Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бишкек штамптоочу завод» мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2024-жылдын 25-марты № 136 "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ишкананын ишин жалпы жетектөөнү жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункттагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан каржылануучу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасын кошпогондо," деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин башкаруу схемасындагы "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасы" деген позиция алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун 16-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Ишкананы юстиция органдарынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- Ишкананын ишин материалдык-техникалык, финансылык жана ушул токтомдон келип чыккан башка жагынан камсыздоо маселелерин чечсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 29-мартындагы № 24 (3577) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У . Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 250
- "Бишкек штамптоочу завод" мамлекеттик ишканасынын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 136 токтому менен бекитилди) уставыУстав · 25.03.2024 · № 136
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Устав · 10.12.2021 · № 300 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы, № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана…Постановление · 10.12.2021 · № 300
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.11.2021 · № 250
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122