Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн продукциянын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 30-декабры № 733 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн продукциянын шайкештигин баалоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
"Евразия экономикалык комиссиясынын 2019-жылдын 16-июлундагы № 119 "Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2016-жылдын 26-январындагы № 11 чечимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечимин ишке ашыруу максатында 2019-жылдын 12-августуна чейин колдонулган "Сүт жана сүттөн кайра иштетилген азыктардын коопсуздугу жөнүндө", "Тамак-аш азыктарын маркалоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарында катталган сериялык чыгарылуучу сүт жана сүт азыктарынын шайкештиги жөнүндө декларациянын колдонулуу мөөнөтү 2022-жылдын 12-августуна чейин узартылат.";
2) 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан же аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияга жайылтылган сертификатташтыруу боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.
4. Евразия экономикалык бирлигинин (Бажы бирлигинин) бирдиктүү формадагы техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктуу органдар тарабынан же Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген, аккредитациялоо жааты декларациялануучу продукцияларга жайылтылган сертификатташтыруу боюнча аккредиттелген органдар тарабынан ишке ашырылаары белгиленсин.";
3) 8-пунктунда:
- биринчи абзацындагы "Евразия экономикалык бирлигинин сертификаттоо боюнча органдарынын жана сыноо лабораторияларынын (борборлорунун) бирдиктүү реестрине" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 1-пунктчасындагы "2018-жылдын 20-мартындагы № 41" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пунктчасындагы "2017-жылдын 26-сентябрындагы № 127" деген сөздөр алып салынсын;
4) төмөнкүдөй мазмундагы 91-пунктча менен толукталсын:
"91. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча орган болгон сертификациялоо боюнча аккредитация органынын аттестатынын жарактуулугу жокко чыгарылган учурда шайкештик жөнүндө мурда катталган декларациялардын жарактуулугу алар катталган мөөнөттүн чегинде сакталат. Мында шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо мөөнөтүнүн жарактуулугу шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган жактын демилгеси боюнча ал бүткөнгө чейин токтотулушу мүмкүн;
- шайкештик сертификатын берген же шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо боюнча орган болгон сертификациялоо боюнча аккредиттелген органдын аттестатынын жарактуулугу жокко чыгарылган учурда жана техникалык регламенттердин талаптарын сактоого мамлекеттик контролду (көзөмөл) жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан продукциянын милдеттүү коопсуздук талаптарына шайкеш келбегендиги табылган учурда шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алган өндүрүүчү/дилер, импортер же продукцияны сертификациялаган өтүнмө ээси үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына шайкештик жөнүндө декларациянын жарактуулугу же шайкештик сертификатынын жокко чыгарылганы (токтотулгандыгы) тууралуу расмий маалымдоого милдеттүү;
- Кыргыз Республикасынын экономика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы алынган маалыматтын негизинде Евразия экономикалык бирлигинин берилген шайкештик сертификаттарынын жана шайкештик жөнүндө катталган декларациялардын бирдиктүү реестрине шайкештик жөнүндө декларациянын же шайкештик сертификатынын токтотулганы (убактылуу токтотулганы) тууралуу жазууну киргизет жана бул жөнүндө контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.".
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-январындагы № 6 (2087) жарыяланды
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө"…Постановление · 28.01.2019 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2022 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды, ошондой эле аларга карата менчик укуктарын мамлекеттик каттоо, кайра каттоо" ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Правила · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Положение о правилах и порядке проведения обязательной сертификации продукции (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 30 декабря 2005 года № 639)Положение · 30.12.2005 · № 639 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-январындагы № 20 "Шайкештик жөнүндө декларацияны кабыл алуу формасында продукциянын шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоо жөнүндө"…Постановление · 28.01.2019 · № 20
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 20.05.2022 · № 267
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана…Постановление · 27.11.2025 · № 760
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 25.12.2014 · № 163
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 22.05.2004 · № 67
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 23.06.2017 · № 407 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-декабрындагы № 639 " Продукциянын милдеттүү түрдө шайкештигин тастыктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2005 · № 639 · Күчүн жоготкон