксат кылынат. Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө төмөндөгүдөй учурда уруксат кылынат:
- ден соолугунун абалынан улам өз эркин билдирүүгө кудуретсиз жаранды текшерип кароо жана дарылоо максатында;
- жугуштуу оорулар таркалуу, массалык уулануу жана жабыркоо коркунучу туулса;
- тергөө жүргүзүүгө же сот териштирүүсүнө байланыштуу алгачкы иликтөө жана тергөө органдарынын, прокурордун жана соттун суроо-талабы боюнча;
- ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирүү үчүн Кыргыз Республикасынын ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, 16 жашка чейинки жашы жете элекке жардам берилген учурда;
- жарандын ден соолугуна укукка жат иш-аракеттин натыйжасында зыян келтирилген деп болжоого негиздер болгондо.
Врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтар мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүп берилген адамдар врачтык жашыруун сырды жарыя кылгандыгы үчүн жаранга келтирилген залалды эсепке алуу менен медициналык жана фармацевттик кызматкерлериндей эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 сентября 2021 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ВИЧ/СПИДе в Кыргызской Республике", "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике")"Редакцияларды салыштыруу
15.09.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчүн берүүгө уруксат кылынат.
Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн алынып салынды: макулдугу менен врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды башка жарандарга, анын ичинде кызмат адамдарына пациентти кароо жана дарылоо кызыкчылыгы, илимий изилдөө жүргүзүү, илимий адабиятта жарыялоо, бул маалыматтарды окуу процессинде, дагы башка максаттарда пайдалануу үчүн берүүгө уруксат кылынат:
Жарандын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз врачтык жашыруун сырды түзгөн маалыматтарды берүүгө … боюнча;
- ата-энесине же мыйзамдуу өкүлдөрүнө билдирүү үчүн кошулду: Кыргыз Республикасынын ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, 16 жашка чейинки жашы жете элекке жардам берилген алынып салынды: учурда:
кошулду: учурда;
- жарандын ден соолугуна укукка жат иш-аракеттин натыйжасында зыян … Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 15-сентябрындагы № 119 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-91" title="91-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>