21-статья. Алдын ала каттоо
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 декабря 2003 года №237
Талаш келип чыкпаса жана каттоо органы бул жак кыймылсыз мүлктүн чыныгы ээси болуп саналып, бирок тийиштүү юридикалык документтери жок экендигин тааныса, болбосо каттоо органы укук ээлөөгө карата бир башкача шектенсе, анда алдын ала каттоо жүргүзүлүп, бул ушул Мыйзамдын 6-главасында каралган укук коргоо кепилдигин бербейт. Бул ченем баштагы колхоздор менен совхоздордун базасында түзүлгөн айыл чарба ишканаларынын мүлкүнө жайылтылбайт. Иш жүзүндөгү ээси каалаган учурда жергиликтүү каттоо органына укуктардын таандык экендигин тастыктаган тиешелүү укук белгилөөчү документтерди бере алат жана алар текшерилгенден кийин толук мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт. Баштагы колхоздор менен совхоздордун кыймылсыз мүлкүнө болгон укуктарды толук каттоо айыл чарба ишканаларын мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген укук белгилөөчү документтерди бергенден кийин жүргүзүлөт. Кыймылсыз мүлккө укуктар жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) алдын ала катталганда алдын ала каттоо мүлккө бүтүм түзүүгө жолтоо болуучу негиздерден боло албайт. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-21" title="21-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>