Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июля 2023 года № 366 "О внесении изменений в некоторые решения Кабинета Министров Кыргызской Республики в сфере недропользования"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-07-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти жөнүндө жобо КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомунун редакциясына ылайык
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаментинин (мындан ары - Департамент) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Департамент Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү статусунда иштөөчү, геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген, Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Департамент юридикалык жактын статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлкү, алыш-бериш, атайын жана башка эсептери бар.
Уюштуруу-укуктук түрү - мамлекеттик мекеме.
6. Департамент өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.
7. Департамент бюджеттик каражаттардын, атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен каржыланат.
8. Департаменттин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланкалары бар.
9. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Геология жана жер казынасын пайдалануу департаменти";
- расмий тилде: "Департамент геологии и недропользования при Министерстве природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики".
Юридикалык дареги: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 2. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ГЖКПД";
- расмий тилде: "ДГН".
10. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Департаменттин ишинин максаттары
11. Департаменттин ишинин максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу.
3. Департаменттин милдеттери
12. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жер казынасын системалуу комплекстик геологиялык изилдөө;
- жер казынасын пайдалануу маселелерин мамлекеттик жөнгө салуу жана жер казынасынын мамлекеттик фондун башкаруу системасын өркүндөтүү;
- пайдалуу кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жана иштетүүдө жер казынасын коргоо;
- топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди өнүктүрүүдө бирдиктүү техникалык саясатты ишке ашыруу, иштин белгиленген чөйрөсүндө картографиялык, топографиялык-геодезиялык иштерди жүргүзүүдө илимдин жана техниканын жаңы жетишкендиктерин жана алдыңкы тажрыйбаларын киргизүү;
- кен казуу өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
4. Департаменттин функциялары
13. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциялары:
- геология жана жер казынасын пайдалануу жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана кен казуу өнөр жайына түздөн-түз чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды тартат;
- геологияны жана жер казынасын пайдаланууну натыйжалуу өнүктүрүү үчүн ченемдик укуктук актыларды, стратегияларды, программаларды, пландарды, келишимдерди иштеп чыгууга сунуштарды киргизет жана катышат, алардын аткарылышын контролдойт;
- минералдык-чийки зат базасын пайдалануу, андан ары кеңейтүү жана сапаттуу жакшыртуу стратегиясын, бул максаттар үчүн зарыл болгон материалдык-техникалык жана финансылык ресурстардын көлөмүн ишке ашырат;
- пайдалуу кендердин дүйнөлүк рыногунун конъюнктурасын изилдейт жана экспорттун жана минералдык чийки затты ички керектөөнүн түзүмүн өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү тиешелүү ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган тартипте жана учурларда, Департаменттин компетенциясына байланышкан маселелер боюнча мамлекеттер аралык башкаруу органдарында жана эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгүн жүзөгө ашырат;
- жер казынасын изилдөө жана минералдык-чийки зат ресурстарын өздөштүрүү боюнча мамлекеттер аралык программаларды жана эл аралык келишимдерди түзүүгө жана ишке ашырууга катышат;
- жаңы пайдалуу кен чыккан жерлерди аныктоо жана божомолдоо, илимий-колдонмо маанидеги маселелерди чечүү максатында Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык изилденишин системалуу жүргүзүүнү иштеп чыгат жана камсыз кылат;
- гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык жана башка адистештирилген иштерди жүргүзүү, жер астындагы тузсуз жана термалдык-минералдык суулардын режимин жана абалын, калкка жана өндүрүштүк-социалдык комплекстерге коркунуч жараткан кооптуу экзогендик геологиялык процесстердин динамикасын изилдөө аркылуу суу чарбасы менен камсыздоо проблемаларын чечет;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылайт, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- согуш убагындагы шарттарда экономиканын, калктын жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарын камсыздоо үчүн минералдык чийки заттын жана жер астындагы суу булактарынын запастарын болжолдойт;
