КР Министрлер Кабинетинин «Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 4 ноября 2022 года № 616 "О мерах по погашению кредиторской задолженности государственных органов и финансирования объектов строительства путем выпуска казначейских обязательств"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-11-04.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы N 616 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 10-декабры № 304 Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү жөнүндө Товарларды жеткирүүчүлөр, жумуштарды аткаруучулар жана кызматтарды көрсөтүүчүлөр алдындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кредиттик карыздарын төлөөнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик китеби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
2. Мамлекеттик органдардын жетекчилери кредиттик карыздары жөнүндө маалыматтарды берүүдө маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тарта тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 28-декабрындагы № 156 (3335) жарыяланды
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 34-т (Мамлекеттик органдардын чыгымдарын секвестрлөөдө келип чыккан мамлекеттик органдардын карыздарын жөнгө салуу жонундо)…Распоряжение · 28.01.2022 · № 34-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө…Постановление · 04.11.2022 · № 616 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик китеби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон
- Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө…Постановление · 04.11.2022 · № 616 · Күчүн жоготкон