Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 28 января 2022 года № 25 "Об установлении базисных норм содержания жира и белка в сыром коровьем молоке"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-28.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 25 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2011-жылдын 26-октябры №675 Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө Уйдун сүтүнүн сапатын уйдун сүтүндөгү майдын жана белоктун массалык үлүшүнүн республиканын чарбаларында жетишилген орточо деңгээлин эске алуу менен туура баалоо максатында, ошондой эле республикада сүт өндүрүүнү андан ары көбөйтүүгө түрткү берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уйдун сүтүндө майдын болушунун убактылуу базистик бирдей нормасы - 3,4 процент жана белоктуку - 3,1 процент болуп белгиленсин.
2. Кыргызстандын мал чарба жана жайыт боюнча илимий изилдөө институту республиканын региондорунда өндүрүлчү уйдун сүтүндөгү майдын жана белоктун канча экенин изилдөө боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине сунуштарды берсин.
3. Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1991-жылдын 11-январындагы № 7 "Сүттөгү майдын жана белоктун базалык нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2011-жылдын 1-ноябрында № 92 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 25 "Уйдун чийки сүтүндө майдын жана белоктун болушунун базистик ченемдерин белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2022 · № 25
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9