- чет өлкөлүк донорлордун финансы-техникалык колдоосу менен ишке ашырылуучу конвенциялар, долбоорлор, программалар боюнча жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү милдеттенмелерди аткарат;
- жер казынасын изилдөө жана пайдалануу, тоо кен өнөр жай комплексинин ишканаларын өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет;
- кен өндүрүшү жана геология чөйрөлөрүндө жаңы технологияларды киргизүүгө көмөктөшөт;
2) жөнгө салуу функциялары:
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- пайдалуу кен чыккан жерлердин экономикалык баалуулугу бүткөн жана жоготкон запастарын белгиленген тартипте эсептен чыгарат;
- жер казынасын коргоо бөлүгүндө тоо-кен, геологиялык-издөө жана чалгындоо иштеринин долбоорлоруна, анын ичинде кен казуу тармагынын объектилерин консервациялоо жана жоюу долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
- жер казынасын коргоо бөлүгүндө тоо-кен, геологиялык-издөө жана чалгындоо иштерин өнүктүрүүнүн жылдык отчетторун жана программаларын (пландарын), анын ичинде кен казуу тармагынын объектилерин консервациялоо жана жоюу долбоорлорун белгиленген тартипте макулдашат;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3) координациялоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо функциялары:
- мамлекеттик заказ боюнча жер казынасын геологиялык изилдөө программаларын каржылоону Министрлик менен макулдашуу боюнча координациялайт;
- кен казуу тармактарынын ачык-айкындуулугу демилгеси ишке ашырылышын координациялоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык изилденишине, пайдалуу кендерди казуу жана кайра иштетүү боюнча ишканалардын минералдык чийки заттын запастары менен камсыз болушуна мониторинг жүргүзөт;
- жер казынасын андан ары изилдөөдө, пайдалуу кен чыккан жерлерди чалгындоодо жана иштетүүдө, ошондой эле жер казынасын пайдалуу кендерди казуу менен байланышпаган максаттарда пайдаланууда колдонулушу мүмкүн болгон геологиялык жана техникалык документтердин, рудалардын жана тоо тектеринин, кернанын үлгүлөрүнүн, пайдалуу кендердин сынамдар дубликаттарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнү камсыздайт;
- жер казынасын пайдаланууга байланышкан жумуштарды аткарууга бекитилген техникалык долбоорлордун жана башка документтердин болушун текшерет;
- пайдалуу кендердин запастарынын абалы жана өзгөрүүлөрү жөнүндө геологиялык жана башка баштапкы документтердин мазмунунун аныктыгын текшерет;
- геологиялык маалымат фонддоруна жер казынасы жөнүндө мамлекеттик отчетторду, ошондой эле геологиялык жана башка маалыматтарды берүүнүн белгиленген тартибинин сакталышын текшерет;
- пайдалуу кендердин запастарынын мамлекеттик балансына пайдалуу кендердин запастарын коюу жана аларды мамлекеттик баланстан эсептен чыгаруу үчүн жер казынасын пайдалануучулар тарабынан берилүүчү материалдардын аныктыгын жана негиздүүлүгүн текшерет;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенет;
- жер казынасынын мамлекеттик фондун түзөт, пайдалуу кен чыккан жерлерди эсепке алат, алардын кыймылына жана өзгөрүүсүнө туруктуу мониторинг жүргүзүү менен пайдалуу кендердин запастарынын мамлекеттик балансын жүргүзөт, кен чыккан жерлердин жана пайдалуу кендердин көрүнүштөрүнүн кадастрларын түзөт;
- "Жер астындагы суулар" бөлүмү боюнча мамлекеттик кадастрды жүргүзөт;
- жер казынасынын булганышына жол бербөө максатында тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте зыяндуу заттарды, өндүрүштүн калдыктарын көмүү мүмкүнчүлүгүн жана шарттарын аныктоого катышат;
- жер казынасын пайдалануу укугуна конкурска жана/же аукционго катышуу үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйымдардын, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармап туруу үчүн жыйымдардын туура эсептелишин, толук жана өз убагында төлөнүшүн контролдойт;
4) кызматтарды көрсөтүү функциялары:
- жеке жана юридикалык жактарга Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтык-консультациялык көмөк көрсөтүүнү камсыздайт;
- Кыргыз Республикасынын аймагынын геологиялык түзүлүшүнүн ар кандай маселелери боюнча минералдык-чийки зат базасы жана пайдалуу кен чыккан жерлер жөнүндө маалыматтарды берет;
- ар кандай курулмаларды куруу болжолдонгон аянттарда пайдалуу кен бар же жок экендиги жөнүндө корутунду берет;
- аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынан тышкары ташылып чыгуучу рудалардын жана тоо тектеринин үлгүлөрүнүн, концентраттардын, өндүрүштүк калдыктардын жана лабораториялык сынамдардын келип чыгышы жөнүндө корутунду берет;
- коллекциялык материал катары Кыргыз Республикасынан тышкары ташылып чыгуучу тоо тектеринин жана рудалардын үлгүлөрүнүн келип чыгышы жөнүндө корутунду берет;
5) колдоо функциялары:
- Министрлик менен макулдашуу боюнча жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалануу чөйрөсүндө эл аралык жана ата мекендик уюмдар менен кызматташат жана иштейт;
