Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 „Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2026-жылдын 1-апрели № 215 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана өнүктүрүү программасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 11-пунктун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибинде:
- 4-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө.";
- 12-пункт "республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен" деген сөздөрдөн кийин "жергиликтүү бюджеттерге" деген сөздөр менен толукталсын;
- 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген суроо-талаптарды республикалык бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша карайт. Жергиликтүү бюджеттердин тең салмактуулугун камсыздоого максаттуу трансферттерди бөлүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими саналат.";
- 6-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын өнүктүрүү үчүн максаттуу трансферттерди берүү";
- 23-пунктта "Райондук маанидеги шаарларды региондорду өнүктүрүүнүн өсүү башаты катары" деген сөздөр "Шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун жана бийик тоолуу, барууга кыйын, чек ара аймактарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 24-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24. Максаттуу трансферт Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен бекитилген шаарларды, өсүүнүн таяныч борборлорун, бийик тоолуу, барууга кыйын жана чек ара аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруунун алкагында берилет.";
- 25-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 201 "Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартибин бекитүү…Постановление · 08.04.2022 · № 201
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-февралындагы № 81 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорунда өсүүнүн таяныч борборлорун түзүү жана…Постановление · 20.02.2025 · № 81
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 134 "2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык…Постановление · 18.03.2025 · № 134
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.