Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 26-апрели № 231 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп таануу жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун 57-59-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"57) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы болуп;
58) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы болуп;
59) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин алдындагы Тармактар аралык окуу борбору аны тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагына өткөрүп берүү менен Тармактар аралык окуу борбору болуп;".
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктунда:
- 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8 жана 9-пунктчалар менен толукталсын:
"8) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын уставы 8-тиркемеге ылайык;
9) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын уставы 9-тиркемеге ылайык.";
2) (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жободо:
- 17-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Министрлик Кызматтын түзүмүн жана штаттык ырааттамасын Кызматтын эмгек акы төлөө фондунун белгиленген ченемдеринин жана кызматкерлеринин штаттык санынын чегинде бекитет.";
- 18-пунктунун бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4) аталган токтомдун 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
5) ушул токтомдун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык редакциядагы 8 жана 9-тиркемелер менен толукталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 1-пунктчасы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 "Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө" токтому.
5. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (14)
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин…Постановление · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу…Постановление · 06.11.2021 · № 242
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 263
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын (Кыргыз Республикасынын…Устав · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын (Кыргыз Республикасынын Министрлер…Устав · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 213 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине…Приложение · 26.04.2022 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 24.07.2023 · № 366
- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти жөнүндө жобо (Кыргыз…Положение · 24.12.2021 · № 338 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик…Постановление · 15.12.2020 · № 608 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 80 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 "Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2021 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз…Устав · 15.12.2020 · № 608 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 24.07.23 ж. №366 токтомуПостановление · 24.07.2023 · № 366
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин…Постановление · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу…Постановление · 06.11.2021 · № 242
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 24.07.2023 · № 366
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2021 · № 80 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 15-декабрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик…Постановление · 15.12.2020 · № 608 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 "Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2021 · № 170 · Күчүн жоготкон