- геологиялык тармакты өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин уюштурат;
- геологиялык маалымат фонддорунун бирдиктүү мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылат, Мамлекеттик геологиялык фондго берилүүгө тийиш геологиялык жана башка маалыматтардын формасын жана мазмунун аныктайт;
- Департаменттин бардык деңгээлдеринде кадрдык ресурстарды башкаруу системасын, анын ичинде окутуу жана кайра даярдоо системасын түзөт жана практикага киргизет;
- иши кооптуу өндүрүш обьекттери менен байланышкан менчиктин бардык түрүндөгү уюмдар үчүн инженердик-техникалык кызматкерлерди жана негизги кесиптердин жумушчуларын даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтөт;
- улуттук жана эл аралык илимий-техникалык мекемелер жана уюмдар менен байланыштарды түзөт жана биргелешкен изилдөө иштерин жүргүзөт, Министрлик менен макулдашуу боюнча Департаменттин компетенциясынын алкагында кызматташтык жөнүндө зарыл болгон макулдашууларга, протоколдорго жана башка документтерге кол коёт;
- республикалык, региондук жана мамлекеттер аралык маалыматтык системалардын алкагында маалымат алмашууга көмөк көрсөтөт;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын карайт;
- Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча маалыматтык-маалымдама жана башка адабияттарды даярдоону жана басып чыгарууну уюштурат;
- Департаменттин ишинин чөйрөсүнө тиешелүү улуттук стандарттарга, эл аралык (региондук) стандарттарга, ошондой эле техникалык регламенттерге экспертиза жүргүзүү боюнча комиссиялардын (топтордун) ишине катышат;
- жер казынасын пайдалануу жана коргоо боюнча республиканын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгууга катышат;
- геология боюнча долбоордук-издөө жана илимий-изилдөө иштерин уюштурат жана башкарат;
- тармактык илимдерди жайылтууга багытталган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
- мобилизациялык даярдык боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
5. Департаменттин укуктары жана милдеттенмелери
14. Департамент өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:
- менчигинин түрүнө карабастан кен казуу өнөр жайынын жана геологиялык тармактын ишканаларынын ар айлык, кварталдык жана жылдык өндүрүштүк-чарбалык иши жөнүндө маалыматты суроого;
- контролдоо-көзөмөлдөө функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан жер казынасын пайдалануучуларды текшерүү материалдарын (жыйынтыктарын) алууга;
- мамлекеттик органдардан, ишканалардан, уюмдардан, мекемелерден жана жарандардан Департаменттин функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жер казынасын геологиялык изилдөө жана пайдалануу маселелери боюнча материалдарды, сунуштарды жана корутундуларды суроого;
- баш ийүүсү боюнча уюмдардын өндүрүштүк-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду угууга жана алардын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- негизги фонддордон, жүгүртүлүүчү каражаттардан, башка материалдык баалуулуктардан жана финансылык ресурстардан турган, Департаментке бекитилип берилген мүлктү пайдаланууга жана тескөөгө;
- Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин ишканалары, уюмдары менен кызматташуу жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө;
- өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен ар кандай ассоциацияларга кирүүгө;
- чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдарда Департаменттин адистери үчүн квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууну, тренингдерди өткөрүүнү, тажрыйба алмашууну камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана учурларда эл аралык уюмдардын тиешелүү органдарында Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга, колдонуудагы жарандык мыйзамдардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууга багытталган чараларды көрүүгө, ошондой эле эл аралык кызматташуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- мамлекеттик заказдарды эске алуу менен Департаменттин бюджетин түзүү ишине катышууга жана сунуштарды киргизүүгө;
- жер казынасын пайдалануучулардан изилдөө жана пайдалануу, алын ичинде бүткөн запастардын кыймылы, жер казынасынан пайдалуу кендерди жана минералдык чийки затты кайра иштетүүдө пайдалуу компоненттерди алуу, товардык продукцияны өндүрүү жана сатуу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн салыктардын төлөнгөнү жөнүндө маалыматтарды алууга;
- Департаменттин ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маселелерди иштеп чыгуу үчүн илимий жана башка уюмдарды, окумуштууларды жана адистерди белгиленген тартипте тартууга;
- тейлеген иш чөйрөсүндө координациялык жана кеңешүүчү органдарды, фонддорду, анын ичинде ведомстволор аралык фонддорду түзүү боюнча сунуштарды киргизүүгө.
15. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
16. Департаменттин кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка укуктарга жана милдеттерге ээ.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
17. Департаментти Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин (мындан ары - министр) сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор - министрдин орун басары башкарат.
Директор Департаментке жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы жана тейлеген иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын жүзөгө ашырылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Министрлик Департаменттин түзүмүн жана штаттык расписаниесин Департаменттин эмгек акы төлөө фондунун белгиленген ченемдеринин жана кызматкерлеринин штаттык санынын чегинде бекитет. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Департаменттин директорунун бир орун басары бар, ал директордун сунушу боюнча министр тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Директордун орун басары түздөн-түз Департаменттин директоруна баш иет жана ага жүктөлгөн милдеттердин жана ыйгарым укуктардын чегинде Департаменттин ишин уюштурат. Департаменттин директору ордунда жок болгон учурда анын функцияларын тиешелүү буйрукка ылайык директордун орун басары аткарат.
19. Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери директордун сунушу боюнча белгиленген тартипте министр тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызматтан бошотулат, алардын кызматтык милдеттери Министрликтин буйругу менен бекитилет.
20. Директор:
-.Департаменттин ишине жалпы жетекчилик кылат; (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтому)
- Департаменттин жана ага баш ийген ведомстволук уюмдардын ишин жалпы жетектейт;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, ишканалары, мекемелери жана уюмдары менен болгон мамилелерде Департаменттин атынан чыгат, өз ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Министрлик менен макулдашуу боюнча Департаменттин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө эл аралык келишимдерге кол коёт;
- Департаменттин ишин уюштуруу боюнча буйруктарды чыгарат;
- мыйзамдарда белгилеген тартипте Департаменттин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Департаменттин борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитет;
- Департаменттин системасынын кызматкерлерине жана жумушчуларына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сыйлоонун жана тартиптик жаза чараларынын түрлөрүн колдонот;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Департаменттин атынан ишеним каттарды берет, белгиленген тартипте Департаменттин атынан чыгат;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык келишимдерди/бүтүмдөрдү түзөт;
- Департаменттин жана Департаменттин карамагындагы түзүмдөрдүн кызматкерлерин, белгиленген чөйрөдө иш жүргүзгөн башка адамдарды ардак наамдарды алууга жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштайт;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- кызмат орду боюнча Департаменттин жарандык коргонуусунун начальниги болуп саналат;
- оперативдик, уюштуруучулук-штаттык, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана Департаменттин компетенциясына тиешелүү башка маселелерди чечүү боюнча Департаменттин системасынын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
- Департаменттин банктардагы алыш-бериш эсептериндеги, атайын жана башка эсептердеги акча каражаттарын тескейт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
21. Департаменттин ишине коомдук мониторинг жүргүзүү максатында консультативдик-байкоочу орган түрүндөгү, коомдук башталышта иштеген коомдук кеңеш түзүлөт.
7. Департаменттеги эсепке алуу жана отчеттуулук
22. Департаменттин негизги иши боюнча бухгалтердик, статистикалык эсеп жана отчеттуулук мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
23. Департаменттин финансы-чарбалык иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана тиешелүү келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.
8. Жоопкерчилик
24. Департаменттин кызмат адамдары өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы, укукка каршы аракеттерди (аракетсиздиктерди) жасагандыгы үчүн тартиптик, материалдык жана жазык жоопкерчилигин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
25. Департаменттин кызматкерлеринин аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга мүмкүн.
9. Корутунду жоболор
26. Департамент өз иши боюнча Министрликке отчет берет.
27. Департаменттин чыгымдарын каржылоо республикалык бюджеттин, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү атайын каражаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен ишке ашырылат.
28. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
29. Департаментти кайра уюштурганда жана жойгондо, анын ишинин жүрүшүндө келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин…Постановление · 24.12.2021 · № 338
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 231 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым…Постановление · 26.04.2022 · № 231
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 366 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 24.07.2023 · № 366
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122