КР Министрлер Кабинетинин (Мамлекеттик органдардын чыгымдарын секвестрлөөдө келип чыккан мамлекеттик органдардын карыздарын жөнгө салуу жонундо) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2022-жылдын 28-январы № 34-т Мамлекеттик органдардын чыгымдарын секвестрлөөдө келип чыккан мамлекеттик органдардын карыздарын жөнгө салуу максатында, коронавирус инфекциясынын пандемиясынын мезгилинде бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүлөрдүн жетишсиздигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 60-беренесине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
1) үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 токтому менен бекитилген Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө тартиби жөнүндө жобого ылайык 2022-жылдын 1-январына карата кредиторлордун, анын ичинде "Капиталдык салымдар" чыгымдоо беренеси боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылануучу кредиторлордун (товарларды берүүчүлөрдүн, жумуштарды аткаруучулардын, кызматтарды көрсөтүүчүлөрдүн) бекитилген реестрин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берсин;
2) министрлик менен кредиторлордун ортосунда карызды өткөрүп берүү жөнүндө кол коюлган макулдашуунун (мындан ары - макулдашуу) негизинде бухгалтердик жазуу аркылуу макулдашууда көрсөтүлгөн суммага кредитордук карызды азайтсын.
2. Бул тескеменин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине жүктөлөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) берилген кредиторлордун реестринин жана тастыктоочу документтердин негизинде макулдашууда көрсөтүлгөн суммага казыналык милдеттенмелер боюнча карызды көбөйтсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан берилген кредиторлордун реестрине ылайык казыналык милдеттенмелерди чыгарсын;
3) казыналык милдеттенмелерде белгиленген мөөнөттөргө ылайык казыналык милдеттенмелерди тындырсын;
4) Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылдарга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо ушул тескемеден келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. "РСК Банк" ачык акционердик коомуна жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кредиторлорунан, сатып алуу учуруна карата казыналык милдеттенмелерди тындыруу үчүн каралган мөөнөтү менен бирдей болгон мөөнөттүү депозиттер боюнча белгиленген пайыздык ставканын өлчөмүнөн 50 пайыз дисконту менен, алардын атына эмитенттелген казыналык милдеттенмелерди сатып алуу сунушталсын.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү…Постановление · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон