Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин лицензиялоо жөнүндө убактылуу жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 14 декабря 2023 года № 678 "О вопросах лицензирования отдельных видов деятельности"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-12-14.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 123 токтомуна)
Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин лицензиялоо жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Убактылуу жобо кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин жүргүзүү укугуна лицензияны берүүнүн жол-жобосун жөнгө салат (мындан ары - Жобо).
Бул Жобо таасири күчтүү уулуу заттарды сатып алууга жана сатууга уруксат берүүнүн жол-жобосун жөнгө салбайт.
2. Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин лицензиялоо боюнча орган (лицензиар) болуп Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги эсептелет.
3. Иштин лицензиялануучу түрү менен алектенүү же лицензияланууга тийиш болгон белгилүү иш-аракеттерди жасоо боюнча каалоосун билдирген жеке жана юридикалык жактар, уюштуруу-укуктук жана менчигинин түрүнө карабастан, ушул Жободо белгиленген тартипте лицензия алууга милдеттүү.
Юридикалык же жеке жактын лицензиялануучу ишин жүргүзүү укугу лицензия жана лицензиат статусун алган учурдан тартып келип чыгат.
4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо башкача каралбаса, чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары сыяктуу эле бирдей шарттарда жана тартипте лицензия алышат.
5. Башка мамлекеттерде алынган лицензиялар Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасы катышкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин шарттарында таанылат.
6. Лицензиялоо жол-жобосу "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган принциптерде жүргүзүлөт.
7. Тоо кен тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензия ажыратылгыс болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат.
2-глава. Лицензиянын мазмуну жана формасы
8. Лицензияда төмөнкүдөй реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш:
1) лицензиялоочу органдын толук аталышы;
2) юридикалык жактын толук фирмалык аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, каттоо маалыматтары (каттоо номери, ОКПО (ИУЖК) коду, ЖИН);
3) жеке ишкерлер үчүн фамилиясы, аты, атасынын аты (эгерде болсо), ким экенин күбөлөндүргөн документтеринин маалыматтары (жеке жактар үчүн), каттоо маалыматтары (каттоо номери, ОКПО (ИУЖК) коду, ЖИН);
4) лицензиаттын жайгашкан жери (жашаган жери);
5) лицензиялануучу иштин түрү (түрлөрү);
6) лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүү дареги;
7) лицензия берилген күнү;
8) лицензияны колдонуу мөөнөтү (3 жыл);
9) лицензиянын бланкынын номери жана сериясы;
10) лицензиялардын реестри боюнча лицензиянын каттоо номери;
11) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
12) лицензиянын ажыратылбастыгы.
9. Лицензиянын бланктары типографиялык ыкма менен даярдалууга, коргонуу даражасы, эсептик сериясы жана номери болууга тийиш. Лицензиянын бланктары катуу отчеттуулуктагы документтер болуп саналат. Лицензиянын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо лицензиялоочу орган тарабынан жүргүзүлөт.
10. Кызыкдар болгон тараптардын талабы боюнча лицензиат лицензиянын түп нускасын же мыйзамдарда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн лицензиянын көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.
Лицензиат дубликат берүү, лицензияны кайрадан тариздөө тууралуу арыз берген учурда лицензиянын көчүрмөсүн көрсөтүүгө жол берилет.
11. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же бузулган учурда лицензиат лицензиялоочу органга дубликат берүү тууралуу арыз менен кайрылууга укуктуу. Арызда лицензиянын жоголгон бланкынын бардык реквизиттери көрсөтүлүшү керек.
12. Лицензиянын жоголуусу же бузулуусу лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүү укугунан ажыратпайт.
13. Дубликат лицензиарда болгон документтеринин негизинде берилет. Дубликатты берүүдө лицензиялардын реестри боюнча лицензиянын каттоо номери өзгөрүүсүз калтырылат. Берилген лицензияда "Дубликат" деген белгиси болушу керек.
Жоголгон лицензиянын түп нускасын лицензиат таап алган учурда, ал түп нускасын (же дубликатты) лицензиарга жок кылуу үчүн тапшырып берүүгө милдеттүү.
14. Дубликатты берүү үчүн лицензиатты текшерүүлөр, изилдөөлөр, кароолор, экспертизалар өткөрүлбөйт.
15. Дубликат тийиштүү арыз лицензиат тарабынан берилген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде берилет.
16. Лицензиянын дубликаты берилгенге чейин лицензиат ишин мурун берилген лицензиянын көчүрмөсүнүн негизинде жүргүзөт.
