Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
56-1-статья. Тутумдук каттоонун жүрүшүндө кыймылсыз мүлк
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 11-глава
бирдигине укуктарды таануу жана каттоо жөнүндө чечим кабыл алуунун тартиби
1. Иш жүзүндөгү аянт менен кыймылсыз мүлккө болгон укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн аянттын ортосунда ушул Мыйзамдын 47-1-статьясына ылайык белгиленген жол берилүүчү өлчөмдөн ашыкча айырма белгилүү болгон учурда жергиликтүү каттоо органдары тутумдук текшерүүнүн материалдарын тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына жана башка ыйгарым укуктуу органдарга жиберет.
2. Ушул статьянын 1-пунктунда аталган органдар тутумдук текшерүүнүн материалдарын алган учурдан тартып 10 күндүн ичинде тиешелүү чечим кабыл алууга милдеттүү. Кыймылсыз мүлк бирдигине укуктарды таануу же тааныбоо жөнүндөгү чечим кыймылсыз мүлктүн ар бир бирдиги боюнча же бир нече бирдиги боюнча кабыл алынышы мүмкүн.
3. Эгерде тутумдук каттоо жүргүзүү учурунда сервитуттар табылса, анын бар экендиги укук белгилөөчү документтер тарабынан тастыкталбаса, анда тутумдук каттоо боюнча адистер алардын жайгашуусун карталарда чагылдырууга жана кыймылсыз мүлк бирдигин сервитут менен түйшүккө салуу (чектөө) фактысынын негизинде каттоо жүргүзүүгө тийиш.
4. Үйдүн тегерегиндеги жер участокторунун, өзгөчө турган көп батирлүү үйдүн турак жай жана турак жайлык эмес бөлмөлөрдүн менчик ээлеринин чегин белгилөө жана үйдүн жанындагы жер участогуна укуктарды каттоо алгачкы укук белгилөөчү документтердин негизинде (курулуш жана башка үчүн жер участокторун берүү тууралу чечимдер) жүргүзүлөт, аларда жер участогунун чектери жана аянттары жөнүндөгү маалыматтар камтылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы пайдалануудагы жана башка жерлерди кошпогондо.
Өзгөчө турган көп батирлүү үйдүн тегерегиндеги жер участогунун чектерин белгилөөчү алгачкы документтер жок болгон учурда, көп батирлүү үйлөрдүн тобун курганга жер участогун бергенде үйдүн тегерегиндеги участоктун чектери башкаруунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аймактык бөлүктөрү ырастаган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген ченемдерге ылайык иштелип чыккан чектердин долбоорунун негизинде белгиленет. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-56-1" title="56-1-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>