Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 26 января 2024 года № 29 "Об утверждении механизмов финансирования объектов строительства, капитального ремонта, реконструкции и погашения кредиторской задолженности государственных органов путем выпуска государственных ценных бумаг"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-01-26.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 4-ноябры № 616 Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо боюнча чаралар жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн алдындагы кредитордук карыздарын төлөөнү, ошондой эле курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат: (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоо тартиби жөнүндө жобо 3-тиркемеге ылайык.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик органдардын жетекчилери кредитордук карыздар, ошондой эле курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттери жөнүндө маалыматтарды берүүдө маалыматтардын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 537 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 99 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 "Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо…Постановление · 26.01.2024 · № 29
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү…Постановление · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөө жана курулуш объекттерин каржылоо…Положение · 04.11.2022 · № 616 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруу жана төлөө тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын…Положение · 04.11.2022 · № 616 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин чыгаруунун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын казыналык милдеттенмелерин каттоонун жана эсепке алуунун мамлекеттик китеби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын…Положение · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон
- Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредитордук карыздарын төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык милдеттенмелерин каттоо жана эсепке алуу мамлекеттик китеби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Положение · 04.11.2022 · № 616 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябры № 537 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык…Постановление · 10.10.2023 · № 537 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 237 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 616 "Казыналык…Постановление · 02.05.2023 · № 237 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-январындагы № 29 "Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо, реконструкциялоо…Постановление · 26.01.2024 · № 29
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 304 "Казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик органдардын кредиттик карыздарын төлөө механизмин бекитүү…Постановление · 10.12.2021 · № 304 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.