3-глава
Таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу боюнча ишти жүргүзүү укугуна лицензияны берүүнүн лицензиялоо алдындагы шарттары
17. Арыз берүүчү үчүн лицензияны алуунун лицензиялоо алдындагы шарттары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
1) юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн - мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн болуусу, ал эми жеке жактар үчүн - анын ким экенин күбөлөндүрүүчү документи;
2) лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон, өнөр жай жана экологиялык коопсуздуктун талаптарына жооп берген имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын менчик укугунда же башка мыйзамдык негизде болуусу;
3) лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүү каралып жаткан кооптуу өндүрүштүк объектти эксплуатацияга кабыл алууну ырастаган документтердин болуусу;
4) лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүүнү камсыздаган адистерди кесиптик даярдоо тууралуу маалыматтар. Аталган маалыматтар жок болсо, лицензиялоочу орган адистерди кесиптик жөндөмдүүлүгүнө аттестациялоодон өткөрүүнү талап кыла алат;
5) лицензиялануучу иштин түрүн жүргүзүү үчүн ченемдик-методикалык камсыздоо тууралуу, уюштуруу-техникалык мүмкүнчүлүктөр жана материалдык-техникалык жабдуу жөнүндө маалыматтар.
4-глава. Лицензияны алуу үчүн керектүү документтер
18. Лицензияны алуу үчүн арыз берүүчү лицензиарга төмөнкүлөрдү тапшырат же маалыматтык технологиялардын жардамы аркылуу жөнөтөт:
1) белгиленген формадагы арызды;
2) ушул Жобонун 17-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди жана (же) нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн алардын көчүрмөлөрүн;
3) арызды кароо жана лицензияны берүү үчүн лицензиялык жыйым бергендигин ырастаган документтин көчүрмөсүн.
Лицензияны алуу үчүн лицензиялоочу органга берилген материалдар жана документтер тизме боюнча кабыл алынат, анын көчүрмөсү аларды кабыл алуу датасын көрсөтүү менен лицензияга арыз берген адамга жөнөтүлөт (тапшырылат).
19. Лицензияны алуу үчүн арыз берүүчү маалыматтык технологиялардын жардамы аркылуу кайрылганда, арыз берүүчү белгиленген формадагы арызды лицензиардын сайтында толтурат жана ошол эле учурда 18-пунктта каралган документтердин сканерленген түп нускаларын электрондук форматта тиркейт. Мындай учурда арыз берүүчү арыздын кабыл алынган датасын көрсөтүү менен документтерди жана тапшырылган документтердин тизмегин электрондук форматта кабыл алуу тууралуу ырастаманы алат.
20. Лицензиар тарабынан "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо каралбаган документтерди тапшырууну арыз берүүчүдөн талап кылууга тыюу салынат.
21. Арыз берүүчү анык эмес же бурмаланган маалыматтарды тапшыргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
5-глава. Лицензияны берүү, кайра тариздөө үчүн төлөм
22. Лицензияны берүүдө, кайра тариздөөдө жана лицензиянын дубликатын берүүдө төлөмдөрдүн жана лицензиялык жыйымдардын өлчөмдөрү салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленет.
23. Лицензиялоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга байланыштуу лицензиарлардын чыгымдарын каржылоо бюджеттен бөлүп берилген каражаттардын чегинде жүргүзүлөт.
24. Лицензия берүүдөн баш тартканда төлөнгөн сумма арыз берүүчүгө кайтарылбайт.
6-глава. Лицензияны берүү (берүүдөн баш тартуу) тууралуу чечимди чыгаруунун жол-жобосу
25. Таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу жана жок кылуу боюнча ишти лицензиялоого байланыштуу маселелерди чечүү үчүн лицензиар таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу жана жок кылуу ишин лицензиялоо маселелери боюнча комиссияны түзөт (мындан ары - комиссия катары).
26. Комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөрдү кароо кирет:
- лицензияларды берүү;
- лицензияларды колдонуу мөөнөтүн узартуу;
- таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишине укуктарды токтотуу жана/же жокко чыгаруу.
27. Комиссиянын төрагасы болуп лицензиардын жетекчиси эсептелет, ал Комиссиянын курамын бекитет.
28. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбү катышса, ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.
29. Комиссиянын чечими ачык добуш берүү аркылуу, жыйналышка катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жалпы добуштарынын көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
30. Комиссиянын жыйналыштары тиешелүү материалдардын түшкөнүнө жараша же суралган иштин түрүн лицензиялоо чөйрөсүндөгү маселелерди чечүү зарылдыгына байланыштуу өткөрүлөт.
31. Комиссиянын жыйналышы, ошондой эле кабыл алынган чечимдер протокол менен таризделет. Комиссиянын жыйналышынын протоколу кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
32. Комиссиянын чечими менен макул болбогон комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө баяндап берүүгө милдеттүү, ал комиссиянын жыйналышынын протоколуна милдеттүү түрдө тиркелет.
