22-статья. Каттоону токтотууга же андан баш тартууга негиз
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 10 февраля 2017 года № 23
1. Кыймылсыз мүлктүн иш жүзүндөгү ээсинин укугун каттоону 10 күндөн ашпаган мөөнөткө токтото турууга мындай укукту талашып жаткан адамдын арызы негиз болуп саналат.
Каттоону 10 күндөн ашык мөөнөткө токтото туруу соттун талаш укукту каттоону токтото туруу жөнүндө аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт. Каттоону токтото туруу жөнүндө соттун аныктамасы 10 күндүн ичинде келип түшпөсө өтүнүч билдирилген укук катталууга тийиш.
2. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган)
21. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө токтото турууга, мындай укукту талашып жаткан адамдын арызы негиз болуп саналат.
Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 күндөн ашык мөөнөткө токтото туруу соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт. Токтото туруу жөнүндө арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде соттун тиешелүү актысы берилбеген учурда ал кароосуз калтырылат.
3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодон төмөнкүдөй негиздер болгондо баш тартылышы мүмкүн:
а) эгерде көрсөтүлгөн документтер ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбесе;
б) эгерде каттоо жөнүндө арыз менен кудуретсиз жаран кайрылса;
в) эгерде кыймылсыз мүлк бирдигине укуктарды каттоону талап кылган, ошол көрсөтүлгөн документти берген уюм же жак, же болбосо документке тиешеси бар тарап ошол укуктарга ээлик кылууга укуксуз болсо.
г) эгерде белгилүү бир шарттар менен түйшүккө салынган (чектелген) укуктары бар жак бул шарттарды көрсөтпөстөн документтерди түзсө;
д) эгерде кыймылсыз мүлк бирдиги жөнүндөгү берилген документтер арыз ээсинин бул кыймылсыз мүлктүн объектине укуктарынын жок экендигин көрсөтүп турса;
е) эгерде кыймылсыз мүлктүн объектине болгон укук, түйшүккө салуу (чектөө) укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү тууралу арыз ээсинин өтүнүчү катталбоого тийиш болгон укуктан болсо;
ж) (КР 2006-жылдын 16-февралындагы № 58 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
4. Каттодон баш тартылган учурда арыз ээсине баш тартуунун себеби жазуу түрүндө билдирилет. Бул жөнүндө каттын көчүрмөсү аталган кыймылсыз мүлк бирдигине карата мурдатан жүргүзүлгөн каттоо ишине жайгаштырылып, ал эми каттоо журналына тийиштүү жазуу жазылат.
5. Кыймылсыз мүлккө укуктарды же алар менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоодон баш тартуу же каттоо органынын каттоодон четтешине мамлекеттик каттоонун жогору турган органына же сотко даттанылышы мүмкүн.
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2006-жылдын 16-февралындагы № 58, 2017-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 10 февраля 2017 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 февраля 2006 года №58 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
10.02.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…19-декабрындагы № 237 мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган)
кошулду: 21. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө токтото турууга, мындай укукту талашып жаткан адамдын арызы негиз болуп саналат.
Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 күндөн ашык мөөнөткө токтото туруу соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт.
Токтото туруу жөнүндө арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде соттун тиешелүү актысы берилбеген учурда ал кароосуз калтырылат.
3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодон төмөнкүдөй негиздер болгондо … 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2006-жылдын 16-февралындагы № алынып салынды: 58 кошулду: 58, 2017-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыймылсыз мүлккө укуктарды, укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер…Правила · 06.10.2025 · № 10-1/268
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 13-февралындагы № 03-р "Ысык-Көл областынын Райондор аралык сотунун судьясы Мелис Муктарович…Решение · 13.02.2019 · № 03-р
- Практическое руководство по государственной регистрации прав и обременений (ограничений) прав на недвижимое имущество. (Утверждено Приказом Государственного агентства по…Руководство · 11.04.2003 · № 42 · Күчүн жоготкон
- Практическое руководство по государственной регистрации прав и обременений (ограничений) на недвижимое имущество (Утверждено приказом Государственного агентства по регистрации…Руководство · 22.08.2001 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Временное практическое руководство по регистрации прав и обременений (ограничений) на недвижимое имущество (Утверждено приказом Государственного агентства по регистрации прав на…Руководство · 06.02.2000 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-22" title="22-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>