Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
18-статья. Жергиликтүү каттоо органына келип түшкөн документтерди кабыл алуу тартиби жана аларга коюлуучу талаптар
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 24 апреля 2025 года № 79
1. Жергиликтүү каттоо органдары укук белгилөөчү документтерди укук ээси жеке өзү же мыйзамдарга ылайык арыз берүүгө укуктуу болгон жак тарабынан берилген арыздын негизинде кабыл алат.
Билдирүүчүнүн инсандыгы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ырасталат:
- жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документ;
- юридикалык жак үчүн-инсандын жана анын өкүлүнүн ыйгарым укугун ырастоочу документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүгү жана юридикалык жактын уюштуруу документи.
Укуктарды мамлекеттик каттоого алган арыздарды карап чыгуунун кезеги алар келип түшкөн күн жана алар берилген убакыт боюнча аныкталат.
2. Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, арызга укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөлөрүн камтыган документ, турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу камсыздандыруу полиси тиркелет, ошондой эле каттоо органынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлөт. Легалдаштыруунун мүлкү боюнча каттоо органынын кызматы үчүн легализациялоонун субъекттери акы төлөшпөйт. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы мамлекеттик каттоо айрым арыз бербестен жана каттоо жыйындарын төлөбөстөн жүзөгө ашырылат.
3. Каттоо органына көрсөтүлүүчү укук белгилөө документтери тийиштүү түрдө кабыл алынат жана төмөнкүлөрдү сөзсүз камтууга тийиш:
а) документтин аталышы;
б) кыймылсыз мүлк бирдигинин коду, эгерде ал ыйгарылган болсо;
в) бардык кызыкдар тараптардын колкаттары;
г) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары талап кылса, нотариустук күбөлөндүрүү.
4. Документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Документтерге карата кошумча талаптар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленет.
5. Каттоо органына бардык документтер эки нускада берилүүгө жана алардын бири түп нуска болууга тийиш. Документтин түп нускасы каттоодон кийин арыз ээсине кайтарылып берилип, ал эми көчүрмөсү каттоо ишине киргизилет.
6. Оңдолгон же кошумча жазуусу бар, сөздөрү чийилген жана макулдашылбаган башка оңдоолору бар документтер, ошондой эле карандаш менен жазылган документтер алынбайт.
7. Ошондой эле төмөндөгүдөй:
а) бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талаптарына жооп берген ишеним кат боюнча жасалган;
б) ишенимдүү адамдар, камкорлор же кепилдер тарабынан жасалган;
в) укуктун өткөрүлүп берилиши, өзгөртүлүшү, чектелиши же токтотулушу соттун чечиминен келип чыккан;
г) укук өлүмдүн айынан (юридикалык мурастоодон) өткөрүлүп берилген учурлардан тышкарыда, буга чейин катталган укуктун өткөрүлүп берилишин, өзгөртүлүшүн, токтотулушун же ага чектөө коюлушун талап кылуу менен байланышкан документтер да ошол катталган укуктун ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугусуз кабыл алынбайт.
8. Ушул статьяга жана ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында айрым документтерге карата коюлган талаптарга ылайык келген документтер каттоо органында милдеттүү түрдө каттоого кабыл алынууга тийиш.
9. Арыз ээсинен документтерди кабыл алган учурда каттоо органы документтердин келип түшкөн күнүн жана так убактысын келген документтерди катгоо журналына каттоого милдеттүү.
10. Арыз ээсине тиешелүү документтердин келип түшкөн күнүн жана убактысын көрсөтүү менен аны каттоого алгандыгы жөнүндө тилкат берилет.
11. Укуктарды баштапкы мамлекеттик каттоодон өткөрүү 7 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жергиликтүү каттоо органында укуктары мурда катталган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү 3 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте "укук ээсинин арызы боюнча укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү бир жумушчу күндүн ичинде жүргүзүүгө жол берилет.
12. Жергиликтүү каттоо органдары дагы арыздарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, онлайн режиминде кабыл алышат.
(КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2007-жылдын 9-августундагы № 141, 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2009-жылдын 30-мартындагы № 99, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230, 2017-жылдын 10-февралындагы № 23 , 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 24 апреля 2025 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О дорожном движении в Кыргызской Республике", "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним", "О залоге")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 февраля 2017 года № 23 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 декабря 2011 года № 230 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним""Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2009 года № 98 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 марта 2009 года № 99 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 декабря 2003 года №237 " О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
24.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алар келип түшкөн күн жана алар берилген убакыт боюнча аныкталат.
2. алынып салынды: Арызга каттоо органынын кызматы үчүн акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция жана кошулду: Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, арызга укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө алынып салынды: маалыматты кошулду: маалыматтарды киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык алынып салынды: мүнөздөмөсүн камтуучу кошулду: мүнөздөмөлөрүн камтыган документ, турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу камсыздандыруу полиси тиркелет, ошондой эле каттоо органынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документ алынып салынды: тиркелет. кошулду: көрсөтүлөт. Легалдаштыруунун мүлкү боюнча каттоо органынын кызматы үчүн … 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230, 2017-жылдын 10-февралындагы № 23 кошулду: , 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-декабрындагы № 4648-V "Чүй областындагы Сокулук районунун жана Баткен областындагы Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн тургундарынын…Постановление · 25.12.2014 · № 4648-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 619 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз…Постановление · 14.10.2024 · № 619
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-18" title="18-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>