33. Лицензиардын курамдык бөлүмү протоколдун долбоорун даярдайт жана аны комиссиянын кароосуна киргизет.
34. Лицензиат тарабынан тапшырылган документтерди кароо жана чечим кабыл алуу мөөнөтү өтүнмөнү каттоо күнүнөн тартып 30 (отуз) календардык күндөн ашпоого тийиш.
35. Комиссиянын жыйналышынын протоколунан көчүрмө лицензиатка тапшырылат же ага комиссиянын жыйналышынын протоколуна кол коюлган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде акыркы белгилүү дареги боюнча жиберилет.
36. Лицензиялар тууралуу маалыматтар комиссиянын жыйналышынын протоколунун негизинде берилген лицензиялардын реестрине киргизилиши керек. Лицензиар лицензия берүү тууралуу маалыматты лицензия берилген күнү реестрге киргизет.
7-глава. Лицензияны берүүдөн баш тартуу
37. Лицензияны берүүдөн баш тартуунун негиздери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) субъекттердин белгилүү категориясы үчүн иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө мыйзамдарда тыюу салынган;
2) арыз берүүчүгө иштин белгилүү түрүн жүргүзүүгө тыюу салган соттун чечими бар;
3) арыз берүүчү тарабынан анык эмес же толук эмес маалыматтын берилгендиги;
4) эгерде арыз берүүчү берген документтер ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;
5) лицензияны кароо жана берүү үчүн лицензиялык жыйымдын төлөнбөгөндүгү.
38. Лицензиар баш тартуу үчүн негиздерди толук баяндоо менен бир жолу гана жазуу жүзүндө баш тартууга укуктуу.
39. Бул главада каралбаган башка негиздер боюнча лицензияны берүүдөн баш тартууга тыюу салынат.
40. Лицензияны берүүдөн баш тартууда лицензиар лицензияны берүү үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө билдирүүгө милдеттүү.
8-глава
Лицензияны берүүдөн баш тартууга даттануу жана негизсиз баш тартуунун кесепетинен болгон чыгымдардын ордун толтуруу
41. Арыз берүүчү лицензиардын лицензияны берүүдөн баш тартуусуна Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укугу бар.
42. Лицензияны берүүдөн негизсиз баш тартканынан же лицензиаттын укуктарын бузуудан келип чыккан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
9-глава. Лицензияны кайра тариздөө
43. Лицензияны кайра тариздөөгө негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) юридикалык жакты кайра уюштуруу;
2) юридикалык жактардын аталышынын өзгөрүүсү;
3) жеке жактын аты-жөнүн өзгөртүүсү;
4) лицензияны колдонуу мөөнөтүн узартуу;
5) юридикалык жактын түзүмүн өзгөртүү.
44. Лицензияны кайра тариздөөгө негиздер келип чыкканда лицензиат арыз менен кайрылууга милдеттүү.
45. Лицензияны кайра тариздөөгө негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен, тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастоочу документтерди тиркеп, лицензияны кайра тариздөө жөнүндө арыз лицензиат тарабынан лицензиарга кайра тариздөөгө негиздер келип чыккан күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
46. Лицензияны кайра тариздөө лицензиар тиешелүү арызды алган күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензияны кайра тариздөөдө лицензиар реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.
47. Кайра таризделген лицензияны колдонуу мөөнөтү мурунку лицензияда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнөн ашпайт.
10-глава. Лицензияны берүү тууралуу арызга тиркелүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүү
48. Лицензиат лицензия берүү жөнүндө арызга тиркелген документтерде көрсөтүлгөн, ушул Жобонун 9-главасында каралган лицензияны кайра тариздөөгө негиз болуп саналбаган бардык өзгөртүүлөр жөнүндө лицензиарга билдирүүгө милдеттүү.
49. Билдирүү өзгөртүүлөр болгондон кийин 10 (он) жумуш күндүн ичинде, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү ырастаган документтердин түп нускалары же алардын көчүрмөлөрү менен (салыштыруу үчүн түп нускаларды берип) бирге жазуу жүзүндө берилет.
50. Лицензиар реестрге тиешелүү өзгөртүүлөрдү билдирүү келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде киргизет.
11-глава. Лицензиянын дубликатын берүү
51. Лицензия жоголгон, бузулган учурда лицензиат лицензиарга жиберилген жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде лицензиянын дубликатын алууга укуктуу. Лицензия бузулган учурда арызга лицензиянын бузулган бланкасы да тиркелет.
52. Жоголгон, бузулган лицензиянын бланктары лицензиат арыз берген күндөн тартып жараксыз болуп эсептелет.
53. Лицензиар арыз берилген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде жогорку оң бурчунда "Дубликат" деген жазуусу бар лицензиянын дубликатын берет.
