17-1-статья. Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби
Күчүндө · 22.09.2025 редакциясы · 3-глава
Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин бирдиктүү мамлекеттик каттоо тутумунун органдары жүргүзөт. Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү эрежелери кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги маалыматтар мөөнөтү чектелбестен сакталат, кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен кандайдыр бир документтерди же маалыматтарды жок кылууга, ошого тете мыйзамдарда каралбаган түрдө алып коюуга жол берилбейт. Кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү финансылык чалгындоо органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилет. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2009-жылдын 30-мартындагы № 102,2011-жылдын 8-декабрындагы № 230, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/160/st-17-1" title="17-1-статья - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>