Суу-Башы айылдык кенешинин «Макулдук берүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Суу-Башы айылдык Кеңештин VII чакырылышынын кезектеги ХXXVI сессиясы
2024-жылдын 20-августу № 111 Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №26 токтомунун негизинде Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңешининVII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясы токтом кылат:
1.№2433-контурундагы 5,6га жайыт жер, № 2452-контурундагы 1,0га жайыт жер,№ 1049-контурундагы 0,60га жайыт жер,Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Айгүл-Таш айылындагы асылдуулугу төмөн айыл чарба жерин өздөштүрүү үчүн жана айыл-чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн 7,2га жер аянтын көп жылдык мөмө-жемиш бактарына айландыруу максатында,”Жайыт”жер түрүнөн “Айыл-чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага
А. Бөрүев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.