4-статья
Күчүндө · 16.05.2015 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына (Эркин-Тоо газетасы 1998-жылдын 16-сентябры, № 133-140) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
1. Преамбуланын үчүнчү абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"Уставдын күчү Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын, Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын аскердик бөлүмчөлөрүнүн, бөлүктөрүнүн жана бирикмелеринин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин соттолгондорду жана камакка алынгандарды кайтаруу жана коштоп жүрүү боюнча атайын бөлүмчөлөрүнүн жана мыйзамда аскер кызматы белгиленген башка мекемелердин аскер кызматчыларына жайылтылат.".
2. 15, 16 жана 17-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Мыйзамда аскердик кызмат белгиленген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана кызматтарынын Башкы башкармаларынын жана башкармаларынын зардалдары жана аларга теңештирилгендер аскер кызматчыларына карата бирикменин командиринин тартипке салуу бийлигине ээ.
16. Мыйзамда аскердик кызмат белгиленген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана башка кызматтарынын жетекчилеринин орунбасарлары аталган министрликтер менен кызматтардын жетекчилерине берилүүчү укуктардан бир баскычка төмөн болгон тартипке салуу бийлигине ээ.
17. Мыйзамда аскердик кызмат белгиленген Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана кызматтарынын жетекчилери аскер кызматчыларына карата ушул Уставдын толук көлөмүндө тартипке салуу бийлигине ээ.".
3. 20-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы "м" пунктчасы менен толукталсын:
"м) ведомстволук сыйлыктар (медаль) менен сыйлоо.".
4. 27-пункт "Уставдын" деген сөздөн кийин " 2-пунктунун "м" пунктчасынан башка" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 28-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) ведомстволук сыйлыктар (медаль) жана аскердик төш белгилер менен сыйлоо.".
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1598/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>