54. Лицензиат лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартуу жөнүндө лицензиардын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
12-глава. Чет өлкөлүк мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары берген лицензияларды таануу
55. Чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензияларды Кыргыз Республикасынын аймагында таануу лицензияларды өз ара таануу тартибинде, эл аралык макулдашуулардын негизинде лицензияларды автоматтык түрдө таануу тартибинде, ошондой эле бир тараптуу тартипте жүзөгө ашырылат.
56. Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык иштин айрым түрлөрүнө чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан берилген лицензиялар лицензиялоонун кошумча жол-жоболорун жүргүзүүсүз жана улуттук лицензияны берүүсүз, лицензиар тарабынан бул тууралуу маалыматтарды реестрге киргизүү жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуу деп таанылат.
57. Чет мамлекетте берилген лицензиялар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу таанылган лицензиялардын тизмесине киргизилген шартта аталган лицензиялар бир тараптуу тартипте таанылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылган лицензиялардын тизмесине лицензиялык талаптары бирдей же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптардан ашкан чет мамлекеттердин лицензиарлары тарабынан берилген лицензиялар гана киргизилүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында бир тараптуу тартипте таанылган лицензиялардын тизмесинде лицензиялардын жана бул лицензияларды берген мамлекеттин аталышы камтылышы керек. Чет өлкөлүк мамлекеттин лицензиарлары берген лицензияны бир тараптуу тартипте таануу ушул главада каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
58. Лицензияны таануу жол-жобосу тапшырылган лицензиялардын жана документтердин түп нускалыгын текшерүү жол-жобосуна жана лицензияны таануу тууралуу маалыматтардын реестрге киргизилишине негизделет.
59. Чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиянын жарактуулугун таануу жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүү үчүн лицензиат тиешелүү лицензиарга лицензияны таануу жөнүндө арыз менен кайрылат жана төмөнкү документтерди берет:
1) чет мамлекеттеги ыйгарым укуктуу жак тарабынан берилген лицензиянын түп нускасы жана көчүрмөсү;
2) субъекттин ишинин легалдуулугун далилдеген документтер (берген өлкөсүндөгү мамлекеттик каттоосу).
Аталган документтер мамлекеттик жана расмий тилге которуу менен чет өлкөлүк расмий документтерди консулдук легализациялоонун талаптарына ылайык күбөлөндүрүлүшү керек же апостиль коюлууга тийиш.
60. Лицензиар тапшырылган документтерди 3 (үч) жумуш күндүн ичинде текшерет жана Кыргыз Республикасынын аймагында аталган лицензиянын жарактуулугун таануу тууралуу маалыматтарды реестрге киргизет.
61. Чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы берген лицензияны колдонуу мөөнөтү чектелүү болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылган лицензиянын колдонулушу чет мамлекет берген лицензиянын колдонуу мөөнөтүнө тиешелүү түрдө чектелүүгө тийиш.
62. Лицензиясы белгиленген тартипте таанылган лицензиат тарабынан иштин тиешелүү түрүн жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген лицензиялык талаптар бузулган учурда, лицензиар өзүнүн чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагында аталган лицензиянын колдонулушун ушул Жобого ылайык токтото алат. Же лицензияны таануу жөнүндө чечим лицензиар лицензиянын колдонулушун токтотуп койгон себептер четтетилбеген учурда, лицензиардын кайрылуусунун негизинде сот тартибинде жокко чыгарылышы мүмкүн.
63. Таанылган лицензиянын колдонулушун токтотуу тууралуу лицензиардын чечимине лицензиат сот тартибинде даттанууга укуктуу.
13-глава. Лицензиялык контролдоо. Жалпы жоболор
64. Лицензиаттын ишин жүргүзүүнүн лицензиялык шарттарын жөнгө салуучу лицензиялык контролду лицензиар жүргүзөт.
65. Лицензиат ушул Жобо менен белгиленген лицензиялык талаптарды аткаруусун текшерүү максатында лицензиар лицензиялык контролду жүргүзөт.
66. Лицензиялык контролдоо лицензиат тарабынан лицензиялык талаптардын аткарылышын лицензиялык милдеттүү текшерүү формасында жүргүзүлөт.
67. Лицензиат тарабынан лицензиялык шарттардын аткарылышын контролдоону лицензиар өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде пландуу жана пландан тышкары текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат.
68. Лицензиялык текшерүүлөр лицензиар бекиткен планга ылайык жүргүзүлөт.
69. Лицензиялык текшерүүнүн предмети болуп лицензиялык талаптарды лицензиат тарабынан аткарылышын текшерүү, мурдагы текшерүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын лицензиат тарабынан жоюлгандыгын текшерүү эсептелет.
