Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Бишкек штамптоочу заводу» мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилди)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2024 года № 136 "Об утверждении Устава государственного предприятия "Бишкекский штамповочный завод"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-03-25.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 136 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
16-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтомуна)
"Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) мамлекеттик мүлккө чарба жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын уюштуруучусу болуп саналат. Устав Ишкананын уюштуруу документи болуп саналат.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги (мындан ары - Министрлик) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп саналат.
4. Ишкана өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин чечимдерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
5. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Бишкекский штамповочный завод".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БШЗ" МИ";
- расмий тилде: ГП "БШЗ".
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-октябрындагы № 589 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана белгиленген тартипте алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди, финансы-кредиттик мекемелердеги эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
10. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдик (гарантия) алган учурлардан тышкары, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
11. Ишкананын өкүлчүлүгү жана филиалдары ал бекиткен жоболордун негизинде иштейт. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын ишине толук жоопкерчилик тартат. Ишкананын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик каттоого алынууга тийиш.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720017, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ч.Айтматов проспекти, 1.
13. Ишкананын иши ок атуучу куралдарды керектөөчүлөргө ок-дарыларды, аскердик багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, анын ичинде мамлекеттик коргоонун тапшырыгына ылайык башка чөйрөдөгү иштерди аткаруу болуп саналат.
2. Ишкананын максаты, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаты төмөнкүлөр болуп саналат:
- мамлекеттин, юридикалык жана жеке жактардын улуттук коопсуздукту, коргоону, укук тартибин, айлана-чөйрөнү коргоону, эл чарбасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу менен байланышкан стратегиялык маанидеги товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу;
- Ишкана тарабынан товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча түздөн-түз мамлекеттик тапшырыкты аткаруу;
- мамлекеттик программаларды жана жалпы республикалык маанидеги социалдык багытталган долбоорлорду ишке ашыруу;
- пайда алуу.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ушул Уставда белгиленген максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
- өндүрүлгөн продукцияны сатууну камсыз кылуучу тиешелүү инфратүзүмдү түзүү, капиталды, финансылык ресурстарды жана тартылган каражаттарды натыйжалуу башкаруу аркылуу максималдуу кирешелүүлүккө жетүү.
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- аскердик багыттагы продукцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу;
- куралдарды жана ок-дарыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жана сатуу рыногунда суроо-талаптарга ээ болгон продукциялардын башка түрлөрүн өндүрүү, оңдоо, сатуу;
- продукцияны өндүрүү, жаңы түрлөрүн өздөштүрүү, продукцияны стандартташтыруу жана сертификаттоо, өндүрүштүн экологиясы жана жарандык коргоо жаатындагы Ишкананын ишинин стратегиясын жана тактикасын түзүү;
- куралды жана аскердик техниканы, ошондой эле тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген аскердик багыттагы башка продукцияларды импорттоо, экспорттоо;
- маркетинг ишин жүргүзүү, рыноктун конъюнктурасын изилдөө, илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү, продукциялардын жаңы түрлөрүн өздөштүрүү жана аларды рынокко алып чыгуу;
- соода-коммерциялык ишти уюштуруу;
- жарнама ишин жүзөгө ашыруу, көргөзмөлөргө, жарманкелерге катышуу.
Уруксат талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Ишкана өзүнүн ишин лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиялардын (уруксаттардын) негизинде жүзөгө ашырат.
3. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык керектүү товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
- рыноктук конъюнктурага жараша коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын өз алдынча аныктоого, ошол эле учурда монополияга каршы ыйгарым укуктуу орган белгилеген нарктан төмөн эмес;
- кеңешүүчү, жумушчу, аналитикалык жана изилдөө топторун түзүүгө;
- ээсинин макулдугу менен өзүнүн функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардан гранттарды жана каражаттарды тартууга;
- обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди алууга жана милдеттенмелерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
- юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын эмгек жана жарандык мыйзамдарына ылайык эмгек келишимдеринин, мөөнөттүү эмгек келишимдеринин жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде жеке адамдарды Ишканада жумуш аткаруу үчүн белгиленген тартипте тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышуу үчүн жиберүүгө;
- Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырууга;
- зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
- юридикалык жана жеке жактарга Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарына ылайык чарбалык башкаруу укугунда өзүнө таандык болгон жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды келишимдик негизде өткөрүп берүүгө, ижарага берүүгө;
- Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыздоо үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган өз максаттарына жетүү, милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкана алар үчүн жумуштарды аткарып жана кызматтарды көрсөтүп жаткан мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттерди так аткарууга;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери тарабынан аткарылган жумуштарды Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
- Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жарамсыздыгына келтирилген зыян үчүн Кыргыз Республикасынын эмгек, жарандык, жазык мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
- Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- ыйгарым укуктуу органдарга Ишкананын отчетторун өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдөрдө салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
- чарбалык башкарууга берилген мамлекеттик мүлктү сактоону камсыздоого;
- коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгилеген товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын жетекчиликке алууга;
- өндүрүш ишин жүзөгө ашырууда экологиялык коопсуздукту камсыздоого, техникалык коопсуздук эрежелерин жана жаратылышты колдонуунун аныкталган режимин сактоого;
- "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык объектти иштетүүнүн тартибин камсыздоого, ошондой эле стратегиялык объекттерди иштетүүнүн жана эксплуатациялоонун режимине коюлуучу талаптарды камсыздоого.
