57-статья. Тутумдук каттоо маселелери боюнча талаштардын чечилиши
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 11-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 февраля 2006 года №58
1. Кыймылсыз мүлк бирдигине карата доомат коюлган жазуу түрүндөгү арызды алган каттоо органы талашты бардык кызыккан талаптардын өз ара макулдашуусу аркылуу чечүү чараларын көрөт. Мындай макулдашылган оңдоолор жана чечимдер каттоо органы ырастаган документте жазылып, бул тууралу каттоо карточкасында белгиленип, ал мамлекеттик каттоо жөнүндөгү расмий документ статусуна ээ болот.
2. Кызыккан бардык тараптардын өз ара макулдугу боюнча чечилиши мүмкүн болбогон талаш кырдаалдар макулдашуу комиссиясына өткөрүп берилип, ал эми каттоо карточкасында мындай талаш кырдаал жөнүндө жазылат.
Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан туруктуу иштөөчү макулдашуу комиссиясы түзүлөт. Комиссиянын курамына жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, архитектура жана курулуш боюнча аймактык бөлүктөрдүн, жергиликтүү каттоо органынын, жер жана агрардык реформа боюнча борбордун өкүлдөрү киришет. Макулдашуу комиссиясынын талаш маселени кароосу талашып жаткан жактардын, алардын өкүлдөрүнүн жана башка таламдаш адамдардын милдеттүү түрдө катышуусу менен өткөрүлөт. Макулдашуу комиссиясынын чечими менен макул болбогон учурда тараптар ведомство аралык комиссияга, бейтарап сотко же тийиштүү сот кайрылууга укуктуу.
3. Тийиштүү компетенттүү органдардын чечимдерине сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2006-жылдын 16-февралындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
57-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 февраля 2006 года №58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.12.2003 · № 237
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-57" title="57-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>