70. Лицензиат тарабынан лицензиялык шарттардын аткарылышын пландуу текшерүүлөр жылына бир жолудан ашпайт.
71. Лицензиялык шарттардын сакталуусуна пландуу текшерүүлөр лицензиардын кызматтык адамдары тарабынан бекитилген кварталдык пландарга ылайык жүргүзүлөт.
Текшерүүнүн планына иштин жүргүзүлүшүнө лицензия алган лицензиат киргизилет.
72. Лицензиар лицензиатка лицензиялык шарттардын аткарылышын пландуу текшерүү тууралуу жазуу жүзүндөгү билдирүүнү текшерүү күнүнө чейин 10 (он) календардык күндөн кечиктирбей жөнөтөт.
Билдирүү лицензиат катталган мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктө көрсөтүлгөн дарек боюнча заказдык кат менен жөнөтүлөт же лицензиаттын жетекчисине (жеке жакка-ишкерге) же ыйгарым укуктуу адамына кол коюу менен тапшырылат.
73. Пландуу текшерүүнүн мөөнөтү 15 (он беш) жумуш күндөн, ал эми чакан ишкердик субъекттери үчүн 5 (беш) жумуш күндөн ашпоого тийиш. Пландуу текшерүүнүн мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. Текшерүүгө жазма буйрук анда көрсөтүлгөн пландуу текшерүүнүн мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.
74. Пландан тышкары текшерүү үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- лицензиарга лицензиялык шарттардын бузулушу тууралуу жазуу жүзүндө арыздын (билдирүүнүн) түшүүсү;
- лицензиялык шарттардын бузулушун жоюу тууралуу тескеменин аткарылышын текшерүү;
- лицензиат берген милдеттүү отчеттуулуктун документтеринде билдирилген маалыматтын анык эместигин аныктоо; лицензиат тарабынан мыйзамдык укуктарын бузуу тууралуу жеке жана/же юридикалык жактын негиздүү кайрылуусу;
- лицензиат тарабынан лицензиялоочу органга өзүнүн каалоосу боюнча лицензиялык шарттардын аткарылышын текшерүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын берүүсү.
75. Пландан тышкары текшерүүнүн мөөнөтү 10 (он) жумуш күндөн, ал эми чакан ишкердик субъекттери үчүн 2 (эки) жумуш күндөн ашпоого тийиш. Пландан тышкары текшерүүнүн мөөнөтүн узартууга жол берилбейт. Текшерүүгө жазма буйрук анда көрсөтүлгөн пландан тышкары текшерүү мөөнөтүнүн ичинде күчүндө болот.
76. Эгерде лицензиардын кызмат адамдарына акылга сыярлык убакыт ичинде (жарым саатка чейин) пландуу (пландан тышкары) текшерүүнү жүргүзүүгө жол берилбесе, анын ичинде лицензиаттын ыйгарым укуктуу адамынын жол берүү жөнүндө көрсөтмөсү жоктугунан улам, бул текшерүүдөн качууга теңештирилет. Мында лицензиаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат, ал эми пландуу (пландан тышкары) текшерүүнүн мөөнөтү жол бербей тоскоолдук кылган күндөрдүн санына автоматтык түрдө узартылат.
77. Пландан тышкары текшерүү жөнүндө лицензиат күн мурун эскертилбейт.
14-глава
Лицензиялык шарттардын аткарылышын текшерүүдө лицензиялоочу органдын кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери
78. Текшерүүнү жүргүзүүдө лицензиардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:
- лицензиаттын кызмат адамдарынан же анын ыйгарым укуктуу адамынан лицензиялык шарттардын аткарылышына тийиштүү керектүү маалыматты алууга;
- текшерүүгө түздөн-түз байланыштуу маселелерди аныктоо үчүн лицензиат тарабынан лицензиялануучу иш жүргүзүлгөн лицензиаттын жайларына, имараттарына кирүүгө;
- лицензиат тарабынан лицензиялануучу иш жүргүзүү үчүн пайдаланган аймакты, имараттарды, курулмаларды, жайларды жана жабдууларды лицензиаттын кызмат адамдары же анын ыйгарым укуктуу адамынын катышуусу менен кароого;
- лицензиаттын лицензиялануучу ишине тиешелүү текшерүү жүргүзүү үчүн керектүү лицензиаттын документтери менен таанышууга;
- текшерүү учурунда пайда болгон суроолор боюнча лицензиаттын кызмат адамдарынан же анын ыйгарым укуктуу адамынан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү алууга;
- лицензиаттан мыйзамдардын талаптарынын аныкталган бузууларын четтетүүнү, ошондой эле контролдоого тоскоолдук кылган аракеттерди ошол замат токтотууну талап кылууга;
- текшерүүнүн предметине тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү, маалымкаттарды, материалдарды, маалыматтарды алууга;
- текшерүү процессин тартып алуу үчүн аудио, фото жана видеотехника каражаттарын колдонууга.
