83-статья. Медициналык жана фармацевттик кызматкерлерге көмөк көрсөтүү милдети
Күчүн жоготкон · 12.01.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 января 2024 года № 14.
Жергиликтүү аткаруу жана тескөөчү органдары, кызмат адамдары жана жарандар медициналык жардам көрсөтүүдө медициналык жана фармацевттик кызматкерлерине көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. Адамдын өмүрүнө коркунуч келгенде медициналык жана фармацевттик кызматкерлер оорулуу турган жерге келүү үчүн, болбосо аны жакын арадагы саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү үчүн ошол жагдайда болгон транспорттун кандай түрү болбосун пайдалануу укуктарына ээ. Транспорт берүү жөнүндө медициналык же фармацевттик кызматкердин мыйзамдуу талабын аткаруудан баш тарткан учурда, кызмат адамы же транспорттук каражаттын ээси Кыргыз Респубиликасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат. Адамдын өмүрүнө коркунуч келгенде медициналык менен байланышкан чыгымдардын ордун толтуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 12.01.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
83-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1602/st-83" title="83-статья - Кыргыз Республикасыныда жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>