Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
84-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлердин укуктары
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 августа 2017 года № 167
Жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча өзүнүн кесиптик милдеттерин жүзөгө ашырууда медициналык жана фармацевттик кызматкерлер төмөндөгүлөргө укуктары бар:
- сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү камсыз кылуучу эмгек шарттарына;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген клиникалык протоколдордун негизинде пациенттерди текшерүүдөн өткөрүүнүн жана дарылоонун усулдарын тандап алуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
- (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- медициналык практикада диагностиканын азыркы кездеги усулдарын киргизүүгө;
- Кыргыз Ресггубликасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жекече медициналык иш жүргүзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишти айкалыштырып иштөөгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарга.
Медициналык жана фармацевттик кызматкерлер алардын кесиптик милдеттерин аткарууда этиятсыздык же кайдыгерлик менен байланышпаган, анын натыйжасында жарандын ден-соолугуна залал же зыян келтирилиши мүмкүн болгон кесиптик жаңылыштыктарды камсыздандыруу укуктарына ээ. Медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дары-дармектерге рецепт жазып берүүгө, эмгекке жөндөмсүздүгү жөнүндө маалымкат жана баракча берүүгө укуктуу. (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 2 августа 2017 года № 167 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам обращения лекарственных средств и медицинских изделий"Редакцияларды салыштыруу
02.08.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана дарылоонун усулдарын тандап алуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
- алынып салынды: Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте дары-дармектерге рецепт жазып берүүгө, эмгекке жөндөмсүздүк жөнүндө баракча жана маалымкат берүүгө;
кошулду: (КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- медициналык практикада диагностиканын азыркы кездеги усулдарын … мүмкүн болгон кесиптик жаңылыштыктарды камсыздандыруу укуктарына ээ.
кошулду: Медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте дары-дармектерге рецепт жазып берүүгө, эмгекке жөндөмсүздүгү жөнүндө маалымкат жана баракча берүүгө укуктуу.
(КР 2017-жылдын 2-августундагы № 167 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-84" title="84-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>