53-статья. Жергиликтүү каттоо органдарынын ачылышынан келип чыгуучу юридикалык жагдайлар
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 10-глава
Жергиликтүү каттоо органынын расмий ачылышы жөнүндө кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чечими чыгарылган учурдан баштап: аталган каттоо аймагына ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылат. жергиликтүү каттоо органы аталган каттоо аймагында кыймылсыз мүлк укуктарын каттоого укуктуу бирден-бир мамлекеттик орган катары эсептелинет; кыймылсыз мүлк укуктарын каттаган бардык мамлекеттик жана башка органдар (уюмдар) аталган каттоо аймагында кыймылсыз мүлк укугун каттоо боюнча өзүнүн ишин токтотот; кыймылсыз мүлк укуктары же аларды чектөөлөр менен болгон бардык бүтүмдөр жергиликтүү каттоо органында катталат жана мурда каттоо жүргүзгөн эч бир мамлекеттик же башка органдарда (уюмдарда) катталышы мүмкүн эмес; кыймылсыз мүлккө укукту белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтерди жол-жоболоштуруучу жана берүүчү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык, бул документтердин көчүрмөлөрүн 5 күндүк мөөнөттө кыймылсыз мүлк бирдиги жайгашкан жердеги жергиликтүү каттоо органдарына электрондук жана кагаз жүзүндө жөнөтүүгө милдеттүү; укук белгилөөчү жана укукту чектөөчү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн бербегени же өз убагында жибербегени үчүн жооптуу кызмат адамы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык жоопкерчиликке, ошондой эле мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылат; ушул учурга карата колдонулуп келген, кыймылсыз мүлк укуктарын мамлекеттик башка органдарда (уюмдарда) каттоону талап кылган, ушул Мыйзамга ылайык келбеген бардык ченемдик укуктук актылар ушул бөлүгүндө юридикалык күчүн жоготту деп эсептелинет жана ушул мыйзамга ылайыкталат; кыймылсыз мүлккө болгон укуктарга укук белгилөөчү документтери бар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органдарынын суроо-талабы боюнча кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоого керектүү болгон зарыл документтерди акысыз берүүгө жана мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын архивдерине тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгүн берүүгө милдеттүү; каттоо аймагында жергиликтүү каттоо органы ачылганга чейин болгон кыймылсыз мүлккө укуктар юридикалык жактан жарактуу бойдон калат жана тутумдук каттоо учурунда кайра катталууга тийиш. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230, 2017-жылдын 10-февралындагы № 23, 2021-жылдын 25-февралындагы № 21 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
53-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 23.01.2025 · № 23
- О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.12.2003 · № 237
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-53" title="53-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>