Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 604 "О вопросах государственного социального заказа"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-11-04.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 15-декабры № 814 Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13, 17, 32, 38, 41, 44, 51, 52-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторингдөө жана баалоо тартиби, 2-тиркемеге ылайык;
- Социалдык талондор аркылуу социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартиби, 3-тиркемеге ылайык;
- Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейинки мөөнөттө "Таза Коом" санариптик трансформациялоо программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Жаңы доорго кырк кадам" программасын ишке ашыруунун алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталынын модулдук программаларын киргизүүнү жана иштетүүнү камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга конкурс өткөрүүнү, мониторингдөөнү жана баалоону, социалдык талондор аркылуу социалдык кызматтарды көрсөтүүнү камсыздасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы № 41 "Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 5-январында N 1 жарыяланды
Премьер-министр
С.Исаков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Жобо "Мамлекеттик социалдык заказды ишке ашырууда коомдук пайдалуу долбоорлордун конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы №…Положение · 15.12.2017
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2022 · № 604
- Тартиби "Социалдык талондор аркылуу кызмат көрсөтүү" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-декабрындагы № 814 токтому менен бекитилген)Порядок · 15.12.2017
- Тартиби "Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну контролдоо, мониторингдөө жана баалоо" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын…Порядок · 15.12.2017
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №41 "Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2009 · № 41 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндөЗакон · 28.04.2017 · № 70
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 604 "Мамлекеттик социалдык заказдын маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 04.11.2022 · № 604
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-январындагы №41 "Социалдык программалардын (долбоорлордун) конкурсун өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 24.01.2009 · № 41 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Коомдук пайдалуу долбоорлорду каржылоого мамлекеттик гранттардын веб-порталы жөнүндө ЖОБОПоложение · 15.12.2017 · № 814