79. Пландуу же пландан тышкары текшерүүдө лицензиялоочу органдын кызмат адамдары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде текшерүүнү толук, объективдүү жана калыс жүргүзүүгө;
- лицензиаттын кызмат адамдары менен болгон өз ара мамилелерде иштеги этиканы карманууга;
- эгерде бул адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбесе, техногендик кырдаалдын жана өрттүн коркунучуна алып келбесе, текшерүү жүргүзүүдө лицензиаттын ишине кийлигишпөөгө же ага тоскоолдук кылбоого;
- текшерүүнү жүргүзүү боюнча лицензиатка консультациялык жардам көрсөтүүгө;
- акттын бир нускасын берүү аркылуу белгиленген мөөнөттө пландуу (пландан тышкары) текшерүүнүн жыйынтыгы (акт) менен лицензиатты же ал ыйгарым укук берген адамды тааныштырууга.
80. Лицензиардын кызмат адамдарына лицензиаттан текшерүү жүргүзүү менен байланышпаган маалыматтарды жана документтерди талап кылууга тыюу салынат.
81. Лицензиялык талаптар аткарылбаган учурда лицензиар лицензиатка карата төмөнкү таасир этүү чараларын колдоно алат:
1) эскертүү;
2) айып салуу;
3) лицензиянын колдонулушун токтото туруу;
4) лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына доо арызын берүү.
82. Лицензиялык талаптарды бир жолу бузгандыгы үчүн лицензиар эскертүү берүү түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
83. Лицензиялык талаптарды эки жолу бузгандыгы үчүн лицензиар айып салуу түрүндөгү таасир этүү чарасын колдонууга укуктуу.
Айып салуудан түшкөн каражаттар түздөн-түз республикалык бюджетке жөнөтүлөт.
15-глава. Лицензиялык талаптар
84. Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу, жок кылуу ишин жүргүзүүдөгү лицензиялык талаптар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын өнөр жай жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, анын ичинде белгиленген тартипте бекитилген Кыргыз Республикасында күчтүү таасир этүүчү уулуу заттарды колдонуудагы коопсуздук эрежелерин сактоо;
2) санитардык-эпидемиологиялык, гигиеналык, өрткө каршы ченемдердин жана эрежелердин талаптарын аткаруу, таасири күчтүү уулуу заттардын эсебин алуунун ченемдерин жана эрежелерин сактоо;
3) таасири күчтүү уулуу заттарды пайдаланууда жана сактоодо Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо органдарында таасири күчтүү уулуу заттардын катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн болуусу;
4) белгиленген технологиялык режимдерди жана алардын параметрлерин сактоо, зарыл болгон көзөмөлдөө каражаттарын колдонуу менен технологиялык процесстердин режимдерин жана параметрлерин контролдоо;
5) имараттарды жана курулмаларды өрткө каршы каражаттар менен жабдуу, сарпталуучу материалдардын, комплектелүүчү буюмдардын, контролдоо-текшерүү аппаратураларынын, технологиялык жабдуулардын жана шаймандардын сакталышын камсыз кылган кайтарылуучу кампалык жайлардын жана сактагычтардын, ошондой эле таасири күчтүү уулуу заттар менен иштөө үчүн кайтарылуучу участоктордун болуусу;
6) объекттерди (кампаларды, сактагычтарды, полигондорду, ж.б.) зарыл болгон ченемдик-техникалык документтер, жумуш ордундагы техникалык коопсуздук жана эмгекти коргоо боюнча нускамалар менен камсыздоо;
7) белгиленген ченемдик талаптарга эмгек шарттарынын ылайык келишин камсыздоо;
8) жумуштарга тиешелүү квалификациясы бар, кесиптик даярдыктан өткөн адистерге гана уруксат берүү;
9) лицензиат тарабынан таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, пайдалануу, сактоо жана жок кылуу боюнча операцияларды каттоонун атайын журналдарын жүргүзүү жана сактоо;
10) лицензиат тарабынан таасири күчтүү уулуу заттарды алууга, түзүүгө, пайдаланууга, сактоого жана жок кылууга жүргүзүлгөн лицензиялык иш жөнүндө отчетту лицензиардын дарегине берүү.
85. Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу жана түзүү ишине кошумча талаптар:
1) таасири күчтүү уулуу заттарды түзүүгө байланышкан процесстер жылчыксыз аппаратурада жана таасири күчтүү уулуу заттардын бөлүнүп чыгуусун чектеген процесстердин параметриндеги коммуникацияларда (төмөн температурадагы вакуумда), ошондой эле процесстерди автоматташтыруу жана аралыктан башкаруу каражаттарын колдонуу аркылуу үзгүлтүксүз жабык цикл менен жүргүзүлүшү керек;
2) процесстерди контролдоо жана башкаруу системаларында, ошондой эле өндүрүштөрдүн аварияга каршы коргонуу жана суюк таасири күчтүү уулуу заттардын төгүү-куюу пункттарынын жана эстакадалардын системаларында белгиленген гигиеналык ченемдердин сакталышын камсыздаган автоматташтыруу каражаттары жана продукттардын курамын автоматтык контролдоо методдору каралуусу керек;
3) таасири күчтүү уулуу заттарды камтыган чийки заттарды, орто аралык жана акыркы продукттарды жүктөө жана жүктү түшүрүү механизацияланууга тийиш, агымын сактоо менен уюштурулушу жана газдардын, буулардын, аэрозолдордун бөлүнүп чыгуу мүмкүндүгү болбогон жерлерде жүргүзүлүшү керек; бүт система жылчыкталуусу жана чыгарылып жаткан абаны зыяндуу кошулмалардан тазалаган соргуч вентиляция менен жабдылуусу керек.
86. Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды сактоо жана пайдалануу боюнча кошумча талаптар:
1) аралашмаларды сактоону, даярдоону, таасири күчтүү уулуу заттарды жана флотореагенттерди ташууну жана пайдаланууну ишкананын жетекчиси иштеп чыккан жана бекиткен сарптоонун салыштырма ченемдерине ылайык жүргүзүүсү зарыл;
2) таасири күчтүү уулуу заттар (реагент, флотация, сорбция, десорбция, регенерация, электролиз, коюлтуу, кургатуу, өндүрүш калдыктарын зыянсыздандыруу) колдонулган жайларда жумуш зонасындагы абада зыяндуу заттардын белгиленген чектүү концентрациясынан ашып кеткен концентрациядагы таасири күчтүү уулуу заттардын жумуш зонасындагы абада бар экенин билдирүүчү газоанализатор орнотулушу керек;
3) жумуш зонасына таасири күчтүү уулуу заттардын бөлүнүп чыгуусун болтурбоо мүмкүн болбогондо, ошондой эле авариялык кырдаалдар учуруна таасири күчтүү уулуу заттардын бууларынын, газдарынын жана аэрозолдорунун абага бөлүнүп чыгуусун жана тарашын четтөөчү чаралар жана каражаттар каралуусу тийиш;
4) аралаштыруучу челектер жана тундургучтар, ошондой эле аларга байланышкан коммуникациялар алардын ичиндеги реагенттерди реагенттерди даярдоо бөлүмдөрүндөгү авариялык сыйымдуулукка толугу менен чыгарууга мүмкүн болгондой орнотулууга тийиш;
5) реагенттерди даярдоо бөлүмдөрүндө аралаштыруучу челектердин толуу деңгээлин автоматтык контролдоо, үн жана жарык белгилерин билдиргич каралышы керек;
6) таасири күчтүү уулуу заттарды сактоочу, жүктөөчү жана жүктү түшүрүүчү жерлерде төгүлгөн же чачылган реагенттерди зыянсыздандыруу үчүн каражаттардын болуусу зарыл;
7) таасири күчтүү уулуу заттардын аралашмаларын даярдоо бөлүмдөрүндө теринин үстүнөн химикаттарды тез кетирүү үчүн авариялык душ же суусу менен ванналар, ошондой эле көздү жууганга суу бүрккүчтөр орнотулушу керек.
87. Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды жок кылуу боюнча кошумча талаптар:
1) таасири күчтүү уулуу заттарды даярдоо бөлүмдөрүндөгү реагенттердин жана агындылардын пайдаланууга жараксыз, булганган калдыктарын химиялык тазалоо же зыянсыздандыруу технологиялык циклдын башка жайларынан өзүнчө жайда жүргүзүлүшү тийиш. Башка адамдардын бул жайларда болуусуна тыюу салынат;
2) таасири күчтүү уулуу заттарды утилдештирүүгө алар идентификацияланган, таңгакталган, маркировкаланган жана утилдештирүүнү жүргүзгөн уюм ченемдик-методикалык документтер менен камсыз болгон, аларды коопсуз утилдештирүү боюнча уюштуруу-техникалык мүмкүнчүлүктөргө жана материалдык-техникалык жабдууларга ээ болгон шартта жол берилет;
3) процесстердин таасири күчтүү уулуу заттарды камтыган бардык кошумча продукттары артыкчылыктуу түрдө пайда болуу баскычында максималдуу утилдештирилиши керек. Процесстерде колдонулбаган таасири күчтүү уулуу заттарды алардын адамдардын ден соолугуна кооптуулугун жана айлана-чөйрөнү булгоосун эске алуу менен утилдештирүү жана зыянсыздандыруу зарыл;
4) таасири күчтүү уулуу заттарды зыянсыздандыруу боюнча бардык операциялар жеке коргонуу каражаттарын (противогаздар, респираторлор, кол каптар ж.б.у.с.) колдонуу менен жүргүзүлүшү керек;
5) таасири күчтүү уулуу заттардын зыянсыздандыруу каражаттары жана ыкмалары алардын түрлөрү боюнча лицензиатка таасири күчтүү уулуу заттарды сатып алуучу берген коопсуздук паспортунда көрсөтүлүшү керек.