Ишкана өзүнө таандык болгон кыймылсыз мүлктү менчик ээсинин макулдугусуз сатууга укугу жок.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголгон башка сырды, анын ичинде Ишканада иштөөнү токтоткондон кийин мамлекеттик сыр жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү болгон, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган маалыматтарды сыр катары сактоого милдеттүү.
4. Ишкананын башкаруу мамлекеттик органдары
20. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын уставын иштеп чыгуу, уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же уставды жаңы редакцияда бекитүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;
- Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюмдаштыруучуга киргизүү;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын бекитүү;
- Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууга талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
- Ишкананын директорунун кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү;
- коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын фонддорунун, ассоциацияларынын (бирликтеринин) ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын уставына ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ишканага тейлөөчү иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
- Ишканадан анын финансы-чарбалык иши жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишине жана Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына келүүгө;
- аткаруучу органдын отчетторун угууга;
- Ишкананын директорун ээлеген кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын көрүү жөнүндө сунуштарды мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлөөчү иш чөйрөлөрүндө тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын уставына ылайык башка укуктарга да ээ.
22. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Ишкананын башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыз кылууга;
- Ишкананын иши менен байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана алдыга жылдырууну камсыз кылууга;
- Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузууларын ага белгилүү болгон фактылары тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыры болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлөөчү иш чөйрөлөрүндө тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын уставында каралган башка милдеттенмелерге да ээ.
5. Ишкананын аткаруу органы
23. Ишкананын ишин директор жетектейт, ал кызмат ордуна Ишкананын жетекчисинин кызмат ордунун квалификациялык талаптарына ылайык келген, мамлекеттик башкаруу органы сунуштаган талапкерлердин ичинен мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалат.
24. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мамлекеттик башкаруу органынын макулдугу менен, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна дайындалган директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
26. Ишкананын директору төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- Ишкананын ишине жана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырылбаган баа алса;
- Ишкананын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн аткарбаса;
- эмгек келишими боюнча милдеттенмелерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;
- Ишкананын финансы-чарбалык ишинин көрсөткүчтөрүн начарлатууга алып келген квалификациялык эмес иш-аракеттери;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
27. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
- Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын (бизнес-планды) ишке ашыруу;
- Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана өткөн жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизүү;
- Ишкананын таза кирешесинин республикалык бюджетке которула турган бөлүгүнүн өлчөмүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бекитүүгө киргизүү;
- Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы жөнүндө кварталдык, жылдык отчетторду даярдоо жана тапшыруу;
- Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын тармактык саясат маселелери боюнча чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитүү;
- эмгек акы төлөө фондун кошуп алганда кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын бекитүү;
- кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
- Ишкананын уюштуруу-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
- бухгалтердик жана статистикалык эсептерди жүргүзүүнү уюштуруу;
- Ишкананын уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
28. Ишкананын директору төмөнкүлөргө укуктуу:
- мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
- Ишкананын максаттарына жана милдеттерине, Ишкананын уставына жана стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын жарандык, жер, турак жай мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
- Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында зарыл болгон маалыматты мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте сурап алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды ишке ашырууга.
29. Ишкананын директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн керектүү материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органынын кароосуна чечимдерди кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин кайсы болбосун чөйрөсү менен байланышкан зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыздоого;
- Ишкананын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузууларын ага белгилүү болгон фактылары тууралуу укук коргоо органдарына маалымдоого;
- Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыры болуп саналган иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жакка ачыкка чыгарбоого;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын директорунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын тейлөөчү иш чөйрөлөрүндө тармактык саясатты башкаруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын уставында каралган башка милдеттенмелери да бар.
30. Ишкананын директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
31. Ишкананын директору:
- Ишкананын атынан ишеним каты жок аракеттенет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыктарын коргойт;
- Ишкананын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
- Ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
- компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт;
- Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Ишкананын уставында каралган ыйгарым укуктардын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт;
- финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалына, Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин максаттуу пайдаланууга, өндүрүштөгү техникалык коопсуздуктун сакталышына жеке жоопкерчилик тартат;
- аскер багытындагы продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ишкананын ушул Уставына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
32. Ишкананын директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
33. Ишканада директордун үч орун басарынын кызмат орду каралган. Ишкананын директорунун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан Ишкананын директорунун сунушу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
34. Ишкананын директорунун орун басары мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
35. Ишкананын директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бош кызмат ордун ээлөө учуруна чейин анын милдеттерин аткаруу директордун орун басарларынын бирине тиешелүү буйруктун негизинде жүктөлөт.
36. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат жана укуктардан пайдаланат.
Ишкананын директору жок учурда анын милдеттерин тиешелүү буйруктун негизинде директордун орун басарларынын бири аткарат.
37. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ички аудитти жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктарга ээ.
38. Ишкананын түзүмү жана штаттык ырааттамасы мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директору тарабынан бекитилет. Ишкананын Директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы төлөө тартибин аныктайт.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндөгү жарандар менен мамилеси келишимдердин негизинде түзүлөт.
6. Ишкананын жетектөөчү курамы
40. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар төмөнкүлөр болуп саналат:
- директор,
- директордун орун басарлары;
- башкы бухгалтер.
41. Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар өз укуктарын жүзөгө ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн аракеттенүүгө тийиш.
Жетектөөчү курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сакташы керек.
42. Төмөнкүлөр Ишкананын жетектөөчү курамына кире албайт:
- чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандыгы бар адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
- жеке менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
- канааттандырылбаган иши үчүн уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан мурда бошотулган адамдар;
- менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеген жана аны банкроттукка алып келген адамдар;
- мамлекеттик административдик, саясий, атайын кызмат орундарын, саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар.
Ишкананын жетектөөчү курамына кирген адамдар кызматта болгон мезгили менен бир эле учурда өз алдынча же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкаруу ишине катышууга укугу жок.
7. Эсепке алуу, пландоо, отчеттуулук
43. Ишкана өзүнүн ишин мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилген үч жылдык мезгилге карата стратегиялык өнүктүрүү планына ылайык жылдык иш планынын негизинде жүргүзөт.
44. Ишкананын иш пландарынын негизин Ишкананын жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон мамилесин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
45. Ишкана келишимдин предметин тандоону, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин кандай болбосун башка шарттарын аныктоону эркин жүзөгө ашырат.
46. Ишкана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
47. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджетти аткаруунун жүрүшү жөнүндө жана финансы-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкүлөргө тапшырат:
- ички аудиторго (ички аудит кызматына), эгерде ушундай кызмат болсо;
- Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
- мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.
48. Ишкана стратегиялык өнүктүрүү планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык ишти жүргүзөт.
Стратегиялык өнүктүрүү планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
49. Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- Ишкананын иш максаттарын жана негизги багыттарын;
- тармактын жана рыноктун баяндалышын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөлөрүн;
- Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) рыногуна мамлекеттин катышуу зарылдыгын негиздөөнү;
- Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
- товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
- уюштуруучу планын;
- финансылык планды;
- тобокелдерди талдоону.
50. Жыл сайын, 1-мартка чейинки мөөнөттө Ишкананын директору мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган Ишкананын келерки жылга бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө, анын ичинде Ишкананын өткөн жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетторду киргизет.
51. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматты жыйноонун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүүнү уюштуруу үчүн зарыл болгон маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
52. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалымат бергендиги же аны бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
53. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканаларынын ишин текшерүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
8. Ишкананын мүлкү жана финансы
54. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана өзүнө бекитилген мүлккө менчик ээсинин укугу берилген эмес. Мүлктү пайдаланууга негиз болуп мамлекеттин менчиги болгон жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына берилген кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана башка мүлктү чарбалык башкаруу укугу саналат.
55. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
56. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
- Ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилген мүлк;
- мүлк, анын ичинде бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү колдонуунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер жана продукция;
- чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
- гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ар кандай булактар.
57. Ишкананын өзүнүн финансы-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте иштин уставдык максаттарына жана предметине ылайык мүлккө болгон укукту ишке ашырат.
58. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
59. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген мөөнөттө жана тартипте инвентаризациялоонун жыйынтыгын берүүгө милдеттүү.
60. Ишкана финансы-чарбалык ишинин жылдык жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген таза пайданын бөлүгүнүн өлчөмүн, бирок 50 пайыздан кем эмесин анын алыш-бериш эсебине которот, андан ары отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө республикалык бюджетке жиберет.
9. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
61. Ишкананы кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык кошуу, бириктирүү, ажыратуу, бөлүү же кайра түзүү түрүндө ишке ашырылат.
Ишкананы уюштуруу жөнүндө чечим мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
62. Ишкана мамлекеттик мекемеге же чарбалык коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн.
63. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коомго же жоопкерчилиги чектелген коомго өзгөртүп түзүлүшү мүмкүн, анын жүз пайыз акциялары (үлүшү) мамлекеттик менчикте болот (акционерлөө).
Ишкананы өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн ачык акционердик коом же чарбалык коом анын бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын ичинде эмгек мамилелери жаатында укук улантуучусу болуп саналат.
64. Ишкана төмөнкүдөй жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
65. Ишкананы жоюу үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен жоюлуп жаткан Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарылдыгына жараша башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген жоюу комиссиясы түзүлөт. Жоюу комиссиясын жоюлуп жаткан Ишкананын жетекчиси башкарат.
Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын ишин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укукка ээ болот. Эгерде жоюлуп жаткан Ишкананын чарба жүргүзүү укугуна негизделген мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, анда ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
66. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 136 "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2024 · № 136
- Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндөЗакон · 23.05.2008 · № 94
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.