Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргызжилкоммунсоюз» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 1 августа 2022 года № 435 "Об условиях оплаты труда работников Республиканского специализированного комбината государственного предприятия "Кыргызтеплоэнерго"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-01.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 6-апрели № 196 "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомунун редакциясына ылайык) "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине дем берүү, радиоактивдүү калдыктарды зыянсыздандыруу, радионуклиддердин зыяндуу таасиринен калктын жана айлана-чөйрөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоо менен байланышкан ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык;
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөө жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына пайыздык үстөк акылар 3-тиркемеге ылайык;
- саны 48 адамдан турган "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин чектик саны.
2. "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине төмөнкүлөрдү төлөө белгиленсин:
- өзгөчө шарттарда иштеген адамдарга кызматтык маянадан 45 пайыз өлчөмүндө үстөк (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 164 жана 224-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык);
- изотоптор менен түздөн-түз иштебеген, бирок "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын аймагында иштеген жана радиоактивдүү 1 нурланууларга дуушар болгон кызматкерлерге кызматтык маянадан 30 пайыз өлчөмүндө үстөк акы;
- жыл ичинде кварталдык иштин жыйынтыгы боюнча атайын кийимдерди, өздүк коргонуу каражаттарын дезактивдештирүү, радиоактивдүү калдыктарды көмүү жана изотопторду ташып чыгаруу боюнча келишимдик милдеттенмелерди аткаргандыгы үчүн эмгек акынын төрт айлык фонду өлчөмүндө сый акы;
- эмгектик өргүүгө чыгаарда ден соолукту чыңдоо үчүн эмгек акынын эки айлык фонду өлчөмүндө жөлөкпул.
3. "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын жетекчисине укук берилсин:
- эмгектин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы, чыгармачыл, кесипкөй демилге көтөргөндүгү үчүн кызматтык маянадан 50 пайызга чейинки өлчөмдө үстөк акыны белгилөө;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте даярдасын жана киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-декабрындагы № 667 "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнү тартипке келтирүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул токтом 2015-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
7. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр
Дж.К.Оторбаев
1-тиркеме "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Кызматтык маяналар (сом)
1
Директор
12000
2
Башкы бухгалтер
8000
3
Экономист-финансист
7000
4
Радиоактивдүү калдыктарды көмүү пункту участогунун начальниги
8000
5
Механик
7000
6
Бухгалтер
6000
7
Кампа башчысы
5000
8
Инженер-программист
6000
9
Инженер-дозиметрист
7000
10
Дозиметрист
5000
11
Лаборант-радиометрист
4000
12
Бууга айландыруучу-электр от казандын оператору
4000
13
Кир кийимди кабыл алуучу-сорттоочу
4000
14
Кир жуугуч-дезактиватор
4000
15
Радиоактивдүү калдыктарды дезактивациялоочу
4000
16
Кийимдерди үтүктөөчү
3800
17
Электромонтер
4000
18
Слесарь-оңдоочу
4000
19
Газ электр ширетүүчү
4000
20
Изотопторду ташуу боюнча атайын автомашинанын айдоочусу
5300
21
Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча атайын автомашинанын айдоочусу
5800
22
Радиоактивдүү калдыктарды көмүү боюнча автокрандын машинисти
5800
23
Радиоактивдүү булганган кийимдерди ташуу боюнча автомобилдин айдоочусу
5300
24
Күзөтчүлөрдүн бригадири
3600
25
Көмүү жана атайын кир жуугуч пунктунун күзөтчүсү
3300
26
Көмөкчү жумушчу
3300
27
Өндүрүш жайларын тазалоочу
3300
3-тиркеме "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына ПАЙЫЗДЫК ҮСТӨК АКЫЛАР
№
Иш стажы
Үстөк акылардын өлчөмү (пайыз менен)
1
1 жылдан 3 жылга чейин
5
2
3 жылдан 5 жылга чейин
10
3
5 жылдан 10 жылга чейин
15
4
10 жылдан 15 жылга чейин
20
5
15 жылдан 20 жылга чейин
25
6
20 жылдан 25 жылга чейин
30
7
25 жылдан жогору
40
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2016-жылдын 24-мартындагы № 145/6/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 24.03.2016 · № 145/6/1 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-декабрындагы № 667"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине…Постановление · 03.12.2008 · № 667 · Күчүн жоготкон
- "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин эмгек стажын белгилөө жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Положение · 06.04.2015 · № 196 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 01.08.22 ж. №435 токтомуПостановление · 01.08.2022 · № 435
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 848
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 849 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын…Постановление · 01.08.2022 · № 435
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 176
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 3-декабрындагы № 667"Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине…Постановление · 03.12.2008 · № 667 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2017 · № 849 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 02.06.2015 · № 340 · Күчүн жоготкон