16-глава. Лицензияны колдонууну токтотуп туруу
88. Лицензиялык талаптарды үч жолу бузгандыгы үчүн лицензиар мурда 3 (үч) айга чейинки мөөнөткө эскертүү жана айып алган субъекттин лицензиясын колдонууну токтотуп турууга укуктуу.
89. Лицензиат лицензияны колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууну жойгондугу тууралуу лицензиарга жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.
90. Лицензияны колдонуу мөөнөтү аны колдонуу токтотулуп турган мезгилге узартылбайт.
91. Эгерде лицензиат лицензияны колдонууну токтотуп турууга алып келген лицензиялык талаптарды бузууларды белгиленген мөөнөттө жойбосо, лицензия ушул Жобонун 19-главасында каралган тартипте жокко чыгарылат.
92. Лицензиат лицензияны колдонууну токтотуп туруу жөнүндө чечимге административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган тартипте даттанууга укуктуу.
17-глава. Лицензияны колдонууну кайра жаңылоо
93. Лицензияны колдонуу лицензиат тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар жоюлган шартта лицензияны колдонуу токтотулган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып же болбосо лицензиат тарабынан лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда, лицензияны колдонууну токтотуп туруу белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин лицензиар тарабынан кайра жаңыланат.
94. Табылган лицензиялык талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда жоюлган учурда лицензиат бул жөнүндө лицензиарга жазуу жүзүндө кабарлайт жана лицензиялык текшерүүнү демилгелейт.
95. Лицензиар табылган бузуулардын жоюлушуна лицензиялык текшерүүнү лицензиаттан бузууларды мөөнөтүнөн мурда жоюу жөнүндө кабарлоону алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөттө же болбосо 5 (беш) жумуш күндөн кечиктирбестен жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча лицензиатка лицензияны колдонууну кайра жаңылоо, же болбосо тийиштүү негиздеме менен аны кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө чечимин жазуу жүзүндө жиберет жана тийиштүү маалыматтарды реестрге киргизет.
96. Лицензияны колдонуу бул тууралуу маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып кайра жаңыланган болуп эсептелет.
97. Лицензиат лицензияны колдонууну кайра жаңылоодон баш тартуу жөнүндө лицензиардын чечимине административдик иш жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
18-глава. Лицензияны колдонууну токтотуу
98. Лицензияны колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтолот:
1) юридикалык жак жоюлганда;
2) жеке жак жеке ишкер катары ишин токтоткондо;
3) лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
4) аларды жүзөгө ашырууга лицензия берилген иш-аракеттерди, операцияларды толук көлөмдө жүргүзгөндө;
5) лицензиат (лицензиаттын укук улантуучусу) иштин лицензиялануучу түрүн жүргүзүүнү өз ыктыяры менен токтотуу тууралуу арыз бергенде;
6) иштин айрым түрү иштин лицензиялануучу түрлөрүнүн тизмегинен алып салынганда;
7) лицензияны жокко чыгаруу тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
8) жеке жак каза болгондо.
99. Лицензияны колдонуу токтотулганда лицензиар лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. Маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып лицензия колдонулушун токтотту деп эсептелет. Лицензиатта болгон кагаз жүзүндөгү лицензия реестрге лицензияны колдонууну токтотуу жөнүндө маалымат киргизилген датадан тартып жараксыз деп эсептелет.
19-глава. Лицензияны жокко чыгаруу
100. Лицензиар лицензияны колдонууну токтотуп турган себептер жоюлбаган учурда лицензия текшерүүлөрдүн жыйынтыгынын негизинде комиссиянын чечими менен жокко чыгарылат.
101. Лицензияны жокко чыгаруу тууралуу комиссиянын чечими жарандык процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндөЗакон · 19.10.2013 · № 195
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 123 "Кен казуу тармагынын объекттеринде таасири күчтүү уулуу заттарды алуу, түзүү, сактоо, пайдалануу…Постановление · 11.03.2022 · № 123
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.12.2023 · № 678