56-статья. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин тутумдук текшерүүнүн
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 11-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 декабря 2003 года №237
натыйжаларын коомчулукка жарыялоо тартиби
1. Каттоо кварталында (кварталдарында) же секторунда тутумдук текшерүүнү аяктагандан кийин жеке жана юридикалык жактарды тутумдук текшерүүнүн натыйжалары менен тааныштыруу үчүн коомчулукка жарыялоо өткөрүлөт.
Коомчулукка жарыялоонун мөөнөтү 45 календарлык күндү түзөт. Коомчулукка жарыялоо жалпыга жеткиликтүү болгондой жайда өткөрүлөт, ал жерде укук ээлери жөнүндө маалыматтар жана индексацияланган каттоо карталары жайгаштырылат. Укук ээлери жөнүндөгү маалыматтар төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
- кыймылсыз мүлк бирдигинин окшоштурулган кодун;
- кыймылсыз мүлк бирдигинин дарегин;
- укук ээсинин фамилиясын, атын, атасынын атын;
- кыймылсыз мүлк бирдигинин эмнеге иштетилерин;
- менчиктин түрүн;
- укук белгилөөчү документ боюнча белгиленген аянт жана кыймылсыз мүлк бирдигинин иш жүзүндөгү аянтын;
- түйшүккө салуунун (чектөөнүн) түрүн, ошондой эле эскертүүнү.
Мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндөгү колдо болгон укук белгилөөчү документтерди, ошондой эле картографиялык материалдарды ушул Мыйзамдын 53-статьясында аныкталган тартипте берүүгө;
2) тутумдук каттоонун максаттары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө;
3) коомчулукка жарыялоону жүргүзүү үчүн бөлмөлөрдү берүүгө;
4) коомчулукка жарыя кылуу пункттарында кезметчиликти уюштурууга;
5) катталган укуктар жөнүндө укук ээлерине маалымдама жөнөтүүгө;
6) менчик укуктарын мыйзамдаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алууга жана укук белгилөөчү документтерди берүүгө.
2. Ошол эле 45 күндүк мөөнөттө кандай гана жеке же юридикалык жак болбосун, кыймылсыз мүлк бирдигин көрсөтүп жана индекстелген каттоо картасында жана каттоо карточкасында тутумдук каттоо учурунда келтирилген бардык каталарды же так эместикти көрсөтүү менен каттоо органына жазуу түрүндө доомат менен кайрыла алат. Белгиленген 45 күндүк мөөнөт өткөндөн кийин коюлган дооматтар кабыл алынбайт. Алар ушул Мыйзамдын 48 жана 49-статьяларында белгиленген тартипте чечилет.
3. Коомчулукка жарыялоо үчүн берилген 45 календарлык күн аяктагандан кийин доомат коюлбаган жана кыймылсыз мүлк бирдигине тиешелүү укук белгилөөчү документтери бар бардык укуктар жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) мамлекеттик каттоодон өттү деп эсептелинет. Каттоо карточкасына тиешелүү жазуу жазылат. Укуктар мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып 30 күндүн ичинде маалымдама аларды кийин менчик ээлерине тапшыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына берилет.
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
56-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
- 47-1-статья
- 48-статья
- 49-статья
- 53-статья. Кыймылсыз мүлк бирдиктерин тутумдук текшерүүнүн
Беренеде аталган актылар (1)
- Постановление Правительства КР от 11 сентября 2003 года № 575 "Об утверждении Положения о порядке определения границ земельного участка при многоквартирном доме"Постановление · 11.09.2003 · № 575 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-